Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Шаймергенова: архивдик документтерге маани берилбегени үчүн чек ара көйгөйү курч

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Тамара Шаймергенова
Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Тамара Шаймергенова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2022
Жазылуу
Билим берүүгө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Тамара Шаймергенова 2004-жылдан 2016-жылга чейин Бишкек гуманитардык университетинде (учурда Бишкек мамлекеттик университети) архив кызматкерлери даярдалып келгенин белгиледи.
Өлкөдө адискөй архив кызматкерлерин даярдаган бир дагы окуу жай жок. Андыктан бул багытты тезинен колго алуу зарыл. Бул тууралуу Тамара Шаймергенова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Шаймергенова: архивдик документтерге маани берилбегени үчүн чек ара көйгөйү курч
Анын айтымында, архив кызматкерлеринин иши спецификалуу, андыктан бул багытта кесипкөй адистер иштегени маанилүү.
"Союз учурунда архив кызматкерлери Москвадан окуп келишчү. Кийин өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин андай мүмкүнчүлүк болбой калды. Ошондуктан Кыргызстанда аталган багыт боюнча адистерди даярдоону колго алуу аракети көрүлө баштады. Ал кезде учурдагы Бишкек мамлекеттик университетинде китепканачылар окутулуп келген. Тарыхчылар, архив кызматкерлери китепкана менен архивдин иши окшошуп кетет деп мага сунуш кылышты. Анын үстүнө бул багытта тажрыйбам бар эле. Тийиштүү документтер даярдалып, коллегиядан долбоор жакталды. Ошентип 2004-жылы "тарых-архив тануу" деп ачылып калды. Ага тапшыргандар тарых багытында дагы мугалим болуп же илим жолунда дагы кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Архивде иштеген тажрыйбалуу адистер мугалим катары сабак берип, бул иш жолго коюлуп калды. Студенттерди республика боюнча архивдерде практикада күтүп алышат эле. Анан эле 2016-жылы архив кызматкерлерин даярдаган группаны жаап коюшту. Ошондон бери илимпоздор, архив кызматкерлери кайрадан бул багыттагы адистиктерди даярдоону колго алууну суранышууда. Заманбап билим берүү чакырыктарына ылайык программа түзүлүп, кайрадан сунушталып жатат. Негизинен архив кызматкерлерин даярдоону колго алуу зарыл. Мындан тышкары, өлкө архивинин тарыхы жазыла элек, илимий изилдөө жасагандар жок. Мунун баарын жолго коюу зарылдыгы турат", — деди Шаймергенова.
Ошондой эле ал учурунда өлкө жетекчилиги тарабынан архивдик документтерге маани берилбей калганына байланыштуу чек ара көйгөйлөрү чыгып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0