Картадан акча шыпыргандар көбөйдү. Алданган жигиттин сабак болчу окуясы

© SputnikLalafo тиркемеси жана банктык карталар. Архив
Lalafo тиркемеси жана банктык карталар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Жазылуу
Журналист Эламан Карымшаков башы-көзүңдү айландырып картадан же электрондук капчыктан акчаны алып койчу "гипнотизёрлор" тууралуу жазды. Маңдай тер, таман акы менен тапкан каражатыңызды кумга сиңген суудай жоготуп албайын десеңиз, 6 мүнөт убакыт бөлүп окуп коюңуз.
Банктык карта колдонуп, онлайн соода кылып акчаны накталай эмес кармоо коопсуз деген кеп бар. Бирок заманга жараша бул тармактын да уурулары пайда болду. Ар кандай ыкмалар менен азгырып, картаңдагы акчаны кантип сууруп кеткенин билбей каласың. Шылуундар көбүнчө жарандарды Lalafo жарнамалык сервиси аркылуу тузакка түшүрөт. Себеби эл ичинде кеңири жайылгандыктан бири болбосо бири алдана берет экен. Ошолордун катарына менин досум да кошулду. Ал заматта эле 13 миң сомун алдырып, селейип отуруп калды.

Кантип алданганымды билбей калдым

Байкуш досум Lalafo сервисине бир столду жарнамага койгон. Саналуу көз ирмемден кийин эле WhatsApp мессенжеринен бирөө жазып сатып алууга кызыккан. Шылуундун куулук менен жасаган амалы кандай болгонун досум өзү айтып берсин:
— Жаш кыз катары элес калтырган адам жазып столдун сапатына кызыкты. Видеого тартып берүүнү сурап, андан соң жактырып "бир аз арзандатып бербейсизби?" дегенин кантесиң. Мен да каадаланып башында айткан 4 500 сомдон түшпөй койдум. Анан макул болду да, өзү Таласта экенин айтып, "Кыргыз почтасы" аркылуу салып жиберүүнү суранды. Бир аздан кийин курьер барарын айткан.
© Фото / скриншот с приложения LalafoПереписка обманутого с мошенником
Переписка обманутого с мошенником - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Андан соң "мен акчасын төлөп койдум, ушул шилтеме аркылуу сайтка кирип ырастаманы басып коюңуз, каражат сиздин картаңызга түшөт" деди. Эч нерсени капарга албай жөнөткөн сайтына кирсем банк картасынын номерин, жарактуу мөөнөтүн, арткы бетиндеги үч цифрадан турган CVC кодун жазыш керек экен. Ошондо дагы мээме жеткен жок. Баса, астына картаңызда товардын суммасындай акча жок болсо кабыл ала албайсыз деп жазып коюптур. Баарын жазгандан кийин телефон номериме СМС аркылуу "3D-secure code is" деген сөздөн башталган код келди. Аны терсем улам-улам ката чыга берди. Кайра жазам, кайра СМС менен код келет. Ал порталды да "Кыргыз почтасынын" расмий сайтына окшоштуруп жасап койгонун карасаң. Бир маалда эле байкасам эсебимден 13 242 сомду чыгарып кетиптир, көрөңгө болуп турсун дегенби, айтор, өзүмө 241 сом калтырган экен.
© Фото / скриншот с приложения LalafoПереписка обманутого с мошенником
Переписка обманутого с мошенником - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Ошондо гана алданганымды түшүндүм. Жөнөкөйдө шакылдап иштеген мээм ошондо алдан тайганбы эмне, далактап жатып эч маани бербептирмин. Жаңы жылдын алдында болчу, майрамдын эйфориясына кирип кеткен окшойм. Болбосо картанын артындагы CVC/CVV код жашыруун болорун, күмөндүү сайттарга кирүү кооптуу экенин балакеттей эле билчүмүн.
Анан банкка чалып картаны блоктоттум, эртеси жаңысын алуу үчүн арыз жазганы бардым. Мени аянычтуу көздөрү менен караган банкир кыз кара мүртөздөрдүн капканына түшкөндөрдүн аягы суюлбай жатканына кейиди. Көрсө, телтейип өз колуң менен сыр сөз, коддорду берип койсоң, банк картаны блоктогондон башка чара көрө албайт экен. Милицияга да арыз жазган жокмун, себеби ал жакта менин 13 миң сомумду кайтарып берүүгө жан далбастаган киши болбосун туюп, бекер убара болбоюн дедим. Андан көрө кылмыштын алдын алууга маани берүү керек деп ойлодум.
Ушундай достор, шылуунга олжо болгондордун акыркысы мен болоюн, сиздер сак болуңуздар!

"Кыргыз почтасынын" айласы кеткен окшойт...

Ушундай эле ыкма менен алдангандар көп арызданып, айласын кетирет окшойт, "Кыргыз почтасы" расмий сайтынын башкы бетине чоң кылып "Шылуундардан абайлагыла!" деген эскертүү жазыптыр.
© Фото / ГП "Кыргыз Почтасы"Предупреждение ГП "Кыргыз Почтасы" о мошенниках
Предупреждение ГП Кыргыз Почтасы о мошенниках - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.01.2022
Предупреждение ГП "Кыргыз Почтасы" о мошенниках
"Бизге Lalafo же башка платформалар аркылуу товар сатып алуучулар банктык картанын реквизиттерин сурап жатканы туурасында маалыматтар түшүп жатат. "Кыргыз почтасында" эч кандай төлөм ыкмалары жана жеткирүү кызматтары жок. Биздеги акча которуулар расмий сайт жана тиркеме аркылуу гана жүргүзүлөт. Алдамчылар үчүн биз жоопкерчилик албайбыз, өтө этият болушуңуздарды өтүнөбүз", — деп эскертүү берген.

Lalafo: алдангандар күнүгө кайрылат

Lalafo сервисинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн директору Дарья Суходолова шылуундар пандемиядан кийин көбөйгөнүн билдирди.
"Экономикалык кризис жаралып, эл акчага зарыгып турганда шылуундардын жомогуна оңой ишенип кетүүдө. Мындай окуялар пандемиядан кийин көп каттала баштады. Бизге күнүгө арызданып келгендер болот. Lalafo сервисинин ичинде баары корголгон, шылуундар WhatsApp аркылуу жазып алдап кетип атпайбы. Көбүнчө алар өлкөдөн сырт жакта болот. Биз башында эле коңгуроо кагып мамлекеттик органдарга кайрылганбыз, бирок баары виртуалдуу жасалгандыктан алдамчыларды таап, жоопко тартуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү экен. Андыктан жарандарды карта колдонуу, электрондук соода жүргүзүү эрежелерин жакшылап үйрөнүүгө чакырат элем", — деди Суходолова.
Ошондой эле ал сервистин коопсуздук жагын күчтөндүрүп жатканын белгиледи:
Юридикалык багыт — түрдүү мамлекеттик органдар, банк, төлөм системалары, курьердик кызматтар жана башка уюмдар менен өз ара иштешүү. Тажрыйба алмашып, маселени чечүү жолдорун талкуулоо;
Техникалык багыт — Кыргызстандан башка өлкөдө жүргөндөр сервиске каттала албайт. Эгер аныктала турган болсо дароо текшерилип, аккаунту блоктолот. Жарнамага чет өлкөдөн же шектүүлөр кирсе колдонуучуга эскертүү жөнөтүлөт. Адекваттуу сатуучу жана сатып алуучулардын аянтчасы дагы түзүлгөн.

Банк адисинин кеңеши

Кыргызстандагы банктардын биринин филиалынын директору банктык карта, интернет банкинг жана электрондук капчыкты коопсуз колдонуу үчүн кеңештери менен бөлүштү.
1.
Банк эч качан картада көрсөтүлгөн пинкодду жана CVV/CVC кодун сурабайт;
2.
Эч качан бирөөгө картаңызды сүрөткө тартып жөнөтпөңүз. Эсебиңиздин номерин жазып гана жибериңиз;
3.
Эч кимге пинкод/пароль же CVV/CVC код жана картанын жарактуу мөөнөтү тууралуу маалыматты бербеңиз;
4.
Түшүнүксүз жана күмөндүү интернет ресурстарына кирип картанын жашыруун маалыматтарын жазбаңыз;
5.
Сак болуңуз, картаны абайлап колдонуңуз, ал жөн гана кооз жасалган пластик эмес, капчыгыңыз экенин түшүнүңүз.
Банк карталары жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Насыя картасы же "кредитканын" эмне пайдасы бар? Кыргызстандагы банктардын шарты
Банковские карты VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.11.2021
Банктык картадагы акчаны шылуундардан кантип коргосо болот? Жол-жобосу
Жаңылыктар түрмөгү
0