Байдендин уулу атасын аласалдырууда. Демократтар президентинен кол жууйбу?

© AFP / SAUL LOEBЖжо Байдендин баласы Хантер Байден. Архивдик сүрөт
Жжо Байдендин баласы Хантер Байден. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
Жазылуу
АКШнын республикачы электораты америкалык президент бала-чакасы менен кошо кытайлыктарга сатылып кеткен деген пикирде. Бүгүнкү күндө бул тема ачык айыптоо деңгээлине чыкты.
Күздө өтчү шайлоону утурлай республикачылар башкы көзүрүн алып чыкты. Анын АКШ президентинин уулуна таандык лэптоп экенин көпчүлүк билет. Ремонт жасалып жатканда унутта калган бул лэптопто Американын башкы үй-бүлөсүнүн уятын чыгара турган материалдар арбын. Түп нуска экенин демократтарга иштеген ЖМКлар да моюндашты. Буга чейин эки жыл бою бардык коюлган кинени "калп айтып жатасыңар" менен жеңип келишкен. Байдендердин тагдырына россиялык журналист Виктория Никифорова баам салып, макала РИА Новости сайтына жарыяланды.
Баңги, аракеч, паракор, порно менен сойкулардан көз каранды сүрөтчү — Хантер Байден тууралуу билбегенибиз жок дечү элек. Жок, бар экен, ноутбуктагы жаңы маалыматтардан көз жайнайт. Хантердин кайсы кадамы кайдыгер калтырып, кайсынысы эсти оодарып жатканын да байкоо кызык. Карап отуруп америкалыктарды улут катары жакшылап таанып алууга болот.
Хантер Байдендин Украинадагы аскердик биолабораториялар жана өтө кооптуу вирустарды иштеп чыгууга инвестиция салышы андай деле ызы-чуу салган жок. Ал лабораторияларда эмне иш жүргөн, байкуш украиналыктарды кандай оору жуктуруп сыноолорду өткөрүшкөн, Хантер миллиондогон долларларды эмне максат менен которгон, дагы кандай вирустар чыкмак? Бүтүндөй ааламдын тынчын алган бул суроолорго Америка башын оорутуп убара болгон жок. Эрке баланын кезектеги оюну катары кабыл алышты.
Бирок жылаңачтанган Хантердин курал алып мейманканада дагы бир жылаңач кыз менен жүргөнү америкалыктарды бир топ уу-дуу түшүрдү.
Жо Байден кирген демократиялык партия курал сатууга чектөө киргизүү же таптакыр тыюу керек деп какшап келет. Массалык киши өлтүрүү катталганда (акыркы убакта көбөйүп кетти) эле демократтар баягы ырын баштайт.
Уулу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Батышта Путинге атаандаш болчу киши калбай калды. Лидерлер майдаланууда
Бирок ошол эле маалда президенттин уулу улам жаңы курал сатып алып, мактануу менен алек, бул боюнча мурунку аялынын эскерүүсү да бар. Одоно көрүнүш. Ок атуучу куралга тыюу салуу дегенге караманча каршы республикачылар тургай Хантерге атасын да, партияны да сөзгө калтырды деп демократтар да нааразы.
Бирок эң эле чуулуусу булар эмес. Америкалыктарды акча көбүрөөк түйшөлтөт. Хантер Байден өз өмүрүндө бир нече жолу итке минип калган абалга жеткен, бир ирет кызынын колледжине деп топтогон акчага да кол салганы маалым. Бирок бутуна туруп ирденип, кайра эле баңги менен сойкуларга акчаны оңду-солду чачып жашап келет.
20 жыл ичинде Хантердин колунан өткөн акча он миллиондоп саналат. Кайдан алат мынча акчаны, кайсы эмгеги үчүн? Атасы менен бөлүшчү беле? Жо Байден донаторлоруна төлөп берүү үчүн сенаторлугун, вице-президенттигин, андан соң президенттигин пайдаланды беле? Ажонун бир тууганы Жим Байдендин буга тиешеси барбы?
