Сергей Шойгу кыргыз экениме кубанды. I даражадагы капитан Айдакеевдин маеги
20:14 12.08.2022 (Жаңыртылды: 16:20 13.08.2022)
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивиненКапитан первого ранга ВМФ СССР Алмабек Идакеев
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда СССРдин Аскер-деңиз флотунда, суу астында жүрүүчү өзөктүк кемеде кызмат өтөгөн жалгыз офицер бар. Ал I даражадагы капитан Алмабек Айдакеев. Жаштыгын, билимин деңиз флотуна арнаган капитан суу астында жүрүүчү кемени куралдандыруу жаатында мыкты адис.
Мындан туура 22 жыл мурун 2000-жылы 12-августта Россияда Курск К-141 суу астында жүрүүчү атомдук-ядердик кеме кырсыктаган. Ал окуя 137 адамдын өмүрүн алып кеткен.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы биринчи даражадагы капитан, ӨКМдин Кырсык тобокелин азайтуу боюнча улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев менен баарлашкан.
Айдакеев Кыргызстандагы ӨКМдин алдындагы эл аралык суучулдар мектебинин негиздөөчүлөрүнүн бири.
— Деңиз флотуна туш болуп, бул кесипти кандайча аркалап калдыңыз эле?
— Айылда кичине кезибизде деңиз флотунда аскердик кызмат өтөп келген агаларым көп нерсе айтып беришчү. 9-класста окуп жатканда эле кошунам формасын берген. Анан да мектепте аскердик баштапкы даярдоо курсунан реферат жазып берчүбүз. Ошол учурда суу астында жүрүүчү аскердик кемелер тууралуу көп окуп кызыгып кеттим. 10-класста тандаган багытыбыз менен окууга тапшырууну каалап аскер комиссариатына документ тапшырсак, окууну бүтүп жатканда уруксат кагазы келди. Мектептин бүтүрүү кечесине катышпай туруп Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Раздольное айылынан түз эле Москвага кеттик. Ал кезде Фрунзени да көрө элек кезим. Анан Ленинграддагы Жогорку деңиз аскер окуу жайына төрт экзамен берип конкурстан өттүм. Ал кезде канча балл алганыңды айтчу эмес, кимдер өтпөй калганын гана жазып койчу. Ошентип 1983-жылы аталган окуу жайдын суу астындагы кемелерге каршы курал колдонуу (противолодочного вооружения — ред.) факультетине тапшырып, 30-августта легендарлуу "Аврора" крейсеринде аскердик ант бердик. 1988-жылы кемелерди куралдандыруу, инженер-электромеханик адистигине ээ болдум. Анан Тынч океан, Кара деңиз, Балтика, Түндүк флоту же Ысык-Көлдөгү "Койсары" торпеда сыноо полигону өңдүү базаларга жиберчү. Торпедаларды көздү жумуп чогултууга үйрөндүк. Ошентип түндүк флотко бөлүнүп барсам, суу астындагы аскердик кемеде орун жок экен. Суу үстүндө жүрүүчү кемеде иштеп бир жылдан кийин гана которулгам.
© Sputnik / Табылды КадырбековБиринчи даражадагы капитан, ӨКМдин Кырсык тобокелин азайтуу боюнча улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев
Биринчи даражадагы капитан, ӨКМдин Кырсык тобокелин азайтуу боюнча улуттук платформасынын катчылыгынын жетекчиси Алмабек Айдакеев
— Деңиз түбүндө кызмат өтөөгө психологиялык, физиологиялык жактан көнүп кетүү да оңой болбосо керек?
— Ооба, космонавттардай эле деңиз флотунда кызмат өтөп офицер болууну каалагандардын да фобиясы текшерилет. Жабык мейкиндикте фобиясы бар же жок экенин адам өзү билбейт. Муну экзамен учурунда тест аркылуу билгизбей эле текшерип коёт. Училищеде суу астында жүрүүчү кемени кесип тренажер жасап койгон. Ичиндеги узундугу 12 метр, диаметри 54 сантиметр болгон түтүкчөдөн жөрмөлөп өтчүбүз. Атайын костюм менен андан өтүү кыйын. Экинчисинде ошол кайыктын ичине суу толтуруп, анан түтүктөн жөрмөлөйсүң. Бул кеме кырсыкка учураганда аман калуунун жол-жоболору эле. Алгач өтүп бара жатканда "мен ушул үчүн келдим беле, андан көрө айылда тракторист болуп калсам эмне" деп ойлогом. Бирок намыстанып окуйм деп эле туруп алдым.
— Аскер-деңиз флотунда кызмат өтөөнүн кыйынчылыгы, татаалдыгы эмнеде?
