Бишкектен Санкт-Петербургга каттамдардын саны көбөйтүлдү

© Sputnik / Павел БедняковАэропортто жүгү менен жүргүнчү. Архив
Аэропортто жүгү менен жүргүнчү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.07.2022
Жазылуу
Каттамдарды эки авиакомпания жумасына үч жолу аткарууда.
БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Бишкектен Санкт-Петербург шаарына кошумча каттамдар ачылды. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, "Уральские авиалинии" авиакомпаниясы туруктуу каттамдарды шейшемби жана шаршемби күндөрү аткарып жатат.
Мындан тышкары, Бишкек — Санкт-Петербург — Бишкек багыты боюнча авиакаттамдарды "АвиаТрафикКомпани" компаниясы да жумасына бир жолу (ишемби күнү) аткара баштаганы айтылды.
Uzbekistan Airways авиакомпаниясынын учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Ташкенттен Бишкекке каттамдардын саны көбөйтүлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0