Мектептеги билим берүү стандарты 50 пайыз жаңыланат. Долбоордогу өзгөчөлүктөр

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучу сабак учурунда. Архив
Окуучу сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик билим берүү стандартын 50 пайызга чейин жаңылоого белсенип жатат. Долбоор өкмөттүн сайтына коомдук талкууга коюлду.
Долбоордо "окуучуларга 3-класстан тарта баа коюла баштайт, 10-11-класстардын окуучулары айрым предметтерди тандай алат" деген сыяктуу бир нече пунктулар көрсөтүлгөн.
Жаңы стандарттагы өзгөчөлүктөр, түшүнүксүз беренелер боюнча суроолорго Билим берүү академиясынын вице-президенти Токтокан Ашымбаева жооп берди.
— Мамлекеттик билим берүү стандарты жаңыланса, окууда кандай өзгөрүү болот? Мурдагы стандарттан эмнеси менен айырмаланат?
— Мамлекеттик билим берүү стандартынын жаңы долбооруна мурдагы түшүнүктөргө инклюзия, көп тилдүүлүк, гендердик теңчилик сыяктуу заман талабына ылайык 26 түшүнүк киргизилди. Мындан тышкары, алты милдет 14 болуп көбөйтүлдү. Тагыраагы, мурда милдеттер жалпы жонунан эле жазылган болсо, эми ата-эне, мугалим, окуучунун милдеттери ар бирине ылайыкталып жазылып чыкты. Учурда билим берүүнүн багыттары жетөө болсо, жаңы долбоордо филологиялык, социалдык, математикалык, табигый-илимий, искусство жана технологиялар, ден соолук маданияты болуп алтыга азайтуу сунушталууда.
— Ошондо кайсы багыт каякка кошулуп калды?
— Филология "тилдер" деп гана аталып, ага тилдер чөйрөсүндөгү гана предметтер кирген. Ал эми адабият өзүнчө "искусство" деген чөйрөдө турат. Бирок тил менен адабият бири-бири менен тыгыз байланышта. Маселен, тилди үйрөнүш үчүн чыгарма окуш керек, аны талдаш керек дегендей. Ошону эске алып тил менен адабиятты бириктирип "филологиялык чөйрө" деп койдук. Мындан тышкары, искусство жана технологиялар чөйрөсү бириктирилди. Калгандары мурдагыдай эле калды. Ошондо жети билим берүү багыты алтыга кыскарды.
Көчөдө бараткан мектеп бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.06.2022
Тамашалап койду. Мугалимдерди сындаган баланын апасы жана директор эмне дейт
— Жаңыланган долбоордо "10-11-класстардын окуучулары айрым предметтерди өздөрү тандай алышат" деп жазылыптыр. Муну кандай түшүнсө болот?
— Бул 10-11-класстын окуучусу тандай турган кесибине жараша предметти тереңдетип, көбүрөөк саат менен окуйт дегенди түшүндүрөт. Мисалы, жогорку класстын окуучусу медик болом десе, анда химия менен биология сабагын тандап, аны тереңдетип окуйт. Бул үчүн аларга кошумча саат берилет. Башка сабактарды деле окуй берет, болгону тандаган предмети көбүрөөк өтүлөт.
— Окуучулар медиа сабаттуулук жана маалыматтык коопсуздукту үйрөнүшөт деп турат. Бул дагы жаңы киргизилип жаткан окшойт?
— Туура, бул дагы жаңы долбоордо көрсөтүлгөн. Азыр интернетте ар кандай маалыматтар бар. Балдар аны иргебей, биринчи эле алган маалыматка ишенип, аны туура, чын деп көрүп алышууда. Медиа сабаттуулукта окуучулар маалыматты талдаганды үйрөнүшөт.
— Ал кайсы сабактан окутулат?
— Бул бир эле предметтен эмес, ар бир предметте кайсы бир деңгээлде киргизилиши керек.
— Башталгыч класстардын окуу тартиби да өзгөрөт экен.
— Жаңы билим берүү стандартына ылайык, башталгыч класстарга "Мен жана дүйнө" (өзүн-өзү таануу, мекен таануу, табият таануу, турмуш тиричилик коопсуздугунун негиздери, адеп) деген жаңы предмет кирет. Ошондой эле окуучуларга 3-класстан баштап баа коюуну сунуштап жатабыз. Бул эми мамлекеттик билим берүү стандартынын долбоору. Аны бекитип бергенден кийин предметтик стандарттар иштелип чыгат. Ошого жараша жаңы окуу китептери даярдалмакчы.
Эскерте кетсек, мамлекеттик стандарт тууралуу азыркы документ 2014-жылы кабыл алынган.
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2022
Билим берүү министри мектеп ичинде телефон колдонууга тыюу салынарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0