Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеталиев: маданият саясаттан, тескери көз караштардан алыс болушу керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКинорежиссёр, оператор жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев
Кинорежиссёр, оператор жана Кыргыз-Түрк Манас университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2022
Жазылуу
Кинорежиссёр, оператор жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн ага окутуучусу Стамбулбек Мамбеталиев кино маданиятты алдыга жылдыра турган чоң идеологиялык күч экенин айтты.
26-27-майда Бишкекте өткөн I Евразиялык экономикалык форумдун алкагында маданият тармагындагы маселелер да каралды. Россиянын кинематографисттер союзунун башчысы, кинорежиссёр Никита Михалков менен биргеликте Кинематография департаментинин, кыргыз киносунун өкүлдөрүнүн катышуусунда сүйлөшүүлөр жүрдү. Форумда Михалков Евразия киноакадемиясы менен киносыйлыгын негиздөөнү сунуштады. Бул тууралуу Стамбулбек Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Мамбеталиев: маданият саясаттан, тескери көз караштардан алыс болушу керек
Анын айтымында, маданият саясаттан, тескери көз караштардан алыс болушу керек.
"СССР мезгилинен берки кино тарыхына кайрыла турган болсок РФ Оскар сыйлыгына алты жолу гана татыган (ошол эле Никита Михалков 1992-жылы алган). Американын киноиндустриясы негизделип, күч топтогондон кийин дүйнө жүзүндөгү ар бир мамлекет тарткан фильмин Голливуддун кинозалдарында көрсөтүп келишкен. Жылдан жылга чоң державалардын ортосунда кааласак да, каалабасак да чоң тирешүүлөр, атаандаштык пайда болду. Союз учурунда жана кийин деле "Оскар" киносыйлыгынын жюрилери саясий көз караштарга жараша кинолорду сындап, сыйлык берип келгени белгилүү. Негизги сыйлыктарды Европа мамлекеттери ээлеп, мурда союздун курамына кирген мамлекеттердин тасмалары финалга чыга албай келет. Албетте, биздин эмгектердин тартылышы, техникалык жагынан алганда кемчиликтер бар экенин моюнга алышыбыз керек. А бирок акыркы учурларда "Оскар" сыйлыгын алган тасмаларда адамзатына баалуулук тартуулай турган, жалпы маданиятка салым кошо турган деле маани камтылбай калды. Маданият саясаттан, тескери көз караштардан алыс болушу керек. Биз канча аракет кылбайлы океандын ары жагына барганда саясий көз караштардан улам андан ары жыла албай келгенбиз. Андыктан кинорежиссёр Никита Сергеевич Михалковдун бир эле батышты карап отура бербей, Евразия чөлкөмүндө "Оскар" сыйлыгы менен теңтайлаша турган альтернативдүү кино сыйлык негиздөө боюнча идеясы абдан жакшы сунуш. Бул сунушту киргизип жатып Михалков, Америка эркек менен эркек, аял менен аялдын же адамдын жаныбарга, кайсы бир буюмга үйлөнүүсү баалуулук деп эсептеп калганын жүйөө келтирди. Азыр эми мурдагыдай бул көрүнүштөр тууралуу жаңылыктарга таң калбай, өөн учурабай калды. Биздин коомго да кирип келе жатат. Бул маданияттын өнүгүшү эмес, деградация. Улутту, адамдардын баалуулуктарын тебелеп жок кылуу. Бул жагынан алганда сөзсүз түрдө Евразия киноакадемиясы түзүлүп, "Бриллиант көпөлөк" киносыйлыгы өткөрүлүшү керек. Аталган киносыйлык кичи жана чоң мамлекеттердин үрп-адатын, өз баалуулуктарын сактап калууга шарт түзөт", — деди Мамбеталиев.
Ал буга чейин 1958-1988-жылдары Оскар сыйлыгы өңдүү элдик чыгармачылыктын Бүткүл союздук фестивалы уюштурулуп келгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0