"Манас айылы" комплексинин концепциясын иштеп чыгууга ачык сынак жарыяланды

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев"Манас айылы" маданий-этнографиялык комплекси. Архив
Манас айылы маданий-этнографиялык комплекси. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2022
Жазылуу
Билдирүүлөр 2022-жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 3 миллион сомдун тегерегинде.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. "Манас айылы" маданий-этнографиялык комплексин реконструкциялоо долбооруна ачык архитектуралык сынак жарыяланды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы билдирди.
Буга чейин этнографиялык комплексти реконструкциялоо долбоору менен мамлекет башчы Садыр Жапаров таанышып, комплексти анын аталышына шайкеш келгидей кылып реконструкциялоо тапшырмасын берген.

"Манас" эпосунун кыргыз эли үчүн маанисин, долбоордун масштабдуулугун эске алуу менен комплекс элдин этносун, маданиятын жана каада-салтын, тарыхты сактоонун символу болот деп болжолдонууда. Маданий-этнографиялык комплексти реконструкциялоого коомчулуктун кызыгуусу жогору болгондуктан, "Манас айылынын" концепциясын иштеп чыгуу үчүн ачык архитектуралык сынак уюштуруу чечими кабыл алынды",— деп айтылат маалыматта.

Концепция "Манас" эпосунун маданий жана тарыхый баалуулугун камтып, кыргыз элинин улуттук өзгөчөлүгүн көрсөтүп, Бишкек шаарынын жана бүткүл Кыргызстандын маданий мурасына айланышы керектиги белгиленди.
"Билдирүүлөр 2022-жылдын 5-июлуна чейин кабыл алынат. Байге фонду 3 миллион сомдун тегерегинде. Каражат демөөрчүлөр тарабынан бөлүнгөн", — деп жазылат билдирмеде.
Калыстар тобунун курамына Маданият министрлигинин, президенттин иш башкармалыгынын, Архитекторлор союзунун, Сүрөтчүлөр союзунун, скульпторлор, Бишкек мэриясынын өкүлдөрү жана башкалар кире турганы кошумчаланды.
Бишкек шаарында “Манас айылы” комплексин реконструкциялоонун долбоору сунушталды   - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.04.2022
"Манас айылы" кандай өзгөрөт? Реконструкциядан кийинки жана учурдагы көрүнүшү
Жаңылыктар түрмөгү
0