Мигранттарга 8 пайыздык ипотека берилет. Акча алуунун жол-жобосу

© Sputnik / Алексей МайшевТурак жай үйдүн курулушу. Архив
Турак жай үйдүн курулушу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Жазылуу
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" турак жай-сактык туунду компаниясы Кыргызстандын жарандарына иштеген жери, статусуна карабай 8 пайыз менен ипотека бере баштады. Мындай шарт алгачкы жолу мигранттарга да түзүлдү.
Жеңилдетилген ипотеканы кантип алса болот, кандай документтер талап кылынат, кезекти канча күтүү керек? Көпчүлүктү ойлонткон ушул жана башка суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп алды. Анын жол-жобосун "Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын жетекчиси Айзада Усупова түшүндүрүп берди.
— Кыргызстанда жеңилдетилген ипотека мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иштегендерге гана берилип келгенин билебиз. Ал эми сиздердин компания каалоочулардын баарына шарт түзүп берип жатыптыр, анын ичинде алыста жүргөн мекендештер дагы бар экен.
— Ооба. Элде "эмне болгон компания" деген суроо жаралбаш үчүн алгач биздин компания тууралуу азыноолок айтып кетейин. "Ак-Босого" — Мамлекеттик ипотекалык компаниянын туунду компаниясы. 2020-жылы Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн. 8 пайыздык ипотека Кыргызстандын бардык жарандарына берилет. Анын ичинде мигранттар дагы бар. Мекендештер чет жакка көбүнчө үй алалы, там салалы деп акча чогултуу үчүн кетет. Ошол себептен аларга арналган программалар иштелип жатат. Жакында эле Москвада Кыргыз диаспора кеңеши уюштурган кыргыз курулуш компанияларынын жарманкесине барып катышып, мекендештерге биздеги жеңилдиктер тууралуу айтып бердик. Кээ бири менен келишим түзүүгө жетиштик.
— Жеңилдетилген ипотеканын жол-жобосун жакшылап түшүндүрүп бересизби? Билишимче, кардар алгач акча топтошу керек.
— Негизи бул Кыргызстан үчүн жаңы система. Анын өзгөчөлүгү жеңилдетилген ипотека алам деген киши алдын ала акча топтошу шарт. Алгач кардар турак жайды сатып аларын же саларын аныктап, аны ишке ашырууга канча каражат керектелерин билип алышы керек. Ошол каражат үйдүн акчасы болот. Анан турак жай аманатын ачуу жана аманатты ачып, насыя алуу боюнча келишим түзүлөт. Келишим боюнча кардар үй салчу же алчу акчанын жарымын, башкача айтканда, 50 пайызын 36 айда өзү чогултат. Ал сумманы топтогон соң каражаттын 50 пайызын биздин компания 8 пайыз менен ипотека берет. Мисалы, турак жай 2 миллион 600 миң сом турса, жаран 1 миллион 300 миңин депозит ачып өзү чогултат. Акча топтоо