Акылбек Жапаров РФтин өкмөт башчыларынын орун басарлары менен жолукту

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевМинистрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумунда
Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жазылуу
Министрлер кабинетинин жетекчиси Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода жүгүртүү көлөмү боюнча биринчи орунда турарын айтты.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумдун алкагында Россия өкмөтүнүн жетекчисинин орун басарлары Алексей Оверчук, Александр Новак жана "Россиянын Сбербанкы", "Газпромбанктын" жетекчилери менен жолукту.
Өкмөттүн маалымат кызматы жолугушуу кандай өткөндүгүн кабарлады.
Жапаров россиялык тарап салттуу түрдө форумду жогорку деңгээлде уюштургандыгын айтып, ал экономикалык кызматташуунун эң актуалдуу аспектилери боюнча кадыр-барктуу эл аралык пикир алышуу аянтчасына айлангандыгын кошумчалаган.
"Россия Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири жана соода жүгүртүү көлөмү боюнча биринчи орунда турат. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында өз ара соода жүгүртүү 573,1 млн. долларды түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 21,4 пайызга өскөн. Биз соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө кызыкдарбыз", — деген ал.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле фискалдаштыруу маселелеринде техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирген.
Өз кезегинде Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук соода-экономикалык, транспорт жана энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевXXV Петербургский международный экономический форум
XXV Петербургский международный экономический форум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун жана интеграциялык бирикменин алкагындагы өз ара аракеттенүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган.
Новак да отун-энергетикалык жаатта эки тараптуу кызматташууну бекемдеп жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин айткан.
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевНовак да отун-энергетикалык жаатта эки тараптуу кызматташууну бекемдеп жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин айткан
XXV Петербургский международный экономический форум - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2022
Жапаров "Россиянын Сбербанкы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф, "Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолуккан.
© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Жапаров "Россиянын Сбербанкы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф

Жапаров "Россиянын Сбербанкы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жапаров "Россиянын Сбербанкы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

"Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолуккан

"Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолуккан - Sputnik Кыргызстан
2/2

"Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолуккан

1/2

Жапаров "Россиянын Сбербанкы" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Герман Греф

2/2

"Газпромбанк" акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Матвеев менен жолуккан

Кыргызстандын Финансы министрлиги менен "Газпромбанктын" ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюлган.
Тараптар финансы институттары ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, акча-кредит саясаты маселелери боюнча тажрыйба алмашууну талкуулаган.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
ЕАЭБ туруктуулугун көрсөттү. Жапаровдун Петербург экономикалык форумундагы сөзү
Жаңылыктар түрмөгү
0