Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСин түптөө салтанатына катышат

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевКамбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштери
Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык иштери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Бул ГЭСтин болочокто жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөрү кабарланган.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына катышат. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
"Эртең, 8-июнда, Садыр Жапаров Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун башталышына старт берет", — деп жазылган таратылган маалыматта.
Салтанаттуу иш-чараны УТРК жана республикалык телеканалдар түз эфир менен чагылдырарын айтышты.
Камбар-Ата-1 ГЭСи 1 860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 миллиард кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.
Камбар-Ата-1 ГЭСи салынчу аймак - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.06.2022
8 эмес 4 жылда ишке кирет. Өкмөт Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча маалыматты өзгөрттү
Жаңылыктар түрмөгү
0