АКШ менен ЕБ россиялык мунайды сатып алуунун жолун табышты. Сереп

© AFP / SAM PANTHAKYИндиядагы мунай танкери. Архив
Индиядагы мунай танкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Вашингтон менен Брюссель россиялык мунайдан баш тартканы менен сатып алууну токтотуша элек. Европалыктар "латвиялык аралашманы" алып жаткандарына бир топ болду. Эми америкалык компаниялар да ыгын таап, айланма жолдорду пайдаланууда.
Мунай сатуучулар "камсыздоону үзгүлтүккө учуратпоо үчүн" товардын тегин эбин таап жашырууда. Ал эми россиялык өндүрүшчүлөр "санкциялардан бир кадамга алдыда". "Тыюу салынган" ресурстар Батышка кантип жетүүдө? Ушул маселенин тегерегинде талдоо салган Наталья Дембинскаянын макаласы РИА Новости сайтына чыккан.

Кызуу "иштеген" схемалар

Кошмо Штаттарда апрель айынан тарта көмүр суутектерди импорттоого тыюу салынган. Бирок андан бир ай өтпөй Нью-Йорк менен Нью-Жерсинин портторуна болжол менен россиялык мунай жүктөлгөн танкерлер келген. The Wall Street Journal булагына таянсак, жүк жөнөтүүчүлөр, кайра иштетүүчүлөр товардын өндүрүлгөн жерин жашырып, бирок дүйнөлүк рынокту камсыздоодо. Ошентип Нью-Йорк жана Нью-Жерси штаттарына жарым-жартылай россиялык сырьедон даярдалган күйүүчү май барган.
АКШга мунай өндүрүмү индиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордон Суэц каналы жана Атлантика аркылуу барат. Жүк түшүрүлгөндөгү документтерге, Refinitiv аналитикалык компаниясынын жана Хельсинки Энергетика жана таза абаны изилдөө борборунун маалыматтарына ылайык, бул компаниялар россиялык көмүр суутектерди сатып алуучу ири ишканалар.
Айланма жолдор менен россиялык күйүүчү май Европага да барат. Апрель айында эле Bloomberg агенттиги европалык ишканалар чектөөлөрдүн ыгын таап: трейдерлер мунайдын ар кыл сортторунан турган латвиялык аралашманы сатып жатканын маалымдаган. Анын курамында россиялык мунай 50 пайыздан кем эмес. Мунай сатуучулардын айтымында, Shell компаниясы муну санкцияларды бузуу деп эсептебейт.

Эпчил Индия

Эми катарга "индиялык-россиялык" мунай кошулду. Апрелде Россиядан көмүр суутектерди сатып алууда Азия алгач ирет Европадан озуп кеткен. Айрыкча Индия көп сатып алган: февралдан тарта 62,5 миллион баррелдин тегерегинде, бул былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көлөмгө салыштырмалуу үч эсеге көп.
Көктөмдөн бери Индиянын Европаны мунай өндүрүмдөрү менен камсыздоосу да 30 пайызга, ал эми АКШга жөнөткөн көлөмү 43 пайызга жогорулаган. Ошентип Россиядан сырьену арзан (азыр бул 20 пайыздын айланасында, Urals баррелине 89-92 доллардан сатылат) алуу менен Индия кайра сатууда дурус пайда көрүүдө.
Индиядан энергетикалык ресурстарды сатып алуучулардын баш сабында мунайды кайра иштетүүчү жеке ишканалар турат. Мамлекеттик компаниялар адатта жылдык келишим боюнча алышат.
Батыш ишканалары россиялык мунайдан обочолонуп турганда мунайды кайра иштетүүчү индиялык заводдор, маселен, Reliance Industries жана Nayara Energy быйыл эң ири импортчуларга айланганын маалымдайт NDTV телеканалы.
Кайра иштетүүчүлөр ички сатыкты кыскартып сыртка, анын ичинде Европага да экспорт көлөмүн болушунча жогорулатуунун эсебинен чоң пайда таап жаткандарын жашырышпайт.
"Кирешелүүлүгү баррелине 30 доллардан ашырууга аракет кылабыз", — деп билдирген аталган телеканалга заводдордун биринин өкүлү.
Россия жана ЕБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия сабагы: дүйнө эми Батышка ынанбайт

"Арзандатып берүүгө да шартыбыз бар"

