Боевая работа САУ Малка артиллерийских подразделений ЦВО на Авдеевском направлении - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

"Жок кылууга үлгүрбөй калышкан". "Азовсталдын" бункерлеринен эмнелер табылды?

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМариупольдогу "Азовсталь" комбинаты
Мариупольдогу Азовсталь комбинаты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
"Азовсталь" гарнизону куралдарын таштаганына үч аптадан ашты, бирок заводдун аймагын Донецк Эл Республикасынын жана Россиянын аскерлери дале текшерип жүрүшөт. 12 гектар аянтты ээлеген өнөр жай комплексин текшерип чыгуу оңойго турбайт. Кооптуу "табылгалар" да аз эмес.
Заводдогу азыркы абал менен таанышып чыккан Андрей Коцтун репортажынан украиналык коргоо тутуму кандайча түзүлгөнү туурасында пикир түптөлөт. Аскерий кабарчынын материалы РИА Новости сайтына жарыяланган.

Толугу менен кыйраган

Журналисттер үчүн "Азовсталга" чыгыш тарабынан — Левобережный району аркылуу кирген жагы гана ачык. Кире бериште советтик эски Т-55 турат.
Майдаланган бетон, майда сыныктарга толгон жол баягы "Азовсталдын" гарнизону куралын таштап, автобуска отуруп, туткунга жөнөгөн көпүрөгө алып барат. Бул жактан комбинаттын кичирээк гана бөлүгү көрүнөт. Бирок ансыз да түшүнүктүү эмеспи: эбегейсиз заводдук комплекс мыйрыйган металл, өрттөнгөн имарат, таш-талканы чыккан жарандык да, аскердик да техниканын "аталасына" айланып калды.
Комбинат дээрлик толук жок кылынган. Азыркы абалы 1943-жылдын сентябрында – чегинген немецтер негизги өндүрүш объектилерин жардырып кетишкендеги сүрөттөгүдөн да жаман.
Теориялык жактан баарын кайра куруп чыгууга болот. Бирок адегенде ого эле чоң территориядагы миналарды зыянсыздандырып, урандыларды тазалап чыгуу абзел.

Завод эмей эле чеп болчу

Маңызында "Азовсталь" — шаар ичиндеги шаар. Совет убагында бул жерде 41 цех жана 80 ири имарат курулган. Ашканалары эле жыйырма чакты болгон. Ал эми бункер жана жер алдындагы технологиялык имараттардан канчоо экенин жергиликтүү эмгек ардагерлери да так билишпейт.
Украина Куралдуу күчтөрүнүн "Азов" полку жана деңиз пехотасынын 36-бригадасы коргоо үчүн тегин жерден дал "Азовсталды" тандап алган эмес. Металл жана бетондон жасалган лабиринттерде көзгө атарлар, гранатометчу жана пулеметчулар жайгаша турган миңдеген орундар бар. Калың дубалдары ок жана танк дүрмөттөрүнөн коргойт. Бутактанган жер төлө коммуникациясы аскер бөлүктөрүн бир орундан экинчисине тез жөнөтүүгө мүмкүндүк берет. Ал эми кең ачылган дарбазаларынан абадан урулган соккудан бекинип аскердик техниканы киргизүү оңой.
"Бул чептин маңдай жагынан чабуул эмне менен аяктаарын элестете аласыздарбы? — деп суроо салат журналисттерди коштогон Донецк Эл Республикасынын ички иштер министринин офицери Андрей. — "Азовчулар" бул жерди жакшы өздөштүрүп, атайын операция башталганга чейин эле бул жакка көп каттап карап чыгышкан. Белгисиз жүк жүктөлгөн автомобилдер көп кирген. Алардын бункерлеринен коргоо чектери белгиленген комбинаттын толук карталарын таптык. Айтор, алар катуу кармашууга камынышкан".
Брюсселдеги Европарламенттин баш кеңсесинде Украинанын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыш Киевден жүз бурууга камындыбы?

Оор "жүйөлөр"

"Азовсталга" маңдайдан чабуул коюунун ордуна ар жагынан курчап, ири калибрдүү "Тюльпан" миномет жана "Солнцепек" огнеметтук тутумдарын коюп, бетон талкалоочу оор бомбалар менен абага авиация көтөрүлүп, металлургиялык комбинатты жер менен жексен кылууга камылга жүргөн.
Айрым заводдор толугу менен бузулган. Ортосуна жакын ачык аянтта Украина Куралдуу күчтөрүнүн талкаланган техникасы, "Буцефал" ок өткөрбөс транспортерлору турат. "Богдан" ок өткөрбөс автомобили оюнчуктай эле оодарылып калган.
"Дал ушул жерден алар кармашып жатышты, — деп түшүндүрөт коштоп жүргөн офицер. — Мариуполдун райондорун артиллерия менен аткылашты. Биз "жооп" кайтарганыбызда алар техниканы имаратка киргизип алып турушчу. Россия ФАБ-3000 авиабомбаларын колдонгондо гана алар тараптагы октун үнү тыйылды".
Сакталып калган бөлүктөрүндө таптакыр эле башаламандык. Кокс шлагын кайра иштетүүчү цехинде жабдуулар талкаланып, өрттүн издери турат. Шылдыңдагандай дубалда "Өрт коопсуздугунун эрежелерин сакта" деген жазуу сакталып калган.
Жылуулук жана электр станциясынын имаратынын бир нече дубалы урап, генератордук бөлмө жок кылынган. Рельстик бекитүүлөр цехинде да баары оор ок өткөрбөс техника менен тебелетилгени байкалат. Ошентсе да кээ бир нерселер сакталып калган. Темирди калың кескич цехте даяр продукция, штабелдер (калың болот плиталар) шыпка чейин узатасынан турат. Арзан оокат эмес. Заводдо коюлган миналар зыянсыздандырылганда аларды чыгарып, ишке салышат. Болот талкаланган Мариуполду кайра калыбына келтирүү үчүн абадай зарыл.