Албетте "АКШда коррупция жок". 30 жылдан бери уга берип кулак бышты. Коррупция америкалыктардын пикиринде тээ алыстагы жапайы элдерде өнүккөн. АКШда бул "лобби кылуу" же "юридикалык кызмат көрсөтүү", "бизнести илгерилетүү үчүн жардам берүү" деп аталат. Коррупциянын жыты да жок.
Бирок Байдендердин айланасында оолактоо байкала баштады. "Пара" деген сөз жаңыра элек, бирок акырындап ошого келе жатат.
Хантер Байдендин мурунку жубайы Кейтлин Буленин мемуарлар жазылган "If We Break" ("Эгер ажыраша турган болсок") деген китеби мунун алгачкы карлыгачы десек жаңылышпайбыз. Китепте АКШнын Салык кызматына карыз болгон Хантер маселени кандайдыр бир жол менен чечип бас-бас болгону кыйытылат.
Бул америкалыктар үчүн кабыл алууга өтө оор маселе. Катардагы карапайым адам салыкчылардан аябай коркот, демек, кимдир бирөөлөр үчүн бармак басты, көз кысты мамилеге нааразы болушу да кадыресе көрүнүш. Элдин каарынан улам 2020-жылы Делавэр штатынын федералдык прокурорлору Хантер Байдендин салык шылуундугу боюнча иликтөө баштоого аргасыз болгон.
Россия президенти Владимир Путиндин учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Байден Сауд Арабиясына, Путин Иранга жол тартат. Тынчтыкка ким көбүрөөк кызыкдар?
Антейин десең Делавэр АКШнын чок ортосунда жайгашкан классикалык офшор экени маалым. Дүйнө жүзүндөгү ири корпорациялардын ээлери салыктан качып акчасын ушул жерге катат. Иликтөө ушу кезге чейин уланууда. Акчаны адалдоо, чет элдик кызыкчылыкты лоббилөө тууралуу да айтылып келет, бирок эч кандай жыйынтык жок.
Ошол эле лэптопко Жо Байдендин 2018-жылы уулуна кайрылган сөзү жазылып калган. Андан уулуна болгон камкордугу, мээрими көрүнүп турат. Жо Байден уулуна "Нью-Йорк Таймс" гезитине чыккан иликтөө тууралуу эскертип, макала "мыкты" болгонун айткан. "Баарынан тазаландың окшойт, — дейт Жо Байден. — Мүмкүнчүлүгүң болгондо чалып кой, жакшы көрөм".
"Баарынан тазаландың окшойт" дегени Хантердин кандайдыр бир ыплас нерсеге аралашып, аны журналисттердин билип калганын түшүндүрөт. Чынында эле 2018-жылдын 12-декабрында "Нью-Йорк Таймс" гезитине чыккан макалада Хантер Байден менен кытайлык ишкер Патрик Хонун байланышы тууралуу айтылат. Бирок автор иликтөөнүн жебесин чеберлик менен Хантерден буруп кетип, президенттин уулу суудан кургак чыгып кеткен. Хо менен байланышынын деталдары кечээ жакында эле белгилүү болду.
Көрсө Патрик Хо Хантерге "юридикалык кызматы" үчүн миллион доллар которуптур. Кайсы кызмат? Хантердин адвокат болгонун элестетүү кыйын. Акысы да өтө эле жогору. АКШ вице-президентинин уулу кытайлык ишкерди калкалаган деген ой келбей койбойт. Анын үстүнө Кеннеди аэропортуна федералдардын кылтагына илинген Хо биринчи эле Жеймс Байденге чалганы көп нерсенин башын кылтыйтып турат.
New York Post гезитинин жазганына караганда, Хантердин атасы Жо менен анын бир тууганы Жим Хо менен нефть боюнча баасы миллиондорду чапчыган биргелешкен өнөктөштүк түзгөн. "Он пайызы Чоң жигитке кетет", — деп жазган Хантер кытайлык ишкерге. "Чоң жигити" — АКШнын болочок президенти Жо Байден.
