Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айтикул уулу: Бишкекте балдар жол кырсыгынан каза болгон учурлар көбөйдү

© Sputnik / Асель СыдыковаБишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.07.2022
Жазылуу
Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кечки саат 18:00-00:00 аралыгында балдар катышкан жол кырсыктары көбүрөөк катталып жатканын айтты.
Бишкекте жалпы билим берүүчү муниципалдык 104 мектеп жайгашкан. Алардын ар бирине милициянын офицердик курамынын экиден кызматкери бекитилген. Алар окуу жылында айрыкча эртең мененки саат 7ден 8ге чейин жол чырактардын жанында туруп, окуучулардын коопсуздугун көзөмөлдөп турат. Алар мектептин айланасындагы жолдордун, жол белгилеринин абалын да карашат. Бул тууралуу Байказы Айтикул уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Айтикул уулу: Бишкекте балдар жол кырсыгынан каза болгон учурлар көбөйдү
Анын айтымында, көп учурда жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кеткен жол кырсыктары катталып жатат.
"Өспүрүмдөр катышкан кырсыктарды болтурбоо, алардын коопсуздугун камсыздоо, алдын алуу чараларын көрүү бул милициянын Кайгуул кызмат башкармалыгынын бирден-бир негизги багыттарынын бири. 2022-жылдын акыркы беш айын алсак, Бишкекте балдар катышкан 282 жол кырсыгы катталган. Ошондой эле 293 жөө жүргүнчү жол кырсыктарынан ар кандай жаракаттар алып, тилекке каршы, эки бала каза болгон. Бул көрсөткүч 2021-жылдын ушул күндөрүнө салыштырмалуу 23 пайызга (республика боюнча 50 пайызга) көп. Ал эми аталган кырсыктардын басымдуулугу унаа менен адамдардын кыймылы көп Ленин районунда катталды. Анализдин жыйынтыгын карасак, дүйшөмбү күндөрү жана кечки саат 18:00-00:00 аралыгында балдар катышкан жол кырсыгы арбын катталган. Андыктан милициянын кайгуул кызматынын өздүк курамына кечки нөөмөткө чыкканда өспүрүмдөр көп жүргөн аймактарды жөө кыдырып көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Азыркы учурда ата-энелер балдарынын коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү мамиле жасабай жатат. Каалаган жеринен балдарын жетелеп алып жолду кесип өтүп кетишет. Бала көчөгө жалгыз чыкканда көргөн-билгенин жасайт. Ошондуктан эң биринчи кезекте ата-эне өспүрүмдөргө жол кыймылынын эрежелерин үйрөтсө жакшы болот эле", — деди Айтикул уулу.
Ал Бишкек милициясынын Кайгуул кызматы мектептерге барып окуучу жана ата-энелерге жол коопсуздугу боюнча атайын сабактарды өтүп турарын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0