Багынарда баарын талкалап...

Донецк Эл Республикасынын офицери гарнизон совет маалындагы жер төлөлөрдөн дээрлик чыккан эмес. Андай жайлар ондоп саналат. Бункерлердин биринин жарымы кыйраган. Талкаланган бетонду аралап отуруп түштүк. Күйүктүн жыты каңылжаарды жарат. Фонардын жарыгы менен армиялык тор керебет, өрттөнгөн форма, мыйрыйган кичинекей темирлерди көзүбүз чалды.
Бизди коштоп жүргөн офицердин айтымында, Украина Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери туткунга түшөрдөн мурун курал, ок-дарыны чыгарып, көп нерсени өрттөп салышкан.
"Өзүмө да, элге да жок дегендей, — деп тамашага чалат офицер. — Дээрлик баарын жок кылышкан. Куралдарды бузуп, тепловизор, түнкү жана коллиматордук мээлегичтерди талкалап, ок өткөрбөс чарайналардын илгичтерин кесип, туулгаларды аткылап, ноутбуктарга кислота куюп, уюлдук телефондорду аскердик бут кийим менен тээп сындырышкан. Сакталып калганы саналуу. Мисалы, чыныгы музейдик эстелик – Улуу Ата Мекендик согуштун убагынан калган Дегтярев пулемету калыптыр. Дагы бир бункерден жакшы бир гитара таап алдым".
Украинадагы ДЭР элдик милициясынын жоокери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ДЭР: Авдеев заводу украина аскерлери үчүн экинчи "Азовсталь" болушу мүмкүн. Видео
Коңшу бункерди өрттөөгө жетишпей калышканбы же кереги жок деп коюшканбы, айтор калың ок өткөрбөс каалгасы жанынан жарылган минаны да көтөрө алчудай. Ичинде бир нече кенен бөлмө бар. Жашыл түскө боелгон дубалдарына жарандык коргонуу көрсөтмөлөрү чагылдырылган стенддер илинген. Полунда кийимдер, көбүнесе аскердик формалар чачылган. Анткен менен жапжаңы "Метинвест" маркасындагы куртка да жатат. Курчоодон чыгуу үчүн Украина Куралдуу күчтөрүнүн жоокерлери формаларын чечип, "Азовсталдын" кызматкерлеринин кийимдерин кийишкен. Бирок андай амал деле көбүнө көмөк боло алган жок.
Чөнтөктөрүндө жардыргыч заттар болушу мүмкүн экенин түшүндүрүп, журналисттерден кылдат болуп, кийимдерди басып албоону өтүнүштү. Чындап эле ок-дарынын бир бөлүгүн жок кылууга жетишпей калышкан.
Бөлмөлөрдүн биринде граната салынган бир нече ящик, патрондук кутулар, РПГ-7 танкага каршы кол гранатометунун октору, октолгон пулеметтук тасма калган. Жанында Фадеевдин "Жаш гвардия" китеби да турат.

Бункерде икра жешкен

Ушул бункерге карап жер төлөдө дурус күн кечиришкенин баамдоого болот. Генератор, санитардык түйүн, душ да бар. Бирок санитардык техника улам бузулуп, желим бөтөлкөлөрдү пайдаланышкан экен. Анын тартыштыгы деле болбосо керек, себеби дубалга кошо салынган кампа газдалган арашан суулардын ачыла элек таңгактарына толгон. Жок эле дегенде алар дагы бир айга жетмек. Тамак-аш боюнча маселе деле болгон эмес көрүнөт, себеби таруу ботко, консервалар, кышкыга жабылган, кургак азыктар калган.
"Багынган аскерлердин текшергендердин арасында болчумун, — деп айтып берди бизди коштогон офицер. — Бирөөндө кызыл икранын банкасы чыкты. Ошончо убакыт анын бузулуп кетпегени да кызык. Дагы бири быштакты эки колу менен мыкчып алган, дагы биринин рюкзагынан кымбат француз паштетинин төрт таңгагы чыкты. Бирок, албетте, баарынын эле абалы андай болгон эмес. Кай бирлери ушундай азыктанышса, суткасына 150 грамм боткодон гана татып күн кечиргендери да болгон. Анан да баш паанектердин ортосунда байланыш болгон эмес. Түнкүсүн гана топ-топ болуп сыртка чыгышкан". Ошентсе да улам кулаган авиабомба, шыптан урап түшкөн шыбак, капкараңгы айлана жана кошумча күчтүн жоктугу гарнизонду психологиялык жактан катуу жабыркаткан.
Россиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки жарым миңдин тегерегинде жоокер туткунга түшүп, "Азовсталь" үчүн кармаш аяктаган. Бирок аскерлер 12 гектарлык аянтта дагы чакан куралдуу топтор жашырынып жүрүшү мүмкүн экенин айтышат.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Шойгу багынган украин аскерлери, жок кылынган батыш куралдары тууралуу билдирди
Жаңылыктар түрмөгү
0