— Күн менен ай, жылдыз, асманды көрбөй бир нече ай деңиз түбүндө жүрүү оңой эмес. Андан тышкары, согуштук сигнал (тревога) келгенде жүрөк башкача согуп баштайт. Баарына даяр туруу керек. Кемедеги электрондук эсептөө жана акустика, радиолокациялык станция өңдүү механизмдерден жана башка тетиктен баш айланат. Аларды беш колдой билбесе болбойт. Суу астында жүрүүчү кеме илимдин жетишкендиги менен технологиянын жогорку чегинде жасалат. Анткени ал жакта өзөктүк куралдын реактору бар. Ал матросторго терс таасирин бербеши керек. Атайын технология менен суудан кычкылтек чыгарып аны тазалап реакторго берет. 1980-жылдары эле компьютер менен иштечүбүз. Муну аскердик маалымат жана башкаруу системасы деп атап коёт. Азыр уюлдук телефон колдонушса, ал кезде спутник байланыш аппараттары бар эле. Анын жардамы менен суунун астында жүрүп эле маалымат ала беребиз. Аскердик илимдин технологиясы жарандык коомго 20-30 жылдан кийин келет. Кээ бир нерселер аскердик сыр катары сыртка айтылбайт жана көрсөтүлбөйт. Ал эми суу астында жүрүүчү кеменин шарты, технологиясы мыкты болот. Абасы нымдуу, кычкылтекти да автомат менен жөндөп берет. Бирок көмүр кычкыл газы көбүрөөк болуп, аба фильтрленип турат. Адамга өзөктүк куралдын ичиндеги зымдар менен кеменин темири укмуш таасир этет. Тамак кайда кеткенин билбей каласың. Темир энергияны кадимкидей тери аркылуу чыгарып алат экен. Суу астында гемоглобин бат түшүп кетет. Ошондуктан атайын рацион менен тамактанып, канды көтөрүү үчүн сөзсүз туздуу балык, шоколад, икра жана кургак вино берип турат.
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен1993-1994-жылдар. Түндүк флоттогу суу астында жүрүүчү аскердик кеменин экипажы менен
1993-1994-жылдар. Түндүк флоттогу суу астында жүрүүчү аскердик кеменин экипажы менен
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен
— 2000-жылы 12-августта Россияда К-141 "Курск" өзөктүк курал алып жүрүүчү кеме кырсыктап, 137 адамдын өмүрүн алып кеткен. Кыргызстанга кетпегениңизде ошол кемеде сиз да болуп калмак экенсиз да?
— 1993-жылдары Видяево аймагында суу астында жүрүүчү кемелердин башын бириктирген дивизия түзүлүп жаткан. 1995-96-жылдары бул кемелерге шаарлардын аттарын коё баштады. Бул да саясат болчу. Анткени ошол шаарлар "биздин кеме" деп карап, жаштары да ал кемеде кызмат кылуу үчүн максат коюшар эле. Мен кызмат өтөгөн суу астындагы жүрүүчү кеме Тамбов шаарынын атын алган. Андан башка Курск, Беркут, Даниил Московский өңдүү жети кеме бар эле. Ал кезде союз тарап, өлкөбүз эңгиреп турган маалында 1997-жылга чейин эмгек келишимин түзүп калып калдым. Анда үч жылга түзүлчү. Жаңы үйлөнгөн кез, эмне кыларыбызды билбей, абдан оор кырдаал болгон. Союздун тарашы чоң стресс жаратты. Өзүм 24 жаштагы гвардиянын капитаны элем. Ошол келишим түзгөнгө чейин "кайрадан Россиянын алдында аскердик ант бересиңер" деп калышты. Бирок "биз сойку эмеспиз да, антты бир эле жолу берет" деп болбой койгонбуз. Баш тарткандарды кетирмек болуп анан токтошкон. Анткени аскер-деңиз флотунда да 1990-жылдары оор учур болчу. Мыкты адистер четинен кете баштаган.
Ал эми Курск К-141 кемесиндеги кырсыкта каза болгон балдардын көбүн таанычумун. Анткени кызмат өтөөгө кетип жатканда бири-бирибизди узатып, кайра жээктен тосуп алчубуз (жээктен тосуп алган киши эсиңден чыкпайт). Курал даярдоодо бири-бирибизге жардам берчүбүз.
