Чөнтөктө жарылат. Эксперт смартфонду ысыктан коргоо боюнча кеңешин айтты

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСмартфон кармаган киши. Архивдик сүрөт
Смартфон кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.05.2022
Жазылуу
Эксперттин айтымында, телефонду күндүн нурунан оолак кармап, тиркемелердин иштешин жөнгө салуу шарт.
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Литий-ион жана литий-полимер батареясы тагылган смартфондор ысыктан улам чөнтөктө турган жеринен күйүп кетиши мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новостиге SafeNet Улуттук технологиялар демилгелеринин регионалдык инжениринг борборунун директору Денис Кувиков билдирди.

"Кээ бир аккумуляторлор ысыкка чыдабай, жадагалса чөнтөктө турган жеринен күйүп же жарылып кетиши мүмкүн. Уюлдук телефондордун литий-ион жана литий-полимер менен кубатталган аккумуляторлор ысыкка чыдамсыз болот. Учурда батареянын мындай түрлөрү эң көп колдонулат", — деди эксперт.

Мындан сырткары, ал экрандын жарык берүү деңгээлине өзгөчө көңүл буруп, телефондон Bluetooth жана GPS модулун өчүрүп, тиркемелерди автоматтык түрдө жаңылануусун токтотууну сунуштады.
Аны менен катар Wi-Fi модулун өчүрүп жүрүү керектигин айтты. Болбосо ал тынымсыз байланышка кошулуу үчүн линиясын издей берип, телефондун ысып кетишине түрткү болот.
"Смартфонду ысыктан коргоо үчүн күндүн нуру түздөн-түз тие турган жерге койбой, абанын айланышына тоскоолдук жараткан калың кап такпаш керек. Бир убакта тегиз иштеген тиркемелерди азайтуу шарт, ал дагы телефонду ысытып жиберет", — деди Куликов.
Ошондой эле эксперт оригинал кубаттагычтарды колдонуу зарыл экенин айтты. Ал эми телефон ысып кеткен учурда дароо өтө муздак жерге койсо бузулуп каларын эскертти. Мындай учурда кабын чечип, интернет, тиркемелерди өчүрүп, салкын жерге коюуга кеңеш берди.
Телефон карап жаткан кыз. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Түндө чөнтөк телефонду өчүрүп коюш керек. Себеби
Жаңылыктар түрмөгү
0