Россия жаңы дүйнө куруп, Батыш өзүн-өзү кыйратууда

© Sputnik / РИА Новости / Медиабанкка өтүүОрус аскер кызматкерлери Херсон облусунун тургундарына Георгий лентасын таратты. Архив сүрөт
Орус аскер кызматкерлери Херсон облусунун тургундарына Георгий лентасын таратты. Архив сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2022
Жазылуу
Бошотулган аймактар тууралуу жаңылыктар күн сайын жаңырууда. Донецк, Луганск эл республикалары, Херсон, Запорожье облустарынын жай турмушка кайтышы гана эмес, Россия менен кооперация жана интеграциянын сапаттуу деңгээлинде тез кайра куруу боюнча маалыматтар арбын.
Россиялык журналист Ирина Алкснистин РИА Новости агенттигине жарыяланган макаласында Мариуполь порту да ишин жандандырып, ал эми согуштук аракеттерден катуу кыйраган калаанын кайра калыптанышы үчүн Россия олуттуу күчүн салып, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигине да табыштаганы айтылат. Куткарылган Запорожье облусунун утурумдук борбору Мелитополдун мектептери жаңы окуу жылынан тарта орус тилине жана беш баллдык системага өткөрүлөт. Ушул шаарда, 12-июнда – Россия күнүндө аймактын тургундарына Россия Федерациясынын жарандык паспорттору тапшырылат.
РФ коргоо министри Сергей Шойгу Россия, Донбасс, Украина жана Крымдын ортосундагы темир жол байланышы жандандырылганын маалымдады.
Министр Мариуполь, Бердянск жана Херсонго жүк жеткириле баштаганын да кошумчалады. Бошотулган территориялардын рублдик зонага, россиялык байланыш жана интернетке өткөрүлөрү мурда эле белгилүү болгон. Республиканын, Херсон жана Мелитополго россиялык жогорку аткаминерлердин каттаганы кадыресе көрүнүш болуп барат. Аскер-жарандык администрациясы Запорожье облусунун Россиянын курамына кирүү боюнча референдумга даярдыгын баштады.
Бул күндөн-күнгө көбөйгөн маалыматтардын тынымсыз агымынын кичинекей гана бир бөлүгү. Анан да Россия кайда кадам таштабасын көмөктөшүп, куруп, кайра калыптандырып, өнүктүрүүгө билек түрүп киришерин тастыктайт. Бирок дагы бир маанилүү жана көрүнүктүү аспекти бар.
Биз дүйнөлүк тутумду түп-тамырынан өзгөрүшүнүн кыйын жана кыйла кооптуу убагында жашап жатабыз. Көз алдыбызда уюмдар ыдырап, сексен жылдай убакыттан бери адамзат цивилизациясы үчүн негиз болуп келген процесстердин баары токтогону турат.
Каатчылык улам бир тармакты каптап, ал эми дүйнөнүн болочогу жөнүндө божомолдор үрөй учурат. РФке кастарын тиккен өлкөлөр да Россия ушул процесстерге бекем туруштук берип турганын моюнга алып, аларга туруштук гана бербестен, глобалдык жеңүүчүлөрдөн болуп чыгышы ыктымал экенин болжошууда.
Крым. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2022
Крым өзүнүн жаңы макамга ээ болгонун билдирди
Бир полярдуу дүйнөнүн күнү батып баратканын, глобалдык тутум да өрчүбөй, АКШ өзүнүн үстөмдүк абалынан кыянаттык менен пайдаланып жатканы туурасында бир топ жылдан бери айтылып келет. Ушундай маалда жаңыны куруунун алдында эскини уратуу керек эмеспи. Бирок эскини бузуу үчүн да эбегейсиз күч жана ресурстар керектелери жөнүндө көп ойлонушпайт.
Соңку жылдары Кошмо Штаттар жана Европа Россияны "эрежелерге негизделген дүйнөлүк түзүмдү" уратуу аракетинде деп айыптап келет. Бирок терең талдай келгенде Москва бул үчүн аракет да, ресурс да жумшаган эмес.
Жыйырма жыл оболу бул держава турукташып калган тутумга да каршы келбегидей жаңы нерсени куруу стратегиясын тандап алган. Эски тартип кыйрай баштаганда жаңы структуралар жаралып, процесстердин да таасири күчөй баштаган. Мисалы, БРИКС (Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка), ШКУ, ЖККУ жана РФ тарабынан демилгеленип түптөлгөн көптөгөн башка уюмдарга башкалар мыйыгынан күлүп келишкени менен алар "күчүнө толуп" чыга келишти.
Ал эми эскини уратууда Батыштан башканын зарылдыгы да жок. Катуу коргоп жатканы менен жардан ары түртүп жаткан да өзү. Санкциялык башаламандык муну даана айгинелеп турат. Албетте, эски менен жаңынын кагылышы таптакыр эле болбой койбойт экен.
Украинадагы аскердик атайын операция дал ошол кагылыш экени ырас. Батыш кырдаалды такыр эле чектен чыгарды. Россия четте карап тура албады. Ошол эле учурда Москва өз жолунан тайган жок. Европа жана Кошмо Штаттар киевдик режим менен биргеликте Украинаны жок кылып, "Башкысы Путин жеңбесин" деген ураан менен өз экономикаларын да талкалоодо.
Ал эми Россия ресурстарды бошотулган территорияларды кайра жаратууга сарптайт. Кимдин стратегиясы майнаптуу экенин көрө жатарбыз...
АКШнын Москвадагы элчилигинде желек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg АКШнын Россия боюнча "катуу мүдүрүлгөнүн" ачыктады
Жаңылыктар түрмөгү
0