Элди дагы алдап жүрөт. Эрулан Көкүлов Гүлзат Мамытбектин бошотулушун сындады

© Фото / Пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов
Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.06.2022
Жазылуу
Эл өкүлү Гүлзат Мамытбектин алдамчылык иши боюнча эки фактыны айтты.
БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жакында эле абактан чыккан Гүлзат Мамытбекти аферист деп атап, андан сак болуу керектигин айтты.
Эл өкүлү парламенттин трибунасынан президенттин Жогорку Кеңешиндеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылган.
"Гүлзат Мамытбек элди алдап кеткен кыз. Кайра баштаптыр, ар кайсы жарнамаларды берип жүрөт. Мен журналисттик иликтөө кылгам, 2020-жылы жүрөккө операция боло турган эки жашар баланын 5 миң долларын көбөйтүп берем деп из жашырган. Эки пенсионердин батирге чогултуп жүргөн акчасын алып Москвага качып кеткен. Мына соттон бошотулуп кайра концерт коюп, бийлеп, ойноп жүрөт. Кыргызстан аферисттердин өлкөсү болуп калдыбы?" — деп суроо салды депутат.
Ошондой эле ал баары эле элди алдап жатканын, турак жай кооперативдерин ачкандар адамдарды сызга отургузуп ызы-чуу болуп жатканын белгиледи.
"Бул качан токтойт? Азыр милицияны жамандайын десем мени жаман көрүшөт. Андан көрө ошондой иштерди жаап койгон милиционерлерди жаман көргүлө. Гүлзат Мамытбек эмне себептен бошотулганы тууралуу маалымат берип койгулачы. Ушул аферисттерди тыйсак жакшы болот эле. Канчага чейин жөнөкөй адамдар алданып эле жүрө беришет", — деди Көкүлов.
Белгилей кетсек, Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер элди 110 миң долларга алдап кеткен деп былтыр октябрь айында кармалган. Сот аны үч жылга пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган. Мындан улам быйыл 25-майда абактан бошотулган.
Турак жай кооперативи акчаны эмнеге кайтарбай жатат? Кардарларынын чуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2022
Турак жай кооперативи акчаны эмнеге кайтарбай жатат? Кардарларынын чуусу видеодо
Жаңылыктар түрмөгү
0