31-августка карата аба ырайы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектеги Ала-Тоо аянтындагы эл. Архив
Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы эл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Жазылуу
31-августка караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 30-авг. — Sputnik. Шаршембиде Нарын жана Таласта, өлкөнүн дыйканчылык аймактарында күн ачык болот. Тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Талас аймагында +25...+30, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көл чөлкөмүндө жана Нарын жергесинде +20...+25 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +30...+32, Ошто +32...+34 жана Чолпон-Ата шаарында +23...+25 градуска жетет.
Тоңдурулган мөмөлөр. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.08.2022
Кышкыга тоңдурулган мөмө кандай учурда зыянын тийгизет? Диетологдун жообу
Жаңылыктар түрмөгү
0