Балдарга жасалган зомбулук тууралуу арыздар көп түшө баштады. Акыйкатчынын маеги

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАкыйкатчысы Атыр Абдрахматова
Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Жазылуу
2002-жылдын 31-июлунда КРдин президенти тарабынан Акыйкатчы институтун түптөө тууралуу мыйзамга кол коюлган. Ошол күндөн тарта КРдин Акыйкатчы институту өлкөдө өз ишмердигин аткарып келет. Быйыл ага 20 жыл толду.
Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган институттун ишмердиги жана өлкөдө адам укуктарынын сакталышы тууралуу маек курду.
— Акыркы учурда Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүнө сын айткандар көбөйдү. Сиз иштеп баштагандан берки жасалган иштерге кыскача токтолуп өтсөңүз?
— Бул кызматты аркалаганыма беш айдын жүзү болуп баратат. Быйыл Акыйкатчы институтуна 20 жыл толду. Буга чейин жалаң эле мырзалар омбудсмен болуп келишкен. Мен өлкөдө биринчи акыйкатчы аял болуп калдым. Ушул себептенби, айтор, үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук, балдарга карата жасалган ыплас иштер тууралуу арыздар көп түшө баштады. Буга чейин Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгү көбүнчө абактагылардын укуктары менен байланышкан. Чынында аталган институт түйүлдүк болгондон тарта өлгөнгө чейин, ал тургай андан кийин да адамдын укугунун корголушун көзөмөлдөйт. Мамлекеттик, муниципалдык органдар тарабынан адам укугу бузулганда акыйкатчы ортого түшөт. Бирок бизде укук бузулса эле омбудсменге кайрылышып, сот процессине да аралаштырганга аракет кылышат. Сот көз карандысыз бийлик бутагы болгондуктан анын ишине биз эмес, президент да аралаша албай турганын элге түшүндүрүп жатабыз. Жарандар эгер укугу бузулса, алгач мамлекеттик органдарга кайрылышы керек. Алар тийиштүү чара көрбөй, же тескерисинче, адамга каршы иш кылса, бизге келип арызданса болот. Мисалы, бизге "уюмду уурдатып жибердим, көмөк кылгыла" деген сыяктуу маселелер менен келгендер болот.
— Мындай маселелер алгач жеринен, жергиликтүү бийлик тарабынан чечилиши керек да. Аларга эмнеге баргылары келбейт?
— Жергиликтүү бийлик жарандардын көйгөйүн чечпей жатат. Президент аларга укуктарды берип, маселени жеринен чечкиле деди. Бирок иш жүзүндө андай болбой жаткандыктан эл борбор калаага чейин убара болуп келүүдө. Учурда Акыйкатчы институтунун аймактык өкүлдөрүнө талаптар күчөтүлдү. Өзүбүз да аймактарды кыдырып, жарандарды жеринен кабыл алып жатабыз. Бирок расмий бара турганыбызды РИИБге, убактылуу кармоочу жайларга, жабык интернат тибиндеги мекемелерге жана төрөтканаларга айтып койсок дароо баарын тазалап, иреттеп отуруп калышат экен. Азыр ушул жагын да ойлонуп жатабыз. Мындан тышкары, онлайн кабыл алуу системасын да ишке киргиздик. Бул элге да, бизге да ыңгайлуу. Муну менен катар Акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн баалаган тиркеме иштей баштайт. Кайсы бир кызматкерге нааразы экенин билдиргиси келгендер онлайн түрүндө эле арыз калтыра алат. Элден түшкөн кайсы бир маселелер каттоого алынбай, иш аягына чыкпай калганы боюнча нааразычылыктар болуп келген. Ошондуктан ички тартипти да карап, өзгөрттүк. Айрым учурда күнү-түнү иштөөгө туура келет. Кээде адам укугу бузулганы боюнча даттануулар түнкүсүн түшүп, шашылыш барыш керек болуп калат. Буга каршы чыгып "менин ишим саат 18:00гө чейин эле" деген кызматкерлер болуп жатты. Бирок аларды да түшүнүүгө болот. Анткени жол кире акысы каралган эмес. Кызматкерлердин маянасы абдан аз. Муну президент менен жолукканда да айттым.
