https://sputnik.kg/20220611/indiyanyn-kyrgyzstanda-joga-borborun-achuu-nieti-bar-1065143629.html
Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу
Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу
Sputnik Кыргызстан
ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин... 11.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-11T22:12+0600
2022-06-11T22:12+0600
2022-06-11T22:13+0600
кыргызстан
индия
тышкы иштер министрлиги
жолугушуу
йога
инвестициялар
экономика
медицина
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0b/1065143575_0:62:1200:737_1920x0_80_0_0_63f6a35172b540ca9f36ec167556ef5c.jpg
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.Министр Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индия тараптын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниетин кубаттап, индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.Өз кезегинде Минакши Лекхи айым эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.Медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашты.
https://sputnik.kg/20220607/kyrgyzstan-menen-kytajdyn-tim-bashchylary-zholuktu-1065030999.html
индия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0b/1065143575_68:0:1133:799_1920x0_80_0_0_4383b136effb908d4d660cf1a59663c4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, индия, тышкы иштер министрлиги, жолугушуу, йога, инвестициялар, экономика, медицина
кыргызстан, индия, тышкы иштер министрлиги, жолугушуу, йога, инвестициялар, экономика, медицина
Индиянын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниети бар. Министрлердин жолугушуусу
22:12 11.06.2022 (Жаңыртылды: 22:13 11.06.2022) ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кыргызстанга жумушчу сапары менен келген Индиянын ТИМ башчысы Минакши Лекхи менен жолугушканын министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Министр Кулубаев Минакши Лекхи айымды Индиянын мамлекеттик министри активдүү мүчөсү болгон башкаруучу Бхаратия Жаната партиясынын жемиштүү ишинин сегиз жылдыгы менен куттуктады.
Ал ошондой эле Индиянын бай жана байыркы маданиятын белгилеп, индия тараптын Кыргызстанда Йога борборун ачуу ниетин кубаттап, индиялык делегациясын жыл сайын 21-июнда дүйнөдө белгиленүүчү Эл аралык йога күнү менен куттуктады.
"Кулубаев кыргыз-индия мамилелери достук жана жакшы маанайда өнүгүп, биргелешкен долбоорлор ишке ашырылып жатканын баса белгиледи. Ал ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Индиянын премьер-министри Нарендра Моди 2021-жылдын ноябрь айында Глазго шаарында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча конференциясынын алкагында жолугуп, жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды өткөрүү боюнча макулдашканын белгиледи", — деп айтылат маалыматта.
ТИМ башчысы Индиянын Борбордук Азия өлкөлөрү менен, анын ичинде Индия — Борбор Азия диалогунун алкагында кызматташууну активдештирүүгө жасаган аракеттерин колдоп кубаттаган.
Өз кезегинде Минакши Лекхи айым эки тараптуу мамилелердин деңгээлин жогору баалап, Индия тараптын Кыргызстанда түрдүү тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.
Медицина жана туризм тармагындагы өз ара кызматташууга, ошондой эле Кыргызстанда соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө социалдык өнүктүрүүгө багытталган гранттык жардам долбоорлорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бардык багыттарында, анын ичинде жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштуруу аркылуу кыргыз-индия мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү багытын улантууну макулдашты.