"Бул башталышы гана". Европада заводдор токтоп калды

© AP Photo / Michael ProbstГерманиянын BASF заводу. Архив
Германиянын BASF заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Жазылуу
Европа биримдиги энергетикалык көз карандылыгын төмөндөтүүгө болгон күчүн жумшап келе жатканда россиялык энергетикалык ресурстар таптакыр жетишсиз экени аныкталды.
Баалар асман чапчыйт, ал эми Москванын жабдуусу качан болбосун токтоп калышы ыктымал. Заводдор биринин аркасынан экинчиси өндүрүштү жыйыштырууда. Кимдер ишин убактылуу токтотуп, кайсылары Брюсселдин жаңы энергетикалык саясатынан катуу жабыркаганына Наталья Дембинская баам салган. Анын ушул туурасындагы макаласы РИА Новости сайтына жарык көргөн.

Инфляциялык шок

Жыл башынан бери Европа биримдигиндеги энергетикалык ресурстар 50%га кымбаттап, 13 жылдык максимумга жетти. Инфляция чектен ашты. Эң оболу энергетикалык ресурстардын (39,2%, апрелде 37,5 болчу), азык-түлүк, алкоголь, тамеки, өнөр жай товарларынын эсебинен май айында еврозонанын 19 өлкөсүндө бул көрсөткүч 8,1% деңгээлинде катталды.
Эстония, Латвия, Литвада андан да жогору: 20,1 пайыз, 18,5, 16,4. Экономикасы ири Германия жана Францияда — 8,7 жана 5,8. ФРГда мындай көрсөткүч жарым кылымдан бери каттала элек болчу. Бул – Москвага каршы санкциялардын жана россиялык мунай жана газга жарым-жартылай тыюу салуунун түз кесепети.
Июнь айында Брюссель кара алтындын түтүк аркылуу импортуна эмбарго коюп, бирок көмүр суутектерден толук баш тартууга дааган эмес. Деңиз аркылуу жабдуу дале уланууда. Тыюу салууларга карабастан бул алар үчүн абдан кымбатка түштү. Керектөөчүлөр да, өнөр жай да ошол чектөөлөрдүн азабын тартууда.
Байкоочулар Европа биримдигинин экономикасы каатчылыктын астанасында гана турганын, бул – керектөө рыногундагы инфляциялык цунаминин башаты эле... Мындан ары да баалар асмандай берерин өндүрүшчүлөрдүн кескин өскөн индекси айгинелеп турат: бул жылдык көрсөткүчтө 36,8 пайызды түзөт.
Spiegel сайты санкциялардын алтынчы топтомунун алкагында россиялык мунайга Европа биримдиги тарабынан жарым-жартылай салынган тыюу бааларды асман чапчытып, пайыздык ченди жогорулатып, кирешени азайтып, калктын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтөрүн белгилейт. Аталган басылмага Bruegel изилдөө борборунун директору Гунтрам Вольф инфляциялык басым күчөп, рыноктогу кырдаал начарлай турганын билдирген.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2022
Медведев: Европада энергетикалык кризис күчөй берет

Биринин артынан бири...

Былтыр күзүндө эле көгүлтүр оттун наркы европалык химиялык өнөр жайды катуу солгундаткан. Норвегиялык Yara International ASA компаниясы минералдык жер семирткичтерди чыгарууну 40 пайызга кыскарткан.
Британиялык CF Industries компаниясы эки заводун жаап, айрым кубаттуулукту германиялык BASF SE ишканасы да бекиткен. Эми The Wall Street Journal маалымдагандай, алардын артынан башка компаниялар да ушундай кадамдарга барышты.
Энергетикалык чыгымдары өтө көбөйүп кеткендиктен ондогон жылдар бою россиялык арзан мунайды колдонуп келген бир нече ишкана өндүрүштү утурумдук токтоткон. Анын ордун толуктоо үчүн бир топ түйшүктөнөрү турулуу. Эгер Москва көгүлтүр отту берүүнү толугу менен токтотсо, иш токтоп калары бышык.
Рубль менен төлөөдөн баш тарткандары үчүн "Газпром" Болгария, Финляндия жана Польшага газ түтүктөрүн жапкан. Европа биримдигинин газдын импортунда Россиянын үлүшү 40%га чукулдайт.
Италиянын экологиялык өткөөл министри Роберто Чинголани май айында "Европа биримдигиндегилер укуктук база жана кесепеттерин талдап бүткөнчө" рубль менен төлөөгө убактылуу берүүгө үндөгөн. 15-июнда италиялык Eni компаниясы "Газпром" көгүлтүр от көлөмүн кыскарткан. Себептери ачыкталган эмес.
Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Британия премьери: дүйнөнүн Украина көйүнөн тажай баштаганы байкалууда

Домино принциби

Ушул тапта АКШ, Жакынкы Чыгыш жана башка чөлкөмдөрдө энергетикалык ресурстардын баасы Европага караганда кыйла төмөн. Маселен, Европа биримдигинде газ америкалык рынокто баага салыштырмалуу үч эсе кымбат. Ошол себептен европалык ишканалар атаандаштыкка туруштук бере алгыдай абалда эмес.
Мындай шарттар бардык тармактарда байкалып, айрыкча химиялык өнөр жай азап тартууда. OCI NV директору Ахмед Эль-Хошинин маалыматына таянсак, компания Нидерланддагы заводунда аммиак өндүрүш көлөмүн азайтып, эми аны АКШ, Египет жана Алжирден импорттоодо.
Улуу Британияда азоттук жер семирткичтер рыногунда үлкөн ишканалардын бири, Ince заводу жабылды. CF Fertilisers компаниясынын кожоюну бул жагдай азык-түлүк менен жабдуу чынжырын бузарын эскерткен. Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, Бириккен Королдукта инфляция май айында 40 жылдык рекордду кагып, тогуз пайызга жеткен. Make UK кайра иштетүү ишканалар федерациясынын эсебинде, британиялык компаниялардын 17%ы "энергия сыйымдуу өндүрүмдөрдү чыгарууну" азайткан.
Металлургдар да жабыр тартууда. Март айынан тарта ArcelorMittal корпорациясы болот куюучу цехтерди кымгуут маалда токтотууда. Ал эми бул – жумуш убактысынын үчтөн бир бөлүгү. Acerinox компаниясы Испаниянын Альхесирас шаарындагы жападан жалгыз заводун жапты.
Испаниядагы штаб-квартира менен Celsa болот куюучу холдинги Барселонадагы жылдык кубаттуулугу 2,5 миллион тонналык ишканасын убактылуу жаап турууга белсенди.
Европа "Путин түтүктөрдү бекитип коет" деп чочулап, көгүлтүр отту жөнгө салууга камылга көрүүдө. "Газпромдун" жакындагы эле "Түндүк агым" боюнча газ сордурууну азайтканы жөнүндөгү билдирүүсүнөн соң көгүлтүр от миң куб метрине 1200 евродон ашты. Бардык жоромолдор боюнча электр энергиясына кеткен жогорку чыгымдар Европа биримдигиндеги өнөр жай өндүрүшүн солгундатып, экономикалык өсүштү басаңдата алат.
Индиядагы мунай танкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
АКШ менен ЕБ россиялык мунайды сатып алуунун жолун табышты. Сереп
Жаңылыктар түрмөгү
0