Төө-Ашуудагы тоннелдеги кыймылга чектөө бар экени эскертилди. Убакыт-сааты

© Sputnik / Табылды КадырбековТөө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннели. Архив
Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннели. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.08.2022
Жазылуу
Yandex newsTelegram
7-августка чейин киргизилген чектөөлөр күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Төө-Ашуудагы Көлбаев атындагы тоннелде автотранспорттун өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө бар экенин Транспорт жана коммуникация министрлиги эскертүүдө.
7-августка чейин киргизилген чектөөлөр күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу.
Автотранспорт төмөнкү сааттарда өтө албайт:
4:00дөн 6:00гө чейин;
08:00дөн 10:00гө чейин;
12:00дөн 14:00гө чейин.
Калган убакта өтмөк толугу менен ачык болот.
Министрлик айдоочулар менен жүргүнчүлөрдөн транспорт каражаттарына чектөө киргизүү боюнча аргасыз чарага түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.
Бишкек — Нарын — Торугарт жолунун 134 жана 135-чакырымындагы Боом капчыгайында нөшөрлөп жааган жаандан улам кайрадан сел жүрүп, жол эки тараптуу жабылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2022
Боомдо кайрадан сел жүрүп, жол жабылды. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0