Азиялыктар учурдан пайдаланып, бирдей баадагы мунайдын корун топтоп кайра сатуудан кыйла пайда көрүштү. Бирок Россиянын да мында эч кандай жоготуусу жок. Мунайды сатуу зарыл, антпесе аны өндүрүү көлөмүн азайтууга туура келмек. Ал эми бул үчүн скважиналарды тоңдуруп, кийин кайра ачып отуруп, ого эле көп чыгымга тушуктурмак.
Рекорддук наркынан улам энергетикалык ресурстарды экспорттоодон РФте киреше бир жарым эсеге көбөйгөн. Мунай жана көгүлтүр отту сатуудан апрель айында 1,8 триллион рубль (мартта — 1,2) түшкөн. Ошентип январь — апрель айында эле федералдык бюджет быйылкы жылга пландалган 9,5 триллион рублдин жарымын алган.
"Баа азыр ушунчалык жогору болгондуктан арзандатууга да, "айланма экспортко" да жол бере алабыз. Анан да мындан ары баа улам жогорулап отурат. Эң оболу буга танкерлердин өтө тартыштыгы себеп.
Батыш мунайды кайдан алат? Латын Америкасы, Африка жана Жакынкы Чыгыш калат. Бирок ал жактан көмүр суутек деңиз аркылуу гана танкерлер менен ташылат. Ушул тапта кеме менен жүк ташуунун чени 50 пайызга өсүп, соңку он жылдагы рекорддук деңгээлге чыкты", — дейт өнөр жай боюнча көз карандысыз эксперт Леонид Хазанов.

"Россиялык из"

Ошентсе да айрым байкоочулар бул индиялык багыт коркунучта экенинен коңгуроо кагышат. Дели мунай өндүрүмдөрүн, анын ичинде бензинди көп экспорттойт. Бирок Индиядагы The Economic Times маалымдагандай, Австралия, АКШ жана Европа Россиядан күйүүчү май сатып алууга тыюу салууда. Санкцияларга бөлөк өлкөлөрдүн россиялык мунайдан өндүрүлгөн продукциялар да кабылышы ыктымал.
Куру дегенде эле Батыш мамлекеттери индиялык экспортчулардан сырьенун кайдан алынганы тууралуу кеңири отчет талап кыла баштайт. Бирок эксперттер "россиялык изди" табуу бир топ кыйынга турарын айтышат.
Токтотуу белгиси Евробиримдиктин желегин жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинанын кыялы аткарылды: Европа акча бөлөт, бирок карызга…
"Эч нерсе табылбагандай кылып документтерди толтуруп коюуга болот. Эң жөнөкөй жолу: россиялык ESPO (сибирдик мунайдын аз күкүрттүү сорту) танкерлерге куюп, Индиядан келген кемеге өтөбүз. Ал жакта Жакынкы Чыгыш тараптан мунай бар. Белгилүү бир: саудиялык мунайдан 70, россиялык мунайдан 30 пайыздык катышта куябыз. Андай аралашманы Индияга жөнөтөбүз. Эр болсоң – текшерип көр", — дейт Хазанов.
Дагы бир учуру бар. Европа башка аймактардын көмүр суутектерине заматта өтүп кете албайт. Себеби мунайды кайра иштетүүчү заводдорду ага тууралоо абзел, ал эми буга эки жылдан төрт жылга чейинки убакыт жумшалат. Бул убакыт аралыгында өтө катаал таңсыктык жаралып, анын айынан Европа биримдигинин экономикасы кыйрап калышы да ыктымал. Ошондуктан европалыктар эмне аралашма экени, анын кайдан келгенине кайыл болууга аргасыз. Ал тургай Россиядан алынчу мунай өндүрүмдөрдүн көлөмүн көбөйтүүгө да туура келиши мүмкүн.

Көктү көксөшөт

Ал эми азырынча Европа биримдиги россиялык мунайга мурункудай эле тыюу салууда. Жыл соңунда импорттун 90 пайызынан баш тартууну көздөп туру. Ошол эле убакта АКШ президенти Жо Байден күтүүсүз билдирүү жасоого да үлгүрдү. Анын айтымында, Батышта россиялык сырьену рыноктук баасынан да арзан сатып алуу мүмкүндүгү талкууланууда.
"Европа россиялык мунайды сатып алууну дагы чектөөнү көздөп турганда сиздерде көйгөй жаралды. Эмне кылууга болору тууралуу ой кызуу калчанууда: балким мунайды төмөндөтүлгөн баада сатып алуу керектир", — дейт ал.
Кремль андайга үмүт артууга да болбостугун билдирди. "Ал жакта ансыз да логистикалык маселелер дүйнөлүк энергетикалык рыноктун солгундашына кептегени турат. Бирок, албетте, Россия өзүн чыгымга батырчудай эч нерсе сатпайт. Бир жерде суроо-талап азая түшсө, башка жактарда жогорулайт. Азыр агымдардын багытын тууралоо жүрүүдө", — деп билдирди РФ президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
Европа башка аймактардан мунай таба аларына Швейцариянын экономика министри Ги Пармелендин да көзү жетпейт. Россияга каршы санкциялар Украинадагы согуштук аракеттерди тезинен токтотуу максатында салынган, анткен менен алигүнчө алардан майнап чыккан жок деп моюнга алат швейцариялык аткаминер Blick басылмасына берген маегинде.
Саясатчы жаңы киргизилген чектөөлөрдүн айынан энергетикалык ресурстардын баасы дагы өсүшүн жоромолдогон. Анын айтымында, Европа, албетте, бул багытты камсыздоонун башка булактарын табууга аракет кылары ырас, бирок "ушул тапта эч кимде даяр чечим жок".
Мунай казуучу станция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
АКШлык экономист санкциялардын Россия менен Батышка тийгизген зыянын салыштырды
Жаңылыктар түрмөгү
0