00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Пелосинин Тайванга болчу сапары. Кытайдагы даярдык видеодо

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКитайские военнослужащие. Архивное фото
Китайские военнослужащие. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Жазылуу
Маалыматка караганда, Пелоси шейшемби күнү саат 21:30дар (Бишкек убактысы боюнча 19:30) чамасында Тайванга учары, шаршемби күнү эртең менен мейманканада видеоконференция өткөрөрү божомолдонууда.
БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Тайванга күтүлүп жаткан сапары Кытайда бир топ дүрбөлөң жаратууда.
Бүгүн түшкө маал жергиликтүү ЖМКлар Тайвандын Фуцзянь провинциясында аскердик машыгуулар башталганын жазып чыгышты. Иш-чара 5-августка чейин созулары айтылып, башка каттамдар токтотулду.
Ошол эле учурда социалдык тармакта Фуцзянь провинциясынын коомдук жайларында аскердик техника ары-бери каттап жаткан сүрөттөр пайда болду.
Ал ортодо Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы Тайванда Пелосинин келишине каршы болгондор дагы бар экенин жазды. Көчөгө чыккандар америкалык конгрессмендердин келишине нааразы болууда.
Маалыматка караганда, Пелоси шейшемби күнү саат 21:30дар (Бишкек убактысы боюнча 19:30) чамасында Тайванга учары, шаршемби күнү эртең менен мейманканада видеоконференция өткөрөрү божомолдонууда.
Эске салсак, Пелосинин 2-августта Тайванга барышы мүмкүн экени айтылган. Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Пекиндин нааразычылыгын жарата турган бул сапар АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикеринин 1997-жылдан бери аралга жасаган алгачкы сапары болот.
Бирок Пелосинин Кытайдагы арал Тайванга божомолдонуп жаткан сапары Пекин менен Вашингтондун ортосуна жик салып, жалпы эле аймактагы абалды начарлатып коюшу мүмкүн экени айтылууда. Кытай АКШдан ички саясатына кийлигишпөөнү талап кылып келет.
Мисалы, кытай лидери Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байденге "от менен ойнобош керектигин" эскертип, АКШ менен Кытайдын кагылышуусу ааламга апаат алып келерин айткан.
Ал эми Кытайдын БУУдагы туруктуу өкүлү Чжан Цзюнь КЭР армиясы Тайванды бөлүп кетүү аракеттерине каршы бардык ыкмаларды колдонорун билдирген.
Жергиликтүү Global Times гезити Пелосини киргизбеш үчүн Тайвандын тегерегиндеги аба жана деңиз мейкиндигине кирүүгө тыюу салып, АКШ өкүлү учуп келе жаткан учакты аскерлер абадан тосуп алышы мүмкүн экенин жазган.
Ошол эле учурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен "Тайванда кырдаал курчуса Кытай өзү жоопкерчиликтүү болот" деп күнөөнү Пекинге оодара коюуга аракет кылууда. Ал "Кытай кырдаалды чыңалтпай сабырдуу болушу керек" деп эсептейт.
Адегенде Пелоси баштаган америкалык делегациянын Тайванга сапары апрель айына пландалган. Кытай өкмөтү менен арал провинциясынын ортосундагы расмий мамиле 1949-жылы үзүлгөн. Ага Кытайдын Коммунисттик партиясы менен жарандык согушта жеңилип калган Гоминьдандын аскерлери Тайванга көчүп кетиши себеп болгон. Арал менен материктин ортосундагы бизнес жана бейрасмий байланыштар 1980-жылдардын аягында кайра жанданган. 1990-жылдардын башынан тартып тараптар Пекин ассоциациясы жана Тайбэйдин кысыктар аралык алмашуу фонду сыяктуу бейөкмөт уюмдар аркылуу байланыша башташкан.
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.08.2022
Кытай Пелосинин Тайванга сапарынын кесепети кандай болорун эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0