© Sputnik / Асель СыдыковаАбдрахматова: мамлекеттик, муниципалдык органдар тарабынан адам укугу бузулганда акыйкатчы ортого түшөт
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Абдрахматова: мамлекеттик, муниципалдык органдар тарабынан адам укугу бузулганда акыйкатчы ортого түшөт
— Акыркы учурда саясат таануучу Марат Казакпаевдин өлүмү менен "Айыл банктын" төрагасынын мурунку орун басары Бакыт Асанбаевдин абактан өзүнө кол салуусу коомчулукта чуу жараткан маселе болду. Бул боюнча комиссия түзүлгөн. Иш акыйкат, ачык каралышы керектиги талап кылынууда. Ушул туурасында пикириңиз?
— Акыйкатчылардын үстүнөн да арыз келип түштү. УКМКга элде чоң суроо пайда болду. Камакта жаткан адамдын укуктарынын сакталышы мамлекеттин кепилдигинде жатат. Жогорудагы каргашалуу иш боюнча биздин институттун алдында мекемелер аралык атайын жумушчу топ түзүлүп, алар 1-октябрга чейин иш алып барышат. Ага жабык жайлар менен иштешкен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да кошулду. Алар кандай системдүү мыйзам бузуу болгондугун аныкташы керек. Көзөмөлгө УКМКнын убактылуу жайы алынат. Акыйкатчы тарабынан текшерүүгө үч талап коюлду. Биринчиси — камактагылардын шарты, ошол эле тыюу салынган заттардын камерада болушу. Экинчиден, дарыгерлердин ишмердүүлүгү. Абактагылар ден соолугунун начардыгына даттанган учурда аны камакта кармоо мүмкүн же мүмкүн эместиги тууралуу тыянак чыгарышы керек. Тилекке каршы, Азиз Батукаевдин ишинде көбүнчө дарыгерлер жоопкерчиликке тартылып калгандыктан азыр андай милдетти моюнга алуудан коркуп калышкан. Алар дарылашы мүмкүн, бирок адам камерада отура алабы же жокпу, ал жагын карабайт. Ушундан улам да адам укуктары бузулуп, өлүм катталып жатат. Үчүнчүдөн, бөгөт коюу чарасын анализдөө керек. Капчыктуулар менен таанышы барлар үй камагына чыгып кетип, акчасы жоктор камакка алынып калат. Шектүүнү дароо эле алып барып камап салууга болбойт. Мыйзам боюнча, эгер кылмышка шектүү качып кете турган болсо же тергөөгө кандайдыр бир терс таасири тиери аныкталса гана камалат. Калган учурда акчалай күрөө коюу же үй камагы өңдүү ыкмалар колдонулбай келет. Бөгөт коюу чарасында өспүрүмдөрдүн жана аялдардын укуктары көп бузулган.
Жогорудагы эки өлүм боюнча президенттин да комиссиясы түзүлгөн. Ага маркумдардын туугандары менен биз кирдик. Жакында анын жыйынтыгы тууралуу жетекчи катары Эдил Байсалов маалымат берет деп ишенем.
Аткаминер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.06.2022
Казакпаев менен Асанбаевдин өлүмү боюнча комиссия түзүлдү. Курамына кимдер кирди
— Жакын арада түзүлө турган Акыйкатчыга караштуу адам укуктары боюнча регионалдык институттун концепциясын айтып берсеңиз? Анда эмнелер өзгөртүлөт?
— Акыйкатчынын ишмердүүлүгү тууралуу да мыйзамдар кабыл алынышы керек. Жакында эле 13 жашар кыздын зордукталышы тууралуу сотко барсак, мыйзамды бузуп бизди киргизбей коюшту. Соттордун жана милициянын шылтоосу — Кылмыш-жаза юридикалык кодекси биздин мыйзамдан жогору турат экен. Азыр ошол конституциялык мыйзамды иштеп чыгып депутаттарга сунуштадык. Алар бекитип берет деген үмүттөбүз. Биздин кызматкерлер кайсы бир окуяны бир-эки ай изилдеп, мыйзам бузууну далилдеп туруп укук коргоо органдарына жөнөтсө, ал сунуш катары эле кетет. Мында алар кааласа кабыл алат же албайт. Жогорку Кеңеште прокуратура Акыйкатчы институту тарабынан жөнөтүлгөн сунуштардын 11%ын гана аткаргандыгын айтты. Калганы кайда калды? Жаңы мыйзам долбоорго биз жөнөткөн көңүл буруу актылары милдеттүү түрдө каралышын, эгер мамлекеттик органдар баш тартса, ал иш-аракетин далилдеп бериши керектигин киргиздик. Эл аралык деңгээлде акыйкатчылардын аккредитациясы бар. Анда ар бирибиздин макамыбызга баа берилет. Биз "В" статусуна ээбиз. Ал эми Россияныкы "А" статусунда турат. Биздин ишмердик Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан каралып эгер жактырылбаса, омбудсменди кызматтан кетирүү укугу бар. Бул эл аралык деңгээлде акыйкатчынын ишине болгон саясий басым болуп бааланат.
