Кыргызстанда финансы секторунун тапкан пайдасы 1,8 эсе көбөйдү

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Архив
Сом жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.08.2022
Жазылуу
Бул жылы банктар чет элдик валюталар операциясынан жакшы пайда көргөн.
БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдөгү финансылык секторлордун кирешеси 46,1 миллиард сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Кирешелер өткөн жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 1,5 эсеге көбөйгөн (банктардын кирешелеринин өсүшү менен). Ушул эле мезгилде финансы секторундагы уюмдардын чыгымы 27,7 миллиард сомду түзүп, 37 пайызга өскөн.
Алты айдын аралыгында ишканалардын 66 пайызы пайда көрсө, 13,5 пайызы чыгым тарткан. Жалпысынан финансылык уюмдар 18,4 миллиард сом пайда тапкан, бул былтыркыга караганда 1,8 пайызга көп. Кирешелердин өсүшү коммерциялык банктар (6,5 миллиард сом) менен Улуттук банкта (1,7 миллиард сом) байкалган. Буга чет элдик валюталар операциясынан жакшы пайда көргөнү негиз болгон.
Жалпы берилген кредиттердин 86 пайызы банктар, калган 14 пайызы банктык эмес финансылык-кредиттик уюмдар тарабынан берилген. Кредиттердин негизги багыттары соода чөйрөсү (жалпы көлөмүнүн 25,6 пайызы), айыл чарба (20), керектөө муктаждыктары (17), ипотека (10) жана курулуш (7) болуп саналат.
Өлкөнүн финансы секторунда 594 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 556 банктык эмес финансылык-кредиттик уюм жана 14 камсыздандыруу компаниясы бар.
Документке кол коюп жаткан адам. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.08.2022
Кыргызстанда быйыл кредит алган адамдардын саны азайды
Жаңылыктар түрмөгү
0