Кан басымыңыз улам түшүп кыйнап жатабы? 8 суроого жооп

© AFP / LUCAS BARIOULETМедициналык кызматкер аялдын кан басымын текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер аялдын кан басымын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Жазылуу
Кан басымыңыз түшүп убайымга салып жатабы? Анда дарыгердин бул кеңештерин билип алганыңыз оң.
Стресс, эмоционалдык чыңалуу дагы кан басымды төмөндөтүшү ыктымал. Аны уйкусуздук, шалдыроо, чарчоо, буту-колдун муздашы коштойт.
Саламаттык сактоо министрлигинин кардиологу жана башкы аритмологу Дамир Осмонов кан басымдын түшүп же жогорулап кеткени эмнеси менен кооптуу экенин айтып берди.
— Кан басым деген эмне?
— Кан басым — бул оору эмес. Ал организмге толугу менен канды жеткирүү үчүн өтө керек. Мунун нормасы 120-80, жогору учурда 140-110, ал эми төмөнкүсү 90-60 болуп саналат. Андан төмөн болсо гипотония деп аталат.
— Адамдын кан басымынын төмөн болушунун себеби эмнеде?
— Кан басым көтөрүлүп же түшүп кетиши мүмкүн. Анын төмөн болушуна бир нече себеп бар. Эгерде адам ар дайым стрессте, эмоционалдык чыңалууда болсо, мындан тышкары, жүрөк-кан тамыр оорулары, эндокринологиялык илдет (гормондор жогору же төмөн болгондо), неврологиялык дарт, каны аз болсо же кан басымдын жогору болгонуна байланыштуу дары ичсе төмөндөп кетиши мүмкүн. Инфаркт, өпкөдө тромбдун пайда болушу, кансыроо же организмдин өтө көп суу жоготушу кан басымдын төмөндөшүнө себеп болот.
© Sputnik / Табылды КадырбековОсмонов: кан басым — бул оору эмес. Ал организмге толугу менен канды жеткирүү үчүн өтө керек
Кардиолог и главный аритмолог Минздрава КР Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Осмонов: кан басым — бул оору эмес. Ал организмге толугу менен канды жеткирүү үчүн өтө керек
— Анын кандай белгилери бар?
— Организмдин бардык бөлүгүнө кан жетпей, ал кычкылтек менен жетиштүү камсыздалбай калганда баш айланып ооруйт, көз караңгылашып, адамдын алы кетет. Ошондой эле кан басымдын түшүп кетишин компенсациялоо максатында жүрөк бат-бат согот. Буту-кол муздап, адам кубарып кетиши ыктымал. Ал эми дароо тура калганда көз караңгылашып, баш айланып кетсе, анда мээге кан жакшы жетпей жатат (3-8 секунд аралыгында) деп түшүнүү керек. Адам отурганда же жатканда ашказанга, ичегилерге, бутка 500-800 миллилитрдей кан түшүп кетет. Ошону менен жүрөккө кандын кайтып келүүсү бир аз басаңдап, ал организмге аз сандагы кан айдайт. Мындан улам мээге кан жетпей калат. Ошол учурда адам кайра жата калса жүрөккө кайткан кандын көлөмү көбөйүп, организм тез калыбына келет. Кан басымга географиялык абал да таасир этип, бийик тоолуу аймактарда кан басым төмөндөшү мүмкүн. Анткени организмде кычкылтек көбөйүп, тамырлар кеңейет. Бул — организмде болуп жаткан өзгөрүүлөргө компенсация кылуу үчүн жасалган табигый реакция.
— Кантип дарыланууга болот?
