Туннели да болот. Бишкек — Белогорка — Суусамыр жолу курулат
16:08 04.06.2022 (Жаңыртылды: 16:15 04.06.2022)

© Фото / пресс-служба Кабинета министров
Жазылуу
Бул жол Бишкек — Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк бере турганы айтылды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек — Белогорка — Суусамыр (Бишкек шаарынын түштүк айланма жолу) унаа жолунун курулушун пландаган долбоор менен жеринде таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

1/2
© Фото / пресс-служба Кабинета министров
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек — Белогорка — Суусамыр (Бишкек шаарынын түштүк айланма жолу) унаа жолунун курулушун пландаган долбоор менен жеринде таанышты

2/2
© Фото / пресс-служба Кабинета министров
План боюнча жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек — Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет.

План боюнча жолдун узундугу 120 чакырымды түзөт. Бул жол Бишкек — Жалал-Абад жолунун узундугун 150 чакырымга кыскартууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле алты чакырымдык туннели болот.
"Заманбап транспорттук инфраструктура ишкердикти жана жаңы туристтик маршруттарды өнүктүрүүгө жакшы шарттарды түзөт. Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк программасынын алкагында потенциалдуу инвесторлор арасында тиешелүү сынак өткөрүү менен ишке ашыруу пландалып жатат", — деп жазылган маалыматта.
Бакыт Төрөбаев долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин өз убагында жана сапаттуу иштеп чыгуу зарылдыгын белгилеген. Анда курулуштагы заманбап ыкмалар, жол кыймылынын катышуучуларынын коопсуздугу жана жол жээгиндеги тийиштүү инфраструктура эске алынышы керектигин айткан.