БУУнун сунуштамаларына ылайык, КР Акыйкатчысынын макамын Париж принциптерине толук ылайыктоо максатында конституциялык жаңы мыйзамдын кабыл алынышы күтүлүп жатат.
— Чет жерде мигранттардын укуктарын коргоо максатында өкүлчүлүк ачууну да пландап жатыпсыздар...
— Ооба, бул боюнча тийиштүү мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилүүдө. Анда чет өлкөлөрдө мигранттар менен иштешүү үчүн Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачуу каралат. Албетте, ал жарандардын санына жараша ачылат, демек, Россиядагы жарандарыбызга багытталган демилге. Жакында эле РФтин омбудсмени Татьяна Москалькова менен жолукканда бул демилге боюнча сүйлөштүк. Ал колдоого ала турганын билдирип, буга муктаждык бар экенин белгиледи. Албетте, чет өлкөдө Акыйкатчы институтунун өкүлчүлүгүн ачуу бюджетке, анан ошол өлкөнүн макулдук беришине байланыштуу болот. Каражатты мамлекет менен бирге табууга аракет кылабыз. Ал эми Россия биздин стратегиялык өнөктөш болгонуна байланыштуу макулдугун берет деген үмүттөбүз. Бул маселе боюнча тийиштүү маалыматтар Россия тарапка жөнөтүлгөн.
© Sputnik / Асель СыдыковаАбдрахматова: сот көз карандысыз бийлик бутагы болгондуктан анын ишине биз эмес, президент да аралаша албайт
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.07.2022
Абдрахматова: сот көз карандысыз бийлик бутагы болгондуктан анын ишине биз эмес, президент да аралаша албайт
— Кайсы мамлекеттик мекемелерге карата арыздар көп түшөт?
— Укук коргоо органдарына түшкөн арыздар арбын. Алардын жарандарга жасаган орой мамилесине да нааразы болушат. Мисалы, зомбулукка учураган өспүрүм же зордукталган аял менен башкача форматта сүйлөшүп, иш алып барышы керек. Ошол эле Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү барган адамдарга орой мамиле жасап койгон учурлары толтура. Мисалы, жөлөк пул боюнча кайрылган эненин маселесин чечип, себебин иликтөөгө аракет кылгандын ордуна "жок, сиз ала албайсыз" деп кетирип жиберүү оңой. Мамлекеттик кызматкер анын себебин карап, сылык-сыпаа түшүндүрүп бериши керек.
— Жакында эле карындашына кол салган адамды атып, өзү камакка алынган жарандын иши да чуу жаратты. Анын туугандары сизге кайрылганын жаздыңыз эле.
— Эми бул иш азыр соттук териштирүүдө. Окуя болгондон кийин сотуна катышып, жабыркаган келиндин ата-энесинен арыз алганбыз. Азыр бөгөт коюу чарасы менен, тилекке каршы, агасы эки айга камалды. Жигиттин жактоочулары менен байланыштабыз. Ал эми каза болгон адамдын жакындары арыз менен кайрылган жок.
— Акыйкатчы институту коомдо резонанс жараткан иштерге гана көңүл буруп, калган иштерди көз жаздымда калтырууда деген сындарга эмне дейсиз?
— Чуулгандуу иштерге комментарий берүүгө аргасыз болуп жатабыз. Анткени журналисттер ошол иштер тууралуу кайрыласыңар. Өзгөчө балдарга жана аялдарга карата жасалган ыплас иштер боюнча "ачыкка чыгарууга даярсыңарбы же даяр эмессиңерби" деп өздөрүнөн сурайм. Адам укуктарынын сакталышы үчүн резонанс жаратууга туура келет. Эгер биз айткан иш чечилбей жатса, жарыя кылууга мажбур болобуз. Мамлекеттик кызматкер костюм-шым кийип алып эле чыкыйып, "жардамчым аркылуу кайрылгыла" деп акылдуу сөздөрдү сүйлөгөн замандан өттүк. Кызматка барган адам жөнөкөй, элге жакын, кадимкидей эле жүрүшү керек. Анткени биз элдин эсебинен айлык алып жаткандыктан коомчулукка да ачык болгонубуз оң.
Баатыр эне ордени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Баласы кылмыш кылган энеге Баатыр эне ордени берилиши керекпи? Талкуу
Жаңылыктар түрмөгү
0