Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Адис компьютерде отургандар кабылчу ооруларды тизмектеп, арылуунун жолун айтты

© Sputnik / Табылды КадырбековРеспубликалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.08.2022
Жазылуу
Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Уезбаев кеңсе кызматкерлеринде кездешкен оорулардын себептерин айтып берди.
Кеңсе кызматкерлери көп убактысын компьютердин алдында өткөрөт. Андыктан кыймылсыз жашоо образы, бөлмөдө жарыктын жетишсиздиги, вентиляция, элдин көптүгү, стресс, туура эмес тамактануу, абаны булгоочу заттардын көп болушу (аллергендер, чаң) түрдүү ооруларды чакырат. Бул тууралуу Сагынбек Уезбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Адис компьютерде отургандар кабылчу ооруларды тизмектеп, арылуунун жолун айтты
Анын айтымында, кеңсе кызматкерлеринин арасында кеңири кездешкен баш ооруга стресс, компьютерде көпкө иштөө, желдетилбеген бөлмөлөр, жумуш графиги, уйкунун жетишсиздиги жана ушул факторлордон улам пайда болгон остеохондроз оорусу себеп.
"Кыймылсыздык, узакка отуруу омуртка жана бут муундарынын, белдин, моюндун оорусун (артрит, радикулит, остеохондроз, омуртка аралык грыжа) чакырат. Ошондой эле компьютердик чычкан синдрому (туннель синдрому) колдун чымырашы, оорушу, билектин алсыздыгы жана колдун шишиги сыяктуу симптомдорду пайда кылат. Ал эми туура эмес тамактануу, кофени ашыкча ичүү, тамеки чегүү, кыймылсыздык, семирүү жүрөк-кан тамыр ооруларын (атеросклероз, гипертония, аритмия) шарттайт. Кызматкерлер рационалдуу эмес жарыктандыруу, монитордон чыккан электромагниттик нурлануунун таасиринен улам көз оорулары (көздүн ачышып, кургоосу, көрүүнүн начарлашы, миопия, катаракта) менен да жабыркайт. Андан тышкары, көп учурда жумуштун көптүгүнөн өз учурунда жана нормалдуу тамактанбагандыктан ашказан менен ичеги-карындын оорулары келип чыгат. Гиподинамия, узакка отургандыктан геморрой, туура эмес жана көпкө отуруудан буттун тамырларына күч келип варикоз да пайда болот. Андыктан жогорудагы илдеттерди алдын алуу үчүн бөлмөнү желдетип, кеңсеге табигый жарык кирип тургудай болушу шарт. Ошондой эле компьютерде отурган кызматкер саатына 5-10 мүнөттөн туруп, ары-бери басып, эс алып, көзгө гимнастика жасап турганы оң. Жумуштан соң спорт, үй жумуштары менен алектенип же болбосо көбүрөөк басууга аракет кылуу зарыл (унааны алысыраак токтотуп, жумушка басып келүү, көп кабаттуу үйгө тепкич менен чыгуу). Кошумча суунун балансын сактоого аракет кылыңыздар", — деди Уезбаев.
Ал кызматкерлер жумуш убактысы аяктаган соң башка иштер менен алектенгенге аракет кылышы керектигин, мындайча айтканда, жумушун үйгө алып келип иштөө таптакыр сунушталбай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0