Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Оморов: өлкөдө дагы 30дан ашык ГЭС курууга мүмкүндүк бар

© Sputnik / Табылды КадырбековЭнергетика боюнча эксперт, эл аралык экономист Жаныбек Оморов
Энергетика боюнча эксперт, эл аралык экономист Жаныбек Оморов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Энергетика боюнча эксперт, эл аралык экономист Жаныбек Оморов өлкөдө электроэнергиянын тартыштыгы үч миллиард киловаттка жеткенин белгиледи.
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу аймактагы өлкөлөргө да пайдалуу. Бул тууралуу Жаныбек Оморов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Оморов: өлкөдө дагы 30дан ашык ГЭС курууга мүмкүндүк бар
Анын айтымында, келечекте Казакстанда суудан алынган электр энергияга болгон муктаждык өсөт.
"Кыргызстан электр энергиянын көбүн суудан өндүрөт. Бул жагынан алганда көп өлкөлөргө салыштырмалуу абал жакшы. Учурда 15 миллиард киловатт-сааттын тегерегинде электр энергия өндүрүлөт, бирок соңку убактарда дефицит үч миллиардга чыкты. Учурда 16 ГЭС иштеп жатат, бирок дагы 30дан ашык ГЭС курууга мүмкүндүк бар. Алар аркылуу электр энергиясынын экспортун кыйла жогорулатса болот. Кыргызстандын гидропотенциалы коңшу өлкөлөргө дагы пайда алып келет, бирок түшүнбөстүктөрдөн улам саясий бут тосуулар болуп келди. Ошол эле Казакстан энергияны көмүрдөн алып, наркын төмөн кармап келүүдө. Анткен менен атмосфераны булгаганы үчүн төлөбөй келет. Аны төлөй баштагандан тартып Кыргызстандын электр энергиясына муктаждык өсөт. Эгерде аймак экономикалык жактан өнүксө, Кыргызстандын гидропотенциалын Казакстан, Өзбекстан дагы колдонмок. Бирок бул жааттагы рынок өнүкпөй келгендиктен Түштүк Азияга экспорт кылуу үчүн жогорку чыңалуудагы чубалгылар тартыла баштады. Ошондуктан аймактагы бул багыттагы алаканы жакшыртуу үчүн аракеттерди күчөтүү зарыл. Болбосо Евразиялык экономикалык биримдик батышка, Кытайга дагы экономикалык атаандаштыкты уттуруп жатабыз", — деди Оморов.
Ошондой эле ал инвесторлорду тартуу үчүн электр энергияга болгон тарифти карап чыгуу зарыл экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0