— Дарылоо жагы оорунун себебине байланыштуу. Кан басымдын эмне себептен түшүп жаткандыгын аныктап, ошого жараша дарылануу абзел. Андан тышкары, эгер сууну аз ичип жаткан болсо көбөйтүп, көбүрөөк кыймыл керек. Дайыма 140-90 менен жүргөн адамдар дары ичкен соң кан басымы дароо 110-70ке түшүп калса, ал гипотониянын белгиси. Башкача айтканда, кооптуу абал жаралышы мүмкүн. Тескерисинче, дайыма 60-80 менен жүргөн адамдыкы дары менен 120-90го көтөрүлсө, мында артериялык гипертониянын белгилери байкалышы ыктымал. Алгач дарыгерге барып текшерилип, анализ тапшырып кан басымдын түшүп же көтөрүлгөн себебин билип алуу зарыл. Эгер баары жайында болсо, кооптуулук жок. Ошондуктан кан басымы төмөндөрдүн ар бирине жекече мамиле керек. Өзү билемдик менен дарыканадан дары алууга болбойт. Ушундай кырдаалда адамдын жашоо образын алмаштыруусу өтө маанилүү. Ал эми дары айласыз калганда гана берилет.
— Кан басымды калыбына келтирүү үчүн кандай көнүгүүлөрдү жасоо керек?
— Адам жаткан жеринен шак тура калбай, отуруп алып бир аз колу-бутун кыймылдатып, көнүгүү жасап кан айланууну жакшыртышы керек. Тургандан кийин да бир-эки секунд токтоп, байкап, башы айланбаса анан басып кете берсе болот. Ысык жерде иштегендер сууну көп ичип, өнөкөт кан басымы төмөндөр туздуу тамак ичкени жакшы. Туз организмде суунун көбүрөөк кармалуусуна өбөлгө болот. Ал эми кан басымы жогору адамдарга жана жүрөк кемтиги барларга туздуу тамак, суу көп ичүү сунушталбайт. Организмди нормага алып келүү үчүн кыймыл-аракеттин ролу чоң. Дайым бир орунда отуруп иштесеңиз жок дегенде бир-эки маал көнүгүү жасап, анан басып коюңуз. Ал эми жөн гана ачка болгондон баш айланса бир аз конфет, таттуу жеп койсо глюкозаны нормалдаштырат.
© Sputnik / Табылды КадырбековОсмонов: организмдин бардык бөлүгүнө кан жетпей, ал кычкылтек менен жетиштүү камсыздалбай калганда баш айланып ооруйт
Кардиолог, главный аритмолог Министерства здравоохранения КР Дамир Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2022
Осмонов: организмдин бардык бөлүгүнө кан жетпей, ал кычкылтек менен жетиштүү камсыздалбай калганда баш айланып ооруйт
— Алдын алуу жолдору.
— Жашоо образы туура болушу керек. Убагында уктоо маанилүү. Анткени түндө организм кайра калыбына келип, керектүү гормондор бөлүнүп чыгат. Анан, албетте, витаминдүү азыктар менен тамактануу зарыл. Кыймылда болууну унутпаңыз. Бирок өтө жаны тынбаган же дайыма машыккандардын кан басымы төмөндөйт. Колдон келсе ичимдик менен чылымды токтотуп же азайтуу керек.
— Кан басым жаш куракка да байланыштуу болобу?
— Физиологиялык жактан алганда жаш балдардын кан басымы чоң кишилерге караганда жогору болот. Жаш балдарда өспүрүмдөргө караганда, жаштарда чоң кишилерге салыштырмалуу кан басым төмөн болот. Ал эми өтө кары адамдыкы кайра түшө баштайт. Анткени аларда тамырдын тонусун бере тургун күч азаят. Негизинен эркектерге салыштырмалуу аялдардын кан басымы ылдый болот. Ай сайын келүүчү айыздык циклден улам гемоглобин да аз. Бирок баары эле кан басымынын төмөн белгилерин сезе бербейт.
— Кан басымы төмөн адамга эмнеге тыюу салынат?
— Спирт ичимдигин ичүүгө такыр болбойт. Себеби ичимдик баштагы тамырды кеңейткендиктен кан басымды дароо түшүрүп жибериши мүмкүн. Курамында кан басымды түшүрүүчү заттары бар препараттарды жана заара кубалоочу дарыларды ичүүгө тыюу салынат.
Ооруканадагы өспүрүм бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2022
Баланы сүннөткө отургузууда эмнени билүү керек? 8 суроого жооп
Жаңылыктар түрмөгү
0