УБ: Кыргызстанда чет элдик валютаны алмаштырган көмүскө рынок пайда болду

© Sputnik / Табылды КадырбековАкча алмаштыруучу жайы. Архив
Акча алмаштыруучу жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.08.2022
Жазылуу
Сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар мессенджерлерге тарап жатат.
БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. Улуттук банктын (УБ) лицензиясын албастан чет элдик валютаны алмаштырып жаткан тараптарды аныктоо үчүн ИИМ жана Салык кызматы менен биргеликте рейддер жүрүп жатат. Бул тууралуу башкы банктын маалымат кызматы билдирди.
Эске салсак, Кыргызстанда накталай валютаны алмаштырган көмүскө рынок пайда болду. Сатуу жана сатып алуу тууралуу маалыматтар мессенджерлерге тарап жатат.
Улуттук банктын маалыматына караганда, акыркы кезде накталай акчага болгон суроо-талап күч алууда. Мындай көрүнүш алгач Россиядан, андан соң Казакстандан капиталдын чыгарылышына чектөө киргизилгенден кийин пайда болгон. Накталай доллардын дефицити аймактагы башка мамлекеттерде дагы байкалууда.
Улуттук банк жетишсиздиктен улам банктарга, акча алмаштыруучу бюролорго жана микрофинансылык уюмдарга накталай долларды сыртка чыгарууга тыюу салганын эске салды. Мындан тышкары, банктарга бюролор менен акча алмаштырууга чектөө киргизилген. Бул чара валюталык спекуляция жана банктардын акча алмаштыруучу жайлары менен сүйлөшүп алып иш жасабашы үчүн көрүлдү.
"Азыркы абал көзөмөлгө алынбаган акча алмаштыруучу рыноктордун түзүлүп калышына ыңгайлуу учур болуп турат. Бирок Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, тийиштүү лицензиясы жок акча алмаштыруу эреже бузууга жатып, өлкөнүн мыйзамдары боюнча жоопкерчилик каралган", — деп айтылат маалыматта.
Улуттук банк лицензиясыз иштегендерди аныктап, бөгөт коюу үчүн ИИМ жана Салык кызматы менен биргеликте такай рейд жүргүзүп турат. 2022-жылдын башынан бери 11 текшерүү болуп, 10 жеке жакка 175 миң сомдук айып салынды.
Улуттук банк лицензиясыз акча алмаштыргандар жазаланарын эскертет:
17,5 миң сом — жеке жактарга;
55 миң сом — юридикалык жактарга.
"Акча алмаштырууну сунуштаган Telegram-каналдарга изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин укук коргоо органдарына алардын ишмердүүлүгүн мыйзамдарга ылайык карап чыгуу боюнча каттар жөнөтүлдү. Учурда алар чара көрүү үчүн маселени иликтеп жатат", — деди башкы банк.
Азыркы тапта валюта рыногундагы абал туруктуу экени жана Улуттук банк күн сайын мониторинг жасап, түшүндүрүү иштерин аткарып жатканы белгиленди.
"Жоопкерчиликтүү коммерциялык банктар накталай доллардын көлөмүн камсыздоо үчүн аны чет өлкөдөн алып келүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө. Бул кошумча убакытты талап кылат", — деди УБ.
Башкы банктын маалымат кызматы накталай эмес чет элдик валюта боюнча операциялар жарандар каалаган көлөмдө жүргүзүлөрүн кошумчалады.
Сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Кыргызстанда акчанын көлөмү алгачкы жолу 200 млрд. сомдон ашты
Жаңылыктар түрмөгү
0