00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
14:55
5 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
17:04
42 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
2 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Личный интерес
Безопасность СНГ: ветеран спецслужб о ключевых решениях заседания ОДКБ
20:08
46 мин
Ачык кеп
“Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы 2024-жылы 497 миллион сом каражат үнөмдөдү
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэр Мамбетов Ошто сууну тазалоо боюнча эки долбоор даярдалып жатканын айтты

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Алмаз Мамбетов
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2022
Жазылуу
Биринчи долбоорду ишке ашырууга тендер июль айында жарыяланат, экинчиси пилоттук негизде киргизилет.
БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бүгүн, 23-майда, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов журналисттерге жамгыр жана сел учурунда жарандарды таза суу менен камсыздоо маселесин чечүүгө багытталган долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, жарандарды таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында Ак-Буура дарыясынын жогору жагындагы суу алуучу тосмону 2,4 чакырымга жылдыруу долбоору даярдалган.
“Азыркы “Плотина” суу тосмосунан диаметри 1000 миллиметр болгон суу түтүгүн тартуу пландалууда. Бул долбоор нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкын учурунда таза суу берүү маселесин 75-80 пайызга чечет. Долбоор министрлер кабинети тарабынан колдоого алынып, долбоордук-сметалык документтер даярдалган. Бул иштерди аткаруу үчүн июль айында тендер жарыяланат”, — деген Мамбетов.
Аталган долбоордун баасы 3 миллион доллар, ага гранттык негизде Азия өнүктүрүү банкы колдоо көрсөтөт.
Мындан сырткары, мэр сууну мембраналык тазалоо киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип жатканын айтты. Бул ылайлануу күчөгөн учурда тазалоо көрсөткүчүн жогорулатарын белгиледи.
“Бул технология азыр Бакуда активдүү колдонулуп жатат, ал жерге маселени тереңирээк изилдөө үчүн тиешелүү адистер жиберилет. Ал эми Казакстанда аз көлөмдө колдонулат. Биз пилоттук негизде киргизүүнү пландап жатабыз, эгер ал өзүн актаса, кеңири масштабда пайдаланабыз. Анда суткалык тазалоо 150 миң куб метрден кем эмес болот. Аны ишке ашырууга 10 миллион доллар керектелет”, — деди калаа мэри.
Ош шаарында 300 миңден ашуун суу колдонуучу расмий катталган. Калаа тургундарына таза суу Ак-Буура дарыясынан ачык суу сактагыч ыкмасы менен берилет. Катуу жамгыр жааганда дарыя ылайланып, элге суу берүү кээде эки-үч күнгө токтоп калат. Бул — шаардыктардын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири.
Депутат Таалайбек Сарыбашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.05.2022
Сарыбашев: өкмөт Оштун таза суусуна каралган 3 млн. долларды атайын бербей жатат
Жаңылыктар түрмөгү
0