Кытайлыктар Хантердин алды-артына түшүп, сыйлап келгени америкалыктар үчүн жаңылык эмес. Бир ирет көлөмдүү бриллиант да тартуу кылышкан. Бирок элге биринчи жолу Жо Байдендин болуп жаткан кылмыштуу окуялар тууралуу мыкты билгени, атургай ага активдүү катышканын кашкайта көрсөткөн далилдер айтылды.
Америкалык коррупциянын жөнөкөйлүгү таң калдырат. Кымбат тамак-аш, кымбат ичимдик, аялдар, баңги, курал, бриллиант... Америкалык атайын кызматтын маалыматы боюнча, Байдендин үй-бүлөсүнө чейин Патрик Хо Африка өлкөлөрүнүн лидерлерин коррупцияга малып келген. АКШда ушул үчүн жазага тартылган. Стиль чынында эле окшош, африкалык ыкма. Анан ушул адамдар күн-түн чырм албай Россиядагы коррупция менен күрөшөт имиш.
АКШнын Россиядагы мурдагы элчиси Майкл Макфол. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2022
АКШнын экс-элчиси: өлкөдө Путиндин Украина боюнча айткандарын колдогондор көп
Бирок бул дагы жетишсиз сыяктанат. Порнороликтеринин биринде Хантер сойкуга Патрик Хо менен болгон бизнеси тууралуу айтып берип жатып "башкы шпион" (fucking chief spy) дейт. Албетте, бизнесмен расмий түрдө иши бөлөк өңүттө. Бирок Хонун Кытайдын чалгын кызматы менен кандайдыр бир байланышы болгонбу деген ой да келет экен. Кытайдын атайын кызматтары адатта алдыңкы бизнесмендер менен тыгыз иштешип келет, эл аралык долбоорлорду ишке ашырып келгендерди жөн эле баса калышат, негизи бул кадыресе көрүнүш.
Ошондо кандай болуп калды? АКШнын болочок президентинин бүлөсү Кытайдын чалгыны үчүн иштеп келген болобу? Муну паракорлук деп да айтууга болбойт, кадимки эле мамлекеттик чыккынчылык бул.
Демократтар далил талап кылышууда. Башкы далил ачык эле көрүнүп турат. Байдендердин Кытайга карата саясаты Дональд Трамп катаалдык менен жүргүзгөн соода согуштарына карама-каршы болууда. Азыр вашингтондук администрация оозунан ак көбүк атып, Кытайга каарын төгүп, Тайванда чыр чыгарууга аракет кылганы менен бизнес өз нугунда. Биргелешкен долбоорлордон америкалык олигархтар маарып жатат.
Жаңы ачыкталган маалыматтардан Хантер Байден Кытайда Google корпорациясынын биринчи адамдарынын кызыкчылыгын көздөгөнү көрүнүп турат. Булар эбактан бери эле АКШ администрациясында чечүүчү ролду ойноп калышкан. Ошол эле Эрик Шмидт Обаманын тушунда эле саясий Олимпке көтөрүлүп, Байдендин мезгилинде да ишин улантууда. Ал негиздеген Google эки жыл бою Байдендин үй-бүлөсүнүн абийирин төккөн маалыматтарды жок кылып, фейк деп келди. Башкаруучуну ким башкарат деген суроо туулбай койбойт экен. Чечимдерди Байден кабыл алып жатабы же америкалык олигархтардын бир ууч тобунун жетегиндеби?
АКШнын республикачы электораты америкалык президент бала-чакасы менен кошо кытайлыктарга сатылып кеткен деген пикирде. Бүгүнкү күндө бул тема ачык айыптоо деңгээлине чыкты. Коррупция, Кытайдын чалгын кызматы менен иштешүү ыктымалдуулугу да бар. Айтор, Байдендерге берилчү суроо күндөн-күнгө көбөйүп барат.
Эгер Хантердин иши чындап иликтенсе, демократтар ноябрдагы шайлоодон утулуп эле тим болбойт, президентинен да кол жууй турган сыяктанып калды.
АКШнын Киевдеги элчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШнын Киевдеги элчилиги америкалыктарды Украинадан кетүүгө чакырды
 Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Калптын империясы. Кытай АКШга мүнөздөмө берди
Жаңылыктар түрмөгү
0