Ригада куткаруучуларга коюлган эстелик толугу менен алынды. Видео

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРигадагы Жеңиш паркында куткаруучуларга тургузулган эстеликтин акыркы элементи — 79 метрлик обелиск алынды
Ригадагы Жеңиш паркында куткаруучуларга тургузулган эстеликтин акыркы элементи — 79 метрлик обелиск алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.08.2022
Жазылуу
Советтик жоокерлердин эстеликтери боюнча вандализм фактылары Украинага карата россиялык атайын операция башталгандан тарта көбөйдү.
БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Ригадагы Жеңиш паркында куткаруучуларга тургузулган эстеликтин акыркы элементи — 79 метрлик обелиск алынды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Окуянын видеолорун Sputnik Ближнее зарубежье менен РИА Новостинин Telegram каналдары таратты.
Кадрдан асман тиреген стеланын кулап бараткан учурун көрүүгө болот.
Ал эми экинчисинде кулап түшкөндө алыстан байкоо салып тургандардын ышкырып, кыйкырганы угулган.
"Советтик Армиянын аскерлерине — Латвия менен Риганы немецтик баскынчылардан коргоочуларга коюлган эстелик" деп аталган мемориалды алып салуу иштери 23-августта башталган. Анын алдында полиция бийликтин бул кадамына нааразы болуп чыккан элүүгө жакын кишинин ичинен алтоону кармап кеткен. Ошол күнү кечинде советтик жоокерлердин үч эстелиги кулатылган. ЖМКда саат 21:00дөн (Москва убактысы) кийин Жеңиш паркына жүздөгөн жаран чогулуп, полиция кайрадан 14 кишини кармаганын билдирген. Ал эми "Эне мекен" скульптурасын 24-августта алышкан.
Риганы коргоочулардын эстелиги 1985-жылы Латвиянын борбору үчүн курман болгон жоокерлердин элесине арналып тургузулган. 1990-жылдардан тарта латвиялык радикалдар аны жок кылууга аракет кылып келет. Буга укуктук жактан негизди Сейм алып берген. Май айында Россия менен түзүлгөн өкмөт аралык келишимдеги советтик аскерлердин эстеликтерин коргоо боюнча пункт бир тараптуу токтотулган. Мындан кийин аларды бузууга жол ачылган.
Рига мэри Мартиньш Стакис "оккупация музейи анын көркөмдүк баасы жок деп тааныгандыктан" монумент ордунан алынып, таптакыр жок кылынарын айткан. Ал эми музейден ыйгарым укуктары жок болгондуктан эстеликке баа берүү иштери жүргүзүлбөгөндүгүн айтышкан.
Латвиядагы Россия элчилиги алардын ТИМине Риганы бошотуучулардын эстелигин алып салганы үчүн нааразылык нотасын жиберген. Андан сырткары, эл аралык тармактык түзүмдөрдү Балтика боюндагы республикадагы тарыхый-мемориалдык мурастар боюнча мындай мамилеге баа берүүгө чакырды. Элчилик Латвия ТИМине Россия тараптан бул кадам үчүн аларга жооп жасаларын айткан.
Латвия коңшулары Литва жана Эстония менен биргеликте СССРдин мурдагы республикаларынын ичинен монументалдык искусстводо советтик мурастарды таптакыр жок кылган өлкөлөрдүн бири болуп калды. Советтик жоокерлердин эстелиги боюнча вандализм фактылары Украинага карата россиялык атайын операция башталгандан тарта көбөйдү.
Жоокер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.05.2020
Батыш советтик жоокердин бейнесин өзгөртүп, тарыхты бурмалоону улантууда
Жаңылыктар түрмөгү
0