00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Кыргызстандын бренди: VI Көчмөндөр оюндары жана жаштардын салымы
13:08
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Что важно знать о раке и ранней диагностике — беседа с онкологом
14:05
60 мин
Ачык кеп
Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 50%дан аштыбы — кандай көйгөйлөр бар?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Альтернативная базовая защита авто – что это такое?
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Орозо пайдалуу өтүшү үчүн кандай азыктарды жеш керек?
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
В КР хотят внедрить Национальную программу по перинатальному скринингу: почему это важно
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Кыргыз тилинин келечеги жана Болот Юнусалиевдин салымы
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Может ли искусственный интеллект изменить экономику Кыргызстана?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Чакан жана орто бизнестин ИДПдагы үлүшү 50%дан аштыбы — кандай көйгөйлөр бар?
21:05
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Косоводо кармалган россиялык журналист Дарья Асламова кайра коё берилди

© Фото / Комсомольская правда/ Евгения ГусаеваРоссиялык журналист Дарья Асламова. Архив
Россиялык журналист Дарья Асламова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Жазылуу
Косово ИИМинин башчысы журналистти тыңчылыкка айыптап, бирок далил келтире алган эмес.
БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Өзүн өзү Косово Республикасы деп жарыялап алган аймактын бийлиги россиялык журналист Дарья Асламованы коё берди. Бул тууралуу "Комсомольская правда" гезити жазды.
Буга чейин Косовонун ички иштер министри Джеляль Швецла журналистти аймакка кирүүгө аракет кылып жатканда кармалганын билдирип, негизсиз түрдө тыңчылыкка айыптаган.
"Бүгүн Дарья Асламова түндүктөгү көзөмөл-өткөрүү пунктунан кармалды. Бир нече өлкө ал журналист катары жүрүп, бирок россиялык аскер чалгындары үчүн тыңчылык кыларын далилдешти", — деп жазган Швецла соцтармакка.
Деген менен ал кайсы өлкөлөр далилдеп бергенин тактаган эмес. ИИМ башчы журналист "Украинадагы согуштук аракеттерге катышып, Россиянын оккупациясын пропагандалаган" деп болжоп, бирок аны да тастыктай алган эмес.
Ал постуна Асламованын сүрөттөрүн дагы тиркеген. Анда "Комсомольская правда" гезитине чыккан РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров (2020-жылы), Сириянын президенти Башар Асад (2016), Ирактын мурдагы президенти Саддам Хусейинден интервью алган учурунда жана ызы-чуулуу аймактардагы иш сапарында түшкөн сүрөттөрү топтолгон.
Кийинчерээк "Комсомольская правда" гезити журналист редакция менен байланышка чыкканын кабарлады.
"Дарья Асламова редакцияга байланышка чыгып, серб-косово чек арасындагы Рашка шаарында экенин кабарлады. 7-август түнү Косовонун бийлиги аны коё берип, журналист чек арага чейин өз алдынча автобус менен жеткен", — деп жазды гезит.
Журналист Россиянын Сербиядагы элчилиги менен байланышта. Анын айтымында, кармалгандан кийин аны америкалыктарга же украиналык согушкерлерге беребиз деп коркутушкан.
Косово-албан түзүмдөрү 2008-жылы 17-февралда өз алдынча Сербиядан бөлүнүп Приштин шаарын борбор кылып көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул республиканы Сербия, Россия, Кытай, Иран, Испания, Греция жана башка мамлекеттер тааныган жок. 2011-жылы Евробиримдиктин басымы менен Белград косово-албан администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү баштаган.
Региондогу кырдаал Приштиндин 1-августтан тарта Сербиянын номери жана документи бар автоунаалардын киришине тыюу салуу планынан улам курчуду. Көптөгөн сербдер жашаган Косовонун түндүгүндө башаламандык чыкты, буга жооп кылып өзүн-өзү жарыялап алган республика полицияны тартты. Бирок АКШнын өтүнүчү менен чектөөнүн күчүнө кирүү мөөнөтү бир жылга жылды. Белград олуттуу жаңжал жыгып кетүүгө аз калганын, бирок Сербия бийлиги тынчтыкты сактап калууга жетишкенин белгиледи.
АКШнын RQ-4 Global Hawk учкучсуз аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.08.2022
Элчилик "Аль-Каида"* лидери КРдеги дрон менен өлтүрүлгөн деген маалыматка үн катты
Жаңылыктар түрмөгү
0