Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин кандай пайда алып келерин түшүндүрдү

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берүү учурунда
Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022
Жазылуу
"Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат.
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берүү учурунда бул объектинин Кыргызстанга алып келчү пайдасын санап берди.
"Камбар-Ата-1 ГЭСин ишке киргизип алсак, Камбар-Ата-2 ГЭСинин толук кубаттуулукта иштешине мүмкүнчүлүк түзүлөт. Андагы экинчи жана үчүнчү агрегатты пайдалана баштасак, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу артат. Жыйынтыгында жалпысынан 1000 мегаватт өндүрүп, Токтогул ГЭСинде өндүрүлүп жаткан электр энергиясына барабар болот", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ГЭСтин Борбор Азияга да пайдасы тиерин айтты.
"Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу кошуна өлкөлөрдүн сугат суу маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт жана аймактагы суу-энергетикалык балансты стабилдештирүүгө салым кошот. Жай мезгилинде иштелип чыккан энергияны CASA-1000 долбоору аркылуу алыскы өлкөлөргө импорттоого шарт түзөт", — деди президент.
Тактап айтканда, Камбар-Ата-1 ГЭСинде жылына 5,6 миллиард киловатт/саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө. Өндүрүлгөн электр энергиясынын ар бир киловатт/саатты CASA-1000 долбоору аркылуу 5,15 центтен сатуу мүмкүнчүлүгү бар.
"Бул нерсе Кыргызстандын экономикасына чоң салым алып келет жана өлкөбүзгө түшүүчү жылдык таза пайда 234 миллион долларды түзөт", — деди өлкө башчы.
Аталган ГЭСтин курулушуна бүгүн президент старт берди. "Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу" долбоору Камбар-Ата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат. Ал өзүнө бийиктиги 256 метр аска таш менен төшөлгөн, сыйымдуулугу 5,4 миллиард метр куб суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт. Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин деп белгиленүүдө. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жылда ишке ашмакчы.
ГЭСтин курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.05.2022
Евразия экономикалык форуму
Токаев: Казакстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга инвестиция салышы мүмкүн
Жаңылыктар түрмөгү
0