Күн ысык болобу? Дем алышка карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Тоо аянтында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Ала-Тоо аянтында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2022
Жазылуу
Бишкекте абанын температурасы 38 градуска чейин ысыйт.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызгидромет апта аягындагы эки күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.
Дем алыш күндөрү өлкөнүн дээрлик бардык аймагында күн ачык болот. Айрым жерлерде гана өткүн өтүшү ыктымал. Бишкекте абанын температурасы 38 градуска чейин ысыйт.

Чүй, Талас облустары

Эки облуста тең дем алыш күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй облусунда күндүз абанын температурасы 33…38 градусту көрсөтсө, Таласта күндүн табы 35 градуска жетет.

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары

Түштүк аймактарда да күн ачык жана ысык болору айтылды. Абанын температурасы 39 градуска чейин жетет. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал.

Нарын, Ысык-Көл облустары

Ысык-Көлдө 16-17-июлда күндүз кээ бир жерлерде өткүн өтүшү ыктымал. Чолпон-Атада жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 25 градустан 30 градуска чейин ысыйт. Дем алыш күндөрү Нарындын кээ бир жеринде өткүн өтүшү мүмкүн. Күндүн табы 29 градуска чейин жетет.
Пляжда эс алып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жаан-чачындуу болобу? Июль айына карата аба ырайы
Жаңылыктар түрмөгү
0