https://sputnik.kg/20220602/baeh-kyrgyzstandyn-suusun-chet-olkogo-taanytat-1064889687.html
БАЭ Кыргызстандын суусун чет өлкөгө таанытып, экспортко көмөктөшүүгө кызыкдар
БАЭ Кыргызстандын суусун чет өлкөгө таанытып, экспортко көмөктөшүүгө кызыкдар
Sputnik Кыргызстан
Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстан менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдар. 02.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-02T11:25+0600
2022-06-02T11:25+0600
2022-06-02T11:25+0600
кыргызстан
акылбек жапаров
бириккен араб эмирлиги
экономика
жолугушуу
https://sputnik.kg/img/07e6/06/02/1064889661_0:317:3077:2048_1920x0_80_0_0_c89e4f8e5345484044ab4f7afa2e9569.jpg
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмирлигинин экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.Ал эми Абдулла бин Таук Аль Марри Кыргызстан сунуштап жаткан долбоорлор боюнча иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди."Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдарбыз. Сиздер тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз", — деди министр.Ошондой эле ал Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.Тараптар Кыргыз Республикасынын суверендүү фондун түзүү, Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун жана БАЭден инвестиция тартуу борборун түзүү иштерин баштоону макулдашты.
https://sputnik.kg/20220528/zhaparov-rossiyanyn-skolkovo-fonduna-ysyk-koldo-it-ajylyn-achuunu-sunushtady-1064783463.html
бириккен араб эмирлиги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/02/1064889661_287:0:3018:2048_1920x0_80_0_0_b43029d170f2942cbe6d3533e0c22536.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, акылбек жапаров, бириккен араб эмирлиги, экономика, жолугушуу
кыргызстан, акылбек жапаров, бириккен араб эмирлиги, экономика, жолугушуу
БАЭ Кыргызстандын суусун чет өлкөгө таанытып, экспортко көмөктөшүүгө кызыкдар
Бириккен Араб Эмирлиги Кыргызстан менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдар.
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Бириккен Араб Эмирлигинин экономика министри Абдулла бин Таук Аль Марри менен жолугуп, эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын талкуулады. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
"Кыргыз-эмират соодасынын көлөмү 2021-жылы дээрлик 70 миллион долларды түзгөн. Бул жакшы динамика, бирок көрсөткүчтү 3-4 эсеге чейин көтөрүшүбүз зарыл. Биз Кыргыз-Эмират инвестициялык өнүктүрүү фондун, БАЭнин стандарттары боюнча лабораториялык борбор түзүшүбүз керек", — деди Жапаров.
Ал эми Абдулла бин Таук Аль Марри Кыргызстан сунуштап жаткан долбоорлор боюнча иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.
"Биз Кыргызстанга бизнесмендер, ири компаниялар, туризм, энергетика, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнөн турган делегация менен келдик. Негизинен сиздер менен энергетика, тоо-кен, туризм тармактары боюнча кызматташууга кызыкдарбыз. Сиздер тараптан айтылган бардык сунуш-пикирлерди эске алып, аны ишке ашырууга даярбыз", — деди министр.
Ошондой эле ал Кыргызстандын таза суусун чет өлкөгө таанытып, экспорттоого көмөктөшөрүн кошумчалады.
Тараптар Кыргыз Республикасынын суверендүү фондун түзүү, Кыргыз-Эмират инвестициялык фондун жана БАЭден инвестиция тартуу борборун түзүү иштерин баштоону макулдашты.