Кумтөрдө жылып жаткан карьердин азыркы абалы тууралуу маалымат айтылды

Кумтөр алтын кени - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.06.2022
Жазылуу
Компаниянын кызматкерлери шахтада эмне болуп жатканын бир айдан кийин аныкташкан.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Кумтөр голд компани" (КГК) ишканасы Кумтөр кенинин карьериндеги жараканын абалы азыр кандай экенин айтып берди.
Белгилей кетсек, 18-майда Кумтөр кениндеги "Борбордук" карьеринин чыгыш жана түндүк-чыгыш тарабынан жер кыртышынын жылышы тездей баштаганы айтылып, анын себебин аныктоо үчүн комиссия түзүлгөн.
Компания кырдаалды баалоо үчүн жергиликтүү жана эл аралык эксперттер тартылганын белгиледи.
Бир ай өткөн соң КГКнын адистери абал кандай экенин айтышты. Инженердин орун басары Руслан Маматкулов берген маалыматка караганда, карьер тынымсыз көзөмөлдөнүп, геологдор ар бир таштын канча жылганын карап жатышат. Андыктан корко турган эч нерсе жок.
"Айдоочулар биз аларга көз салып турганыбызды билишет. Коопсуздугун 24 саат бою камсыздайбыз. Менимче, дүйнөдө баары эле мындай деңгээлдеги коопсуздукту камсыздай бербейт. Бизде радарлар жана спутник аркылуу кош башкаруу системасы турат", — деди Маматкулов.
Инженердик бөлүмдүн улук геотехниги Азат Жумабаев кошумчалагандай, деформация зонасында эле жер үстүнөн өтүүчү үч радар орнотулуп, алар аркылуу бардык кыймылдар көрүнүп турат. Техника 13-майдан бери ал жерде болуп, ар бир эки мүнөт сайын маалыматты жаңылоодо.
"Буга чейин аба ырайынын шартына байланыштуу бир аз көбөйгөн болсо, азыр деформация аянты азайып баратат. Жадагалса айрым жерлерди деталдык түрдө карап жатабыз. Мындан тышкары, имараттын ичине байкоочу пунктулар орнотулду", — деп түшүндүрдү геотехник.
Анын аркасында инженердик бөлүмдүн адистери жер массасынын кичине болсо да кыймылы байкаларын кошумчалады.
Ошондой эле кенге көз карандысыз адистер чакырылган, алардын арасында Кыргыз жер казынасын пайдалануу боюнча эксперттер коомунун президенти Ишимбай Чунуев бар. Анын айтымында, КГКнын инженердик бөлүмүнүн кызматкерлери карьердин түндүк-чыгыш тарабындагы жээктердин деформациясынын ылдамдыгы жогорулаганын аныктаары менен абал дыкат көзөмөлдөнүп, алгачкы коркунучта эле бул жумушчу аймакка кирүүгө тыюу салынган. Жабдуулар жана техника башка аймакка көчүрүлгөн.
"Алынган маалыматтарды анализдеп чыктым. Негизинен инженердик бөлүмдүн май айындагы күнүмдүк, жумалык, айлык отчетунда техниканын токтоп калбаганы көрсөтүлгөн. Бир аз токтоп калуу калың жааган кардан жана тумандан гана болгон. Мен муну табигый көрүнүш катары гана классификациялайм", — деди ал.
Адис кошумчалагандай, Кумтөрдөгү эңкейиш болгону 29 градус, адатта бул көрсөткүч 34-36 градуска жетет. Мен 2020, 2021, 2022-жылдардагы жаан-чачын боюнча маалыматтар менен тааныштым. Жыйынтыгында быйыл апрель-май айларында жаан-чачындын эки эсе көп болгону билинди", — деди Чунуев.
Ал азыркы кырдаал кадыресе иш процесси деген тыянакка келди.
Кумтөрдүн жаңы кеңсеси - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
"Кумтөр" имараттын ээси ижарага канча акча сурап жаткандыгын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0