ЕАЭБде интернет-соода жаатындагы кадамдар. Баа жана тейлөө кандай өзгөрөт?

© Фото / Pexels/ Polina TankilevitchИнтернет дүкөндүн сайтын карап жаткан адам. Архив
Интернет дүкөндүн сайтын карап жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Узаган жума соңунда Бишкекте өткөн Евразиялык экономикалык форумда интернет-соода тармагында бирдиктүү Евразиялык ассоциация түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюлду.
Ири интернет-соода аянтчаларынын өкүлдөрү бул каржылык тобокелдиктерди азайтып, товардын баасын төмөндөтүп, Биримдикке мүчө-өлкөлөр аймагында сатып алуучулардын укугун коргоого мүмкүндүк берет. Ушул туурасында кеңири кеп Sputnik агенттигинин материалында.

Биримдикке мүчө-өлкөлөр эмне сунуштоодо?

Келишим түзүлдү. Бирок алдыда мамлекеттер аралык жаңы түзүмдүн алкагында жалпы тутумга дал эмнелерди тууралоо керектигин ийне-жибине дейре талдап, талкуулоо милдети турат. Ушул боюнча Sputnik агенттигине россиялык интернет-соода багытындагы компанияларынын ассоциациясынын президенти Артем Соколов айтып берди. Анын айтымында, форумдун жүрүшүндө айтылган сунуштардын бирин Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлөрдүн баары колдогон.
"Кош салыкты жоюу абзел, – дейт Артем Соколов. – Азыр бир кошумча нарк салыгын эки ирет: адегенде товар жөнөтүлгөн мамлекет территориясында, кийин аны кабыл алган өлкөдө төлөйбүз. Бул абдан натуура нерсе, муну өзгөртүү зарыл. Анын айынан сатып алуучу жөн жерден товарга өз наркынан 20 пайыздай кымбат алат. Бул эч кимге пайдасыз".
ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн интернет-соода боюнча улуттук ассоциациялардын өкүлдөрү кош салыктан баш тартуу менен соңку керектөөчү үчүн товардын баасы арзандай турганын белгилешет. Ошондой эле буга Россияда параллелдик импортту мыйзамдаштыруунун эсебинен товар айлантууну жогорулатуу менен да жетишүүгө болот. Мындай көз карашын форумдун жүрүшүндө РФтин Соода-өнөр жай министрлигинин ички сооданы өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Сергей Лобанов ортого салды.
Жөнгө салууну талап кылган дагы бир маанилүү багыт катары Артем Соколов Биримдиктин аймагында айрым товарларды, атап айтканда алкоголь, дары-дармек, зер буюмдары, биологиялык активдүү кошулмаларды жеткирүүнү атайт.
"Ушул тапта бул товарлар өлкөлөрдүн баарында эле сатыла бербейт. Маселен, Россияга Армениядан жакшы коньякка интернет аркылуу буюртма бере албайсың. Ал эми Кыргызстанда алкоголду үйгө чейин жеткирип беришет. Бир катар чектөөлөрдү алып, мисалы, кымбат баалуу зер буюмдарын, сапаттуу алкоголду Биримдиктин ичинде интернет аркылуу сатууга уруксат берүүнү сунуштадык", - деп түшүндүрөт ал.
Казакстандагы интернет-бизнес жана мобилдик коммерция ассоциациясынын президенти Константин Горожанкин дагы бир демилгени көтөрдү. Ал Биримдиктин алкагында интернет-соода аянтчаларына "Мир" банк карталары аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн киргизүүгө чакырды. Айтымында, бул "башка төлөм тутумдары аркылуу төлөп, колдон чыгып кеткен кардарларды кайтарууга" көмөкчү болот.
Ал эми керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча, маселен, ар кыл өлкөлөрдө жана ар кандай интернет-соода аянтчаларында товарды кайтаруу же алмаштыруу эрежелери бири-бирине дал келбейт. Ошондой эле жеткирүү мөөнөтү да ар республикада ар башкача.
Евразиялык ассоциациянын алкагында сатуучулар милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон бирдиктүү стандарттарды киргизүүнү сунушташты. Эгер кардарлардан арыз, дооматтар түшсө, андайга жол берген сатуучулар үчүн айып пул санкцияларын салуу механизмдерин иштеп чыгуу да пландалууда.
Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.05.2022
Радио
Өмүрбекова: ЕАЭБдин бирдиктүү пенсия системасы иштей баштады

Өзгөрүүлөр качан күтүлөт?

"Тышкы электрондук соода көлөмү түшкөн чакта ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жалпы стандарттардагы электрондук соода бирикмеси Биримдик ичинде товар айлантууну мындан ары да жогорулатууга өбөлгө болору бышык", - деп эсептейт Артем Соколов.
Евразиялык жаңы ассоциациянын иши өлкөлөр ортосунда ченемдик-укуктук документтерди даярдоо жана макулдашуу мөөнөтүнө жараша башталат. Бирок РФтеги интернет-соода багытындагы компаниялардын ассоциациясынын президенти бул процесс көпкө созулбастыгын, анткени принципиалдуу чечимдердин баары мамлекеттер деңгээлинде эбак кабыл алынганын белгилейт.
Күзгө жакын ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү интернет-дүкөндөр сооданы башкача форматта жүргүзүп калары ажеп эмес.

ЕАЭБдин электрондук соода рыногу улам өсүүдө…

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына таянсак, акыркы жылдары Биримдик ичиндеги электрондук соода туруктуу өсүштү көрсөтүүдө. Эгер 2020-жылы өлкөлөр арасындагы товар айлантуунун көлөмү 502 млн. доллардын тегерегинде болсо, былтыр бул көрсөткүч 781 миллион долларга өстү.
Ушундан улам эксперттер Союз ичинде жалпы рынокту жөнгө салуунун реалдуу зарылдыгы келип чыкты деп эсептешет. Былтыр электрондук бизнес-түзүмдөрүнүн өкүлдөрү Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн аймагында соода жүргүзүүнүн бирдиктүү эрежелерин иштеп чыгууну сунушташкан. Бул сунуш да мамлекеттик деңгээлде колдоого татыды.
Форумдун талкуу аянтчаларынын бириндеги сессияда: "Былтыр күздө Биримдикке мүчө-өлкөлөрдүн өкмөт башчылары электрондук сооданын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу боюнча жол картасын бекитишкен. Бул өз кезегинде профилдик эл аралык келишимдин долбоорун иштеп чыгууну талап кылат", - деди Евразиялык экономикалык комиссиянын соода боюнча министри Андрей Слепнев. Келечекке карай ушундай аракеттер дагы улана бермекчи, себеби бул багытта иштердин чети да оюла элек.
Супермаркетте кызылчаны таразалап жаткан кардар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2022
Путин: ЕАЭБ азык-түлүк боюнча өзүнүн керектөөсүн толугу менен жаба алат
Жаңылыктар түрмөгү
0