00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Праздник, шашлык и скандал: почему длинные выходные опасны для многих семей
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандын жапайы жоогазындары: жоголуп кетүү коркунучу жана аларды коргоо чаралары
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги транспорттук-логистикалык интеграция кандай абалда — транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, санариптештирүү
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Баткенде "Айгүл гүлү" эл аралык фестивалы өтөт. Иш-чараны дүйнөлүк деңгээлдеги брендге айлантуу мүмкүнбү?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кызматкердин укугу — биринчи орунда: бүгүнкү күндө кесиптик бирликтердин ролу кандай?
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бейшеналиевдин ордуна келген Жаркынбек Касымбеков тууралуу эмне белгилүү

© Фото / пресс-служба партии "Чон казат"Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков. Архив
Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге карата жети кылмыш ишин козгоду. Анын милдетин орун басары аткарып баштады.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынбек Касымбековдун өмүр баянын Sputnik даярдаган материалдан окуңуз.
Жаркынбек Касымбеков 1973-жылы 19-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Жогорку билимдүү. Медицина илимдеринин кандидаты, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун магистри.
Билими:
1996 — Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн;
1998 — Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында клиникалык ординатуранын урология профили боюнча билим алган;
2001 — Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын аспирантурасын аяктаган;
2002 — Президентке караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында магистр даражасын алган.
Эмгек жолу:
2003 — КР президентинин иш башкармалыгындагы дарылоо-ден соолукту чыңдоо бирикмесинде уролог;
2003-2006 — Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкек аймактык башкармалыгынын жана №12 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары;
2005 — "Элиме" коомдук бирикмесинин төрагасы;
2009-2010 — Элдик медицинанын илимий-өндүрүштүк борборунун клиникалык менеджери (башкы дарыгери);
2009-2010 — КР президентине караштуу Коомдук палатанын социалдык саясат, согуштун жана оорук ардагерлеринин укуктарын коргоо, миграция жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
2010-жыл, январь-апрель — Чүй районунун акиминин милдетин аткаруучу;
2010-2012 — "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары;
2012-2014 — Бишкек шаарындагы №17 үй-бүлөлүк медициналык борборунун директорунун орун басары;
2014-2015 — Бишкек шаардык тез жардам кызматынын башкы дарыгери;
2015-2017 — "Профилактикалык медицина" илимий-өндүрүштүк бирикмесинде улук илимий кызматкер;
2017-2018 — Эл аралык медициналык университеттин ректору;
2018-2020 — Кыргыз-түрк "Манас" университетинде мугалим;
2022-жыл, 4-июнь — саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып баштады.
Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.
Эске салсак, Бейшеналиев бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан кийин Башкы прокуратура ага карата жалпы жети кылмыш ишин козгогонун билдирген.
Мындан сырткары, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков кармалган.
Бүгүн президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен башкы прокурор Курманкул Зулушевди ээлеген кызматынан убактылуу четтеткен.
Ошондой эле министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров анын орун басарлары Улук-Бек Бектурганов, Жалалидин Рахматулаев, Жапаркул Ташиевди иштен бошотуп, ордуна Жаркынбек Касымбеков, Бүбүжан Арыкбаева, Улан Садыковду дайындаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0