"Бишкек суу канал" суу жана агындыга болгон тарифти жогорулатууну карап жатат

© AFP / ALASTAIR PIKEСтаканга суу алып жаткан адам. Архив
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.07.2022
Жазылуу
Ишкананын жамааты шаардыктардан суу боюнча карызын өндүрүүнүн натыйжалуу системасын иштеп чыгууну суранууда.
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Эскилиги жеткен инженердик тармактар менен түтүктөрдү алмаштыруу үчүн сууга жана агындыга болгон тарифтик саясатты карап чыгуу зарыл. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Депутат Эльвира Сурабалдиева "Бишкек суу канал" ишканасынын жамааты менен жолуккан. Ал жерде иштегендер элдин иче турган таза сууну ысырапчылык менен колдонуп жаткандыгын айтып, алардан суу боюнча карызды өндүрүүнүн натыйжалуу системасын иштеп чыгууну суранышкан.
Жолугушуу учурунда электр кубатынын, күйүүчү майдын, суу менен камсыздоо жана суу кетирүү системаларына керектүү метериалдар менен жабдуулар кымбаттап жатканын айтылды.
"Суу жана агындылардын тарифи өз баасынан бир топ төмөн болгондуктан башкармалык чыгымга учурап жатат. Бүгүнкү күндө суу түтүктөрү жана канализация тармагындагы жабдуулардын 70 пайызга чейинкиси эскирген. Эскилиги жеткен инженердик тармактар менен түтүктөрдү алмаштыруу үчүн тарифтик саясатты карап чыгуу зарыл", — деп айтылган маалыматта.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Мэр Мамбетов Ошто сууну тазалоо боюнча эки долбоор даярдалып жатканын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0