Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара делегацияларынын 5 күндүк иши аяктады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкек шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.
Маалыматка караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөр 25-майдан 30-майга чейин созулган.
"Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү", — деп айтылат маалыматта.
Жумушчу топтордун келерки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт.
Кыргыз Республикасые УКМКнын чек ара кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2022
Кыргызстан ишенимдүү коргоодо! Садыр Жапаров чек арачыларды куттуктады
Жаңылыктар түрмөгү
0