https://sputnik.kg/20220826/ukraina-zelenskij-kysh-oor-bolot-1067210743.html
Зеленский украиналыктарды болуп көрбөгөндөй оор кыш күтөрүн эскертти
Зеленский украиналыктарды болуп көрбөгөндөй оор кыш күтөрүн эскертти
Sputnik Кыргызстан
Президент газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атаган. 26.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-26T10:46+0600
2022-08-26T10:46+0600
2022-08-26T10:47+0600
дүйнөдө
украина
владимир зеленский
кыш
газ
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1a/1067210502_0:163:2794:1735_1920x0_80_0_0_97528f9cc46adccc1f841b331d211d02.jpg
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Газ кымбаттап жаткандыктан Украинада кыш оор болот. Бул тууралуу Владимир Зеленский элине кайрылуу жасап жатып билдиргенин РИА Новости жазды.Ал Европада газдын 1 000 кубометри 3 300 доллардан ашканын эскертип, Киев кышка даярдык көрүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.Саясатчы газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атады.Кыш оор болорун жана ал элди, бийликти түмөн түйшүккө саларын буга чейин украиналык башка аткаминерлер да айтып чыгышкан. Киевдин мэри Виталий Кличко суук түшкөндө электр жарыгы маал-маалы менен өчөрүн, мындай кырдаалда бийлик мазуттун кору менен абалдан чыгууну пландап жатканын айткан. Ал үйдөгү температура мурдагыдан төмөн болорун эскертип, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк даярдап коюуну да сунуштаган.
https://sputnik.kg/20220820/zhmk-batysh-bul-kysh-oto-tataal-bolot-1066972917.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1a/1067210502_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_108fcf36a9c977c2c316ad8b6d1ead29.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, кыш, газ, эскертүү
дүйнөдө, украина, владимир зеленский, кыш, газ, эскертүү
Зеленский украиналыктарды болуп көрбөгөндөй оор кыш күтөрүн эскертти
10:46 26.08.2022 (Жаңыртылды: 10:47 26.08.2022) Президент газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атаган.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Газ кымбаттап жаткандыктан Украинада кыш оор болот. Бул тууралуу Владимир Зеленский элине кайрылуу жасап жатып билдиргенин
РИА Новости жазды.
Ал Европада газдын 1 000 кубометри 3 300 доллардан ашканын эскертип, Киев кышка даярдык көрүү үчүн бардык аракетин көрүп жатканын кошумчалаган.
"Бул кыш өлкө тарыхында чынында эң оор мезгил болот", — деген Зеленский.
Саясатчы газга байланышкан кырдаалды өтө кооптуу деп атады.
Кыш оор болорун жана ал элди, бийликти түмөн түйшүккө саларын буга чейин украиналык башка аткаминерлер да айтып чыгышкан. Киевдин мэри Виталий Кличко суук түшкөндө электр жарыгы маал-маалы менен өчөрүн, мындай кырдаалда бийлик мазуттун кору менен абалдан чыгууну пландап жатканын айткан. Ал үйдөгү температура мурдагыдан төмөн болорун эскертип, жылуу кийим-кече, жууркан-төшөк даярдап коюуну да сунуштаган.