Ал эми карьера жаатында, мисалы, Тамбов кемесин окуп, үйрөнүп бүткөндөн кийин башка долбоорго өтсөк кайрадан экзамен тапшырчубуз. Аны да изилдеп, ички механизмин, тетигин толук жатка билип, эске тутуп калуу керек. Улам бир долбоорду мыкты өздөштүргөн сайын артыкчылык берилет. Демек, карьералык өсүш болот. Керек болсо ар бир кеменин куралы аткан жагынан, ракеталары боюнча айырмаланып турчу. Эки айдын ичинде баарын үйрөнүп экзамен тапшырасың. Ал эми бир жылдын ичинде байланышты, куралды, штурман кесибин, радиотехникалык, атом реакторун жана башка багыттардын конструкциясын, эксплуатациясын, инструкцияны жатка билип, чийип беришиң керек. Көп нерселер бар. Курск — абдан ыңгайлуу, заманбап, кымбат кеме болчу. Командиримдин сөзүн эки кылбай Курскиге да экзамен тапшырып жолдомо алгам. 1997-жылы келишимди улантууну каалабай Россиядан кетип калдым. Эгер ошол флотто калсам, 2000-жылы кырсыкка учураган К-141 Курск кемесинде болуп калышым толук мүмкүн эле.
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен1994-жыл. Суу астындагы өзөктүк курал алып жүрүүчү кемеде кызмат өтөө учуру
1994-жыл. Суу астындагы өзөктүк курал алып жүрүүчү кемеде кызмат өтөө учуру
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен
— Ал кеменин кырсыкка учурашынын себеби эмнеде?
— Негизи экипаж бири-бирин үн-сөзү жок эле түшүнгөн деңгээлге жетип, командир атаңдай болуп калат. Өмүрүбүз ар бирибиздин адискөйлүгүбүздөн көз каранды болгондуктан өз ишин мыкты билгендер бааланат. Буйрук келгенде атууга куралың даяр турушу керек. Кеменин ичинде бардык офицердик курам сааттай так иштейт.
К-141 Курск суу астында жүрүүчү кемесиндеги кырсык негизинен адам факторунан келип чыккан. Экипаж абдан аз. Анан да жетишпей калган адистерди Ведяеводон жана башка экипаждан алып келип коюшкандыктан толук кандуу эмес, курама болуп калган. Экинчиден, чоң кемеге кичинекей полигон берилген. Ал эми "бул кырсыкка батыштын таасири бар, себебин жашырып коюшкан" деген болбогон кеп. Эгер суу алдында адискөй адамдар болгондо куралды дароо атып жиберсе, кеме аман калмак. Советтер Союзу тараганда өз ишин мыкты билген офицерлер кетип калышты. Биз да кетип жатканда командирибиз абдан жаман болгон. Көз жашын көрсөтпөгөнү менен байкадык. Ошол командирим азыр Тамбов шаарында жашайт. Ушул кезге чейин үй-бүлөлүк катыштабыз. Мен окууну жаңы бүтүп келген лейтенант кезде ал киши чоң кызматта отурган капитан эле. Ага карабай мага баарын үйрөтүп, атадай камкордук кылган.
— Союз тараганда Кыргызстанга келдиңиз, доор алмашкан мезгил. Кайсы аскердик кызматка туш болдуңуз?
— Кыргызстанга 3-даражадагы капитан наамы менен келдим. Алгач мени Казакстанга кызматка чакырышты. Үй-бүлөм ага көңүлдөнбөй өз жерибизде эле калалычы деп туруп алышты. Анан Коргоо министрлиги аскердик комиссариатка алабыз дегенде кагаз толтуруп отургум келген жок. ИИМдин жетекчилиги дароо жактырып, "бизге курал боюнча адис керек" деп сүйүнүп алмай болушту. Бирок Бишкекте үйүм болбогондуктан иштей албадым. Үйүм Караколдо эле. Анан ӨКМге келсем генерал-майор Алмаз Камчыбеков Караколго кызматка жиберди. Ошону менен ушул тармакта калып калдым.
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивиненАскер-деңиз флотунун биринчи даражадагы капитаны Алмабек Айдакеев КРдин Баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен
Аскер-деңиз флотунун биринчи даражадагы капитаны Алмабек Айдакеев КРдин Баатыры, космонавт Салижан Шарипов менен
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен
— Жаңы кызматка көнүү кыйынга турган жокпу?
— ӨКМдин жакшы жери — адистешип кетсе болот экен. Мисалы, радиация тармагын беш колдой билем. Ал эми жаратылыш кырсыктарын окуп, билип алууга болот. 2002-жылы Москвадагы ӨКМдин Академиясына окууга жиберишти. Кайрадан үй-бүлөм менен барып эки жыл окудум. Артыкчылык менен бүткөн он кишиге Россиянын өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу өзү келип диплом тапшырган. Мага кезек келгенде "Кыргыз Республикасына кызмат кылам" десем сүйүнүп кетти. Анан "Кыргызстанда каяктагы деңиз" деп тамашалады эле, Түндүк флотто кызмат өтөгөнүмдү айттым. Ошол күнү бүтүрүү кечесинде чогуу болдук.
— Эмнеге сүйүнүп кетти?
— Анын атасы тувалык, апасы орус. Өзү Тувада төрөлгөн. Сурасам, кыргыздар менен тувалыктар бир тууган, жакын эл деген оюн айтты. Өзү Кыргызстанды жакшы көрөт. Кийин расмий кечеде чогуу болуп, кыздарын да көрүп калдым. Өз ишин мыкты билген адистерди өтө баалайт. Жөнөкөй адам. Ошол сапатын жактырдым. Мен окуган академияны да абдан мыкты салыптыр. Базасында бардык шарты бар экен. Аябай таң калдым.
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивиненАйдакеев: 1997-жылы келишимди улантууну каалабай Россиядан кетип калдым. Эгер ошол флотто калсам, 2000-жылы кырсыкка учураган К-141 Курск кемесинде болуп калышым толук мүмкүн эле
Айдакеев: 1997-жылы келишимди улантууну каалабай Россиядан кетип калдым. Эгер ошол флотто калсам, 2000-жылы кырсыкка учураган К-141 Курск кемесинде болуп калышым толук мүмкүн эле
© Фото / Алмабек Айдакеевдин жеке архивинен
— Суу астында жүрүүчү аскердик кеменин иш тартиби менен ӨКМди салыштырып болбойт го...
— Ооба, көнө албай кыйналдым. Деңиз флотунда жаның тынбайт. Ар бир мүнөтүңө чейин жазылган. Бул жакта андай эмес экен. Эртең менен келесиң, кечинде жумуш бүткөндө бошсуң. Ошондо өзүмдү эч кимге кереги жок, ишсиз калгандай сездим. Бул жөн эле штабдык жумуш экенин кийин аңдадым. Штабда 45 жаштан өткөндөр иштейт да. Мен болсо ал кезде 30 жаштагы болуп-толуп, энергиям ташып турган кезим болчу. Ошентип жүрүп Жыргалаңда шахты жарылганда өз каалоом менен кетип калдым. Барып 224 метр тереңдиктеги шахтыга кирдим. Кийимдерин көрүп дароо эле өздөштүрүп кеттим. Себеби адамды куткаруу аппараттарын колдонуу биздики менен окшош эле экен. Канча убакта, кайдан кийүү керектиги жана шахтынын ичиндеги жабдыктардын баары суу алдында кызмат өтөгөн моряктардыкындай эле.
Баарынан эл менен иштешкенден абдан кыйналдым. 16 жашымдан бери аскер кызматында жүргөндүктөн ошол тартипке көнгөм. Ал эми элге "түз тур, бошсуң" деп буйрук бере албайсың. Кырсык болгон жерге барганда калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагын Барскоон окуясынан кийин өздөштүрдүм.
© Sputnik / Табылды КадырбековАйдакеев: ӨКМде баарынан эл менен иштешкенден абдан кыйналдым. 16 жашымдан бери аскер кызматында жүргөндүктөн ошол тартипке көнгөм
Айдакеев: ӨКМде баарынан эл менен иштешкенден абдан кыйналдым. 16 жашымдан бери аскер кызматында жүргөндүктөн ошол тартипке көнгөм
— Кыргызстанды азыр океан менен байланыштырууга болорун да айтып келесиз?
— Деңизден алыс болсок да желегибиздин океанда желбирөө мүмкүнчүлүгү бар. Бул үчүн эл аралык конвенциялар жазылган. Аны кабыл алып, мыйзам жагынан жол-жобосун тууралаш керек. Мен ушул демилгени былтыр сунуштадым эле. Мунун арты менен эки чоң маселени чечсе болот. Биринчиси — Кыргызстандын желеги океанда жүрүүсү үчүн деңиз кемелерин каттоого алабыз. Муну Монголия ишке ашырды. Мисалы, россиялык кемелердин 40 пайызы башка өлкөнүн желеги менен жүрөт. Анын арты менен океанга байланышкан дүйнөлүк чоң маселелерди чечүүдө Кыргызстан да добуш берип, позициясын билдирип, чечимдерди кабыл алууга катыша алат. Ушул жагын мыйзамдаштырып, эл аралык нормада документтерин жазуу милдетин алып, көмөктөшөт элем.
Бизде суу үстүндө жүрүүчү транспортторго инфраструктура түзүлгөн эмес. Бул жагын ойлонуп айткан киши жок. Мисалы, жөнөкөй эле маселе, азыр катерлерди алып келишүүдө. Ага кайсы жерден май куюп жатканы белгисиз. Май куюучу жайлар жок. Бул көлгө зыян. Ушунун баары жаратылышка залакасын тийгизбегендей кылып, аны түшүнгөн адис даярдашы керек.