Зулушев мени камайм деп коркуткан! Алымкадыр Бейшеналиевдин соттогу видеосу

© Sputnik / Эркин СадыковБир нече кылмыштарга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев
Бир нече кылмыштарга шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Жазылуу
Бейшеналиев буга чейин башкы прокурор Курманкул Зулушев аны "камайм" деп коркутканын билдирди.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бир нече кылмышка шектелип кармалган саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев журналисттердин суроолоруна жооп берди. Учурда анын бөгөт чарасын Октябрь райондук соту карап жатат.
Белгилей кетсек, Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жалпы жети кылмыш ишин козгогон. Бир кылмыш иши "Коррупция" беренеси боюнча, эки кылмыш иши "Опузалап пара алуу" беренеси, төрт кылмыш иши "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Билип туруп пайдасыз келишим түзүү" болчу. Министр пандемия учурунда коронавируска каршы вакцинаны максатсыз сатып алып мамлекетке 55 миллион сомдук зыян келтиргени айтылды.
Бейшеналиевдин бөгөт чарасын караган соттор талкуу үчүн чыгып кеткен учурда айыпталуучу журналисттер менен баарлашууга жетишти.

"Тергөөчүлөр вакцинаны сатып албаш керек болчу деп айтып жатышпайбы, мен министр катары айтып кетейин, тескерисинче, вакцина убагында алынып, канчалаган кыргызстандыктардын өмүрү сакталып калды", - деди ал.

Журналисттер "2-июнда Садыр Жапаров менен жолуккандан кийин сизди кармап кетишти. Мунун артында бирөө турган жокпу, балким саясий боек бар?" деп сурашты.
"Январь айында Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда ремонт иши жүрүп жаткан. Бирок оңдоо иштери негизсиз экени айтылып, ага мени күнөөлөшкөн. Бирок президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен биз ал жердеги ремонттун 30-40 пайызы бүтпөй калганын далилдеп, калганын менин балдарым соңуна чыгарган. Зулушев ошол кезде мени камайм деп коркуткан эле. Мен "аргументиңер болсо камагыла" деп жооп бергем", - деди Бейшеналиев.
Ал ошондой эле Алмазбек Исманкулов чынында кандай адам экенин элге ачык айтканда ал министрлер кабинетине кайрылып "Бейшеналиевди иштен алгыла" деп арызданганын кошумчалады.
Саламаттык сактоо министринин милдетин убактылуу аткарып жаткан Жаркынбек Касымбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2022
Бейшеналиевдин ордуна келген Жаркынбек Касымбеков тууралуу эмне белгилүү
Жаңылыктар түрмөгү
0