00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Навигация, нефть, рынок: чем живет ЕАЭС спустя 10 лет — беседа с министром ЕЭК
10:04
32 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Быйыл өлкөдө 11 миң үй-бүлө көгүлтүр отко кошулат — газ берүү учурда кайсы аймактарда жүрүп жатат?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракет программасында бардык экологиялык көйгөйлөр камтылган
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
15:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Активное долголетие – как сохранить жизненную силу с помощью спорта
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Табигый жашаруу: Кымбат каражаттарсыз жаш жана сергек көрүнүү мүмкүнбү?
17:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монеты из желудка, новый эндоскоп и нехватка кадров: будни главного детского медцентра Кыргызстана
18:07
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Качан турмушка чыгасың?” тасмасы — жалган мамиледен чыныгы сүйүүгө кеткен жол
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Поисковики с Алтая и Кыргызстана восстанавливают судьбы солдат Великой Отечественной
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Көптөгөн балдар логопеддин жардамына муктаж. Мамлекет социалдык көйгөйдү кантип чечет
21:04
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан кайсы улакчылар барары аныкталды

© Sputnik / Табылды КадырбековДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү. Архив
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көк бөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Жазылуу
Учурда кыргызстандык улакчылар Ысык-Көлдө машыгып, катуу даярдык көрүп жатышат.
БИШКЕК, 18-авг. — Sputnik. Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турган Кыргызстандын көк бөрү командасынын курамы аныкталды. Бул туурасында Көк бөрү федерациясы маалымады.
Оюндардын программасына ылайык, көк бөрү жана көкпар боюнча эки команда түзүлгөн. Алар Жогорку лигада ойноп келген "Ынтымак", "Достук", "Сары-Өзөн" жана "Ала-Тоо" командаларынын оюнчуларынан тандалып алынган. Учурда улакчылар Ысык-Көлдө машыгып, катуу даярдык көрүп жатышат.
Көк бөрү боюнча команданын курамы:
1.
Марлис Койгелдиев;
2.
Нооруз Раатбек улуу;
3.
Нурдин Болотбеков;
4.
Таши Майлыбашев;
5.
Акбар Иманбеков;
6.
Дастан Сагынбек уулу;
7.
Рустам Тыналиев;
8.
Сейитбек Анарбек уулу;
9.
Аудасбек Мырзабек уулу;
10.
Манас Ниязов;
11.
Нуржан Мелисбек уулу;
12.
Майрамбек Рыспеков.
Команданы Аскат Искендеров жетектеп барат, Нурлан Мамбетов башкы машыктыруучу, Урмат Мусаев улакчыларды даярдайт.
Көкпар боюнча команданын курамы:
1.
Нурбек Юсупов;
2.
Эрлан Төлөбеков;
3.
Улан Насакеев;
4.
Элдияр Шахтарбек уулу;
5.
Өмүрбек Эсен уулу;
6.
Эмирлан Жеңишбеков;
7.
Бекназар Аматов;
8.
Эрсултан Айдаркан уулу;
9.
Кубаныч Султан уулу;
10.
Кыяз Ниязов;
11.
Белек Мукаев;
12.
Аскат Аскаров.
Команданы Мыктыбек Туташов жетектейт. Ал эми Тилек Урманбетов башкы машыктыруучу, Максат Кайдыбаев машыктыруучу болуп бекитилди.

Көкбөрү менен көкпардын айырмасы эмнеде?

Көк бөрү оюну 20 мүнөттөн турган үч бөлүк менен өтөт. Теке же серкени улак кылып тартышат. Улактын салмагы союлгандан кийин (төрт шыйрагы жана башын алып салат) 32-35 килограммды түзөт. Ал эми оюн талаасы баткак болсо 27-30 килограмм болушу керек. Оюн талаасынын узундугу 200 метр, туурасы 70 метр. Атаандашынын тай казанына эң көп улак таштаган команда жеңишке жетет. Команданын курамында 12 улакчы, 12 ат болот. Оюн талаасына ар бир командадан төрттөн улакчы чыгат. Мунун эрежесин 1996-жылы кыргызстандык кинорежиссер Болот Шамшиев иштеп чыккан.
Көкпарды казак тарап демилгелеп, көк бөрүнүн эле эрежелерин жөнөкөйлөштүргөн. Муну эл аралык нормаларга дал келтирүү жана улакчылардын жаракат алуу кооптуулугун азайтууга аракет деп түшүндүргөн. Ушундай эреже менен биринчи ирет 2017-жылы Астанада дүйнө чемпионаты өткөн.
Көкпарда 33-35 килограммдык муляж тартылат, аны диаметри үч метр болгон тегерек чийинге ташташат. Оюн талаасынын узундугу 220, туурасы 70 метр. Беттеш 20 мүнөттүк эки бөлүктөн турат. Ошондой эле аттардын арткы туяктарына така кагылбайт. Командада 12 улакчы, 12 ат болуп, төрт-төрттөн оюнга чыгышат. Мында, тескерисинче, ар бир команда муляжды өзүнүн тегерек чийинине таштап, упай чогултат.
Президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдеши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.08.2022
Президенттин кубогу үчүн көк бөрү мелдеши Нарында өтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0