WSJ: Сауд Арабия АКШдан кол үзүп, Россияга жакындоодо

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен жолугушуу учурунда. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин Сауд Аравиясынын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Басылма АКШ президенти мураскер ханзаада менен жолукпай койгонун жазган.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Сауд Арабия Россия президенти Владимир Путиндин аракетинин натыйжасында Москвага мурдагыга салыштырмалуу бир топ жакын болуп калды. Бул тууралуу The Wall Street Journal жазганын РИА Новости билдирди.
"Россия лидери падышалыктын мураскор ханзаадасы Мухаммед бен Салман менен мамилесин бекемдей алды. Ошол эле учурда өнүккөн өлкөлөрдүн көпчүлүк бөлүгү андан оолактап жаткан", — деди макаланын автору.
Ошондой эле басылма АКШ президенти Жо Байден, тескерисинче, Мухаммед ханзаада менен жолукпай, жада калса телефон аркылуу дагы сүйлөшпөгөнүн белгилеген. Ал эми шайлоо алдындагы үгүт маалында Сауд Арабияны дүйнө жериген өлкөгө айлантарын айтып кыр көрсөткөнү кошумчаланды.
Журналисттин пикиринде, Эр-Рияд Москвага каршы кадам жасабайт жана Вашингтонго мунай казууда жардам бербейт, абалды Америка президентинин келиши да жөндөй албайт.
"Россия менен Сауд Арабиянын ортосундагы өнөктөштүктүн өнүгүшү Вашингтон менен Эр-Рияддын коопсуздук үчүн мунай казуу жөнүндө келишимин жокко чыгарды. Алардын макулдашуусу дээрлик жарым кылымга созулуп, мамиле түзүүнүн негизги элементи болгон", — деп жазылат макалада.
Россия Украинаны демилитаризациялоо жана денацификациялоо боюнча атайын аскердик операция баштагандан кийин Батыш санкциясын күчөткөн. Кээ бир өлкөлөр россиялык банктардын активдерин тоңдуруп, көптөгөн бренддер чыгып кеткен. Евробиримдик санкциялардын алтынчы пакетин бекитти, тагыраак айтканда, мунайды деңиз аркылуу ташууга акырындык менен тыюу салууда.
Владимир Путин Россияны алсыратуу саясатын Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы деп атады. Анын айтымында, санкциялар дүйнөлүк экономиканын баарына сокку урат, негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоосун оорлоштуруу.
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2022
Эксперт: АКШ Украинадагы ыкмаларын мурда мусулман өлкөлөрүндө колдонгон
Жаңылыктар түрмөгү
0