ИИМ: кылмыштуулук жыл башынан бери 46 пайызга кыскарган

© Фото / пресс-служба МВДИИМ жетечиси Улан Ниязбеков
ИИМ жетечиси Улан Ниязбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Жазылуу
Улан Ниязбеков милициянын жакынкы мезгилдери иштей турган төрт багытын белгиледи.
БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Кыргызстандагы кылмыштуулуктун деңгээли жыл башынан бери 46 пайызга төмөндөгөн. Бул туурасында ИИМ жетечиси Улан Ниязбеков билдирди.
Министр өлкө аймагындагы коомдук тартип жаатында онлайн-кеңешме өткөргөн.
Анын айтымына караганда, аталган ведомствонун ишинин негизи багыттары — коомдук тартипти, жолдо жүрүү коопсуздугун камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана аны алдын алуу, коомчулукта жаралган маселелерди чечүү, санарип технологияларын киргизүү, чек арадагы чатактардын, улут аралык жаңжалды жана эл арасында чагымчылык жасаган кадамдардын жолун бууш үчүн ыкчам иш-чараларды өткөрүү.
"Өзүңөр жакшы билгендей, ички иштер органдарында ишке кирген заманбап санарип ыкмалардын, элди тейлөөчү сервистик функциялардын жана күнү-түнү жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында жыл башынан бери кылмыштуулуктун катталуусу жалпысынан 46 пайызга төмөндөдү. Башкача айтканда, бул көрсөткүч жарандардын бейпил жашоосуна карата акырындап мыйзам чегинде жагдайлар түзүлүп келе жаткандыгынан кабар берет", — деген министр.
Ниязбеков жогоруда аталган милдеттерди ырааттуу түрдө ишке ашыруу максатында төрт багытты белгилеген:
Биринчи: коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү иштери туруктуу негизде жүргүзүлсүн. Ыкчам иш-чаралар, рейддик-профилактикалык иштер белгиленген тартипте жүрүп, мурда катталып бети ачылбай калган кылмыштардын, анын ичинде оор жана өтө оор кылмыштардын бети ачылсын.
Уурулук, батирди тоноо, чөнтөк, мал уурулук, алдамчылык фактыларынын бетин ачуу, акыйкат тергөө, жарандарга келтирилген материалдык чыгымдардын ордун толтурууга карата күчөтүлгөн тартипте ыкчам иликтөө иштери уюштурулсун.
Экинчи: жайкы туристтик мезгил учурунда жергиликтүү калктын жана чет элден келген коноктордун коопсуздугу жогорку деңгээлде камсыздалсын. Туристтик аймактардагы эс алуучу жайларда элдин, жеке мүлкүнүн коопсуздугуна көңүл бурулсун. Жардам сурап кайрылган бардык жарандарга туура мамиле жасап, мыйзам чегинде маселесин жеринде чечүү иштери колго алынсын.
Үчүнчү: милициянын көчмө кабылдамалары күчөтүлгөн тартипте ишмердигин улантсын. Коомчулук арасында укук бузууларга жана резонанс жараткан окуяларга жол бербөө үчүн профилактикалык иштер күчөтүлсүн.
Төртүнчү: өздүк курам арасында мыйзамды жана тартипти сактоо, элге сылык мамиле жасоо, сапаттуу сервистик тейлөө көрсөтүлсүн. Жер-жердеги жетекчилер жана алардын кадрлар боюнча орун басарлары өздүк курам менен сапаттуу иштерди жүргүзүшсүн. Чек ара, дин иштери, коомдун активдүү өкүлдөрү, аксакалдар, кадыр-барктуу адамдар, жергиликтүү жана мамлекеттик органдар, монополияга каршы бөлүмдөрү, салык, өзгөчө кырдаалдар, медицина, транспорт кызматтары, токой чарба башкармалыктары жана башка элди биринчи кезекте тейлеген мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта иш-чаралар дайыма жүргүзүлсүн.
Панфилов райондук милициясы Суусамыр өрөөнүндө эс алып жүргөн жарандарга, ошондой эле Бишкек — Ош жолунун четинде соода кылган жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.06.2022
Сагыраак болгула! Милиция Суусамырда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0