Евро билинер-билинбес түштү. 12-июлга карата Бишкектеги кырдаал

© Sputnik / Табылды КадырбековЕвро купюралары. Архив
Евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2022
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат. Бүгүн дүйшөмбүдөгү баа менен салыштырабыз.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Өткөн аптада евро менен доллардын курсу төмөндөдү, ал эми дизель майынын баасы көтөрүлүп, алтын куймаларынын наркы мурдагыдай эле калды.
Дүйшөмбү күндөгү бул маалга салыштырсак, доллардын орточо баасы 14 тыйынга түштү. Адатта алар акча алмаштыруучу жайларда кымбатыраак турат: сатып алуу 83 сом, кайра сатуу 84 сом. Европанын валютасы да арзандап, сатуу жана сатып алуу 1,68 тыйынга түшүп кеткен.
Рубль менен теңгенин наркы анча өзгөрүлгөн жок.
Күйүүчү жана майлоочу майлардын баасы "Роснефть" (дизель баасы 0,8 сомго көтөрүлдү) май куюучу бекетти албаганда ошол калыбында турат.
Жума күнгө салыштырмалуу алтын куймалары негизинен өзгөргөн жок, болгону 100 граммдык уютма 611,5 сомго арзандады.
АКШ долларлар эсептөөчү машинада. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.07.2022
Кыргызстандан чыгарылган акчанын суммасы 2 айдан бери рекорд жаратууда
Жаңылыктар түрмөгү
0