https://sputnik.kg/20220525/gulzat-mamytbek-ehrkinen-azhyratyldy-1064669547.html
Сот блогер Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды
Сот блогер Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды
Sputnik Кыргызстан
Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Кийин укук коргоо органдары аны колго түшүргөн. 25.05.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-05-25T12:47+0600
2022-05-25T12:47+0600
2022-05-25T12:47+0600
кыргызстан
гүлзат мамытбек
сот
өкүм
блогер
https://sputnik.kg/img/104355/85/1043558590_0:160:3073:1888_1920x0_80_0_0_12ac28628c44eccef97ff4dd94029287.jpg
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасап, беш жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм чыккан кылмышкерлер үчүн каралган. Жасаган кылмышы жеңил болсо, сот аны коомдон обочолонтпойт. Айыптуу адам пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн сыртына чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн аралыгында жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактысында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт.Буга чейин милиция Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткенин айтып, кийин аны кармаган. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болгон. Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, блогер 2021-жылдын октябрь айында камалган.
https://sputnik.kg/20220414/miliciya-aldamchylardan-sak-boluunu-eskertti-1063626764.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104355/85/1043558590_170:0:2901:2048_1920x0_80_0_0_3e082e715abc36ff36d8c75b2c7aa796.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, гүлзат мамытбек, сот, өкүм, блогер
кыргызстан, гүлзат мамытбек, сот, өкүм, блогер
Сот блогер Гүлзат Мамытбекти күнөөлүү деп таап, өкүм чыгарды
Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткен. Кийин укук коргоо органдары аны колго түшүргөн.
БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Гүлзат Мамытбек деп таанылган блогер Гүлзат Алымкулова үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
"Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Гүлзат Алымкулова Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Бирок Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси ("Пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу") боюнча блогер үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынды", — деп айтылат маалыматта.
Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыш жасап, беш жылга чейин эркинен ажыратууга өкүм чыккан кылмышкерлер үчүн каралган. Жасаган кылмышы жеңил болсо, сот аны коомдон обочолонтпойт. Айыптуу адам пробация органдарынын уруксатысыз өлкөнүн сыртына чыкпоого, сот өкүмү чыккандан кийин 10 күн аралыгында жашаган дареги боюнча пробация органына каттоого турууга, алардын белгилеген убактысында барып турууга милдеттендирилет. Ошондой эле жашаган, иштеген же окуган дареги алмашса дароо билдирип, сот өкүм кылган милдеттерди өз убагында аткарып жана аны кабарлап туруусу шарт.
Буга чейин милиция Гүлзат Мамытбек элден кыска убакытта ири суммадагы киреше табасыңар деп акча алып, таптырбай кеткенин айтып, кийин аны
кармаган. Жалпы 110 миң доллар зыян келтирилгени маалым болгон. Аталган факт Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, блогер 2021-жылдын октябрь айында
камалган.