00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алдап PIN-кодун сурап алышат. ИИМ банктык карта колдонууда сак болууга чакырат

© Sputnik / Табылды КадырбековБанктык крталар жана акча. Архив
Банктык крталар жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Эсептен акча чыгарып кетүү үчүн картаңыздын номери менен PIN-код гана жетиштүү.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Ички иштер министрлиги кыргызстандыктарга кайрылып, банктык картанын маалыматын белгисиз адамдарга ачыктабоону эскертти.
Милиция алдамчылар колдончу ыкмаларды атап, андан сактануу жолдорун сунуштады.

Кантип тузакка түшүрөт?

Сизге банк картаңыз бөгөттөлдү деген билдирүү жөнөтүп, толук маалымат алуу үчүн белгилүү бир номерге бекер чалуу сунушталат. Ал жактан картаны тейлөөгө жооптуу сервер иштебей калгандыгын айтып, картаңыздын номерин жана аны кайра каттоо үчүн ПИН-код суралат. Муну менен сиз кылмышкердин торуна түшөсүз. Анткени эсебиңизден акча чыгарып кетүү үчүн картаңыздын номери менен PIN-код жетиштүү.

Мындай абалдан кантип чыгуу керек?

Банк картаңыз жок экенин байкасаңыз дароо бөгөттөңүз. Мобилдик банкинг кызматына тез арада көңүл буруңуз. Телефон номериңизди өзгөрткөн болсоңуз, дароо банкка кабарлаңыз.
Картага байланышкан маалыматтарды мезгил-мезгили менен текшерип туруңуз. Эгерде эсептен акча чыгарылганы жөнүндө телефон номериңизге же электрондук почтаңызга билдирүү келсе дароо банкка кайрылыңыз.
Картадан акча жоголгону жөнүндө банкка арыз жазып, анын көчүрмөсүн тиркеп милицияга кайрылыңыз.

Карта колдонуу коопсуздугу

Картаңыздын PIN-кодун эч кимге айтпаңыз. Аны акча салынган сейфтин ачкычы катары караңыз. Эгер PIN-кодду картага жазып койсоңуз уурдатып же жоготкондо аны блоктогонго, эсебиңизди коргоого да үлгүрбөй каласыз.
Карта менен операцияларды жүргүзүүдө коопсуз жерлерде жайгашкан жана видеокөзөмөл тутуму менен жабдылган коопсуздугу күчөтүлгөн банкоматтарды гана колдонуңуз. Мамлекеттик органдар, банктар, ири соода борборлору жана башка жайлар сунушталат. Банкоматтарды видеокөзөмөлү жок колдонгон жарандар кылмышкерлердин кол салуусуна дуушар болушу мүмкүн.
Пластикалык картаңызды өзүңүздөн башка эч ким колдонбошу керек.
Картаны банкоматтын кабыл алуусуна жана клавиатурасына көңүл буруңуз. Эгерде кандайдыр бир кошумча аппараттар менен жабдылган болсо, колдонуудан баш тартып, анда көрсөтүлгөн телефон номерине чалып, шектенүүңүздү билдиргениңиз оң.
Банкомат туура эмес иштеген учурда ал узак убакыт күтүү режиминде болсо же өзүнөн-өзү кайра жүктөлсө, колдонуудан баш тартыңыз. Аны кылмышкерлер кайра программалаган болушу ыктымал.
Соода түйүндөрүндө, ресторандарда жана кафелерде картаңыз менен колдонулган бардык акциялар сиздин катышууңузда болушу керек. Болбосо кылмышкерлер реквизиттерин атайын аппараттар аркылуу алып, кийинчерээк жасалмалоо үчүн колдонушу мүмкүн.
Lalafo тиркемеси жана банктык карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы
Жаңылыктар түрмөгү
0