Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо маселесин талкуулады

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРКыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо маселесин талкуулады иштери
Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны демаркациялоо маселесин талкуулады иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Тараптар демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдаган.
БИШКЕК, 8-июл — Sputnik. Өзбекстан менен Кыргызстандын чек араны демаркациялоону макулдашуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети кабарлады.
© Фото / пресс-служба кабинета министров КРДелегации Кыргызстана и Узбекистана провели встречу по демаркация границ
Делегации Кыргызстана и Узбекистана провели встречу по демаркация границ  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жолугушуу 4-8-июль күндөрү коңшу мамлекеттин Анжиян шаарында өттү.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун даярдаган.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөн. Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлган.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.
Россиянын Чек ара кызматынын аскери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына узак мөөнөткө жер тилкесин ижарага берет
Жаңылыктар түрмөгү
0