Казакстанда кумшекер талашкан адамдар дүкөндү каптап калды. Видео

© Sputnik / Виталий АньковКум шекер. Архив
Кум шекер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.07.2022
Жазылуу
Кант ар бир адамга 3 килограммдан сатылып жаткан, ошондуктан дүкөнгө эл үй-бүлөсү менен жабыла келген.
БИШКЕК, 3-июл. — Sputnik. Коңшу өлкөнүн Семей шаарында эл 495 теңгеден (83,3 сом) сатылып жаткан кумшекерди талашып бири-бирин тебелеп кете жаздады. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги Telegram каналына жазды.
Дүкөндө ар бир адамга 3 килограммдан гана сатылып жаткан, ошондуктан эл үй-бүлөсү менен жабыла келген.
Буга чейин Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов ажиотаждан пайдаланып кээ бир адамдар 700-800 теңгеден (120 сом) сатып жатканын билдирген. Анын айтымында, кумшекердин орточо баасы 480-490 теңге гана болушу керек.
Дүкөндөгү кумшекер сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Кумшекер бар, дүрбөлөң түшүүгө негиз жок. Министр элге кайрылды
Жаңылыктар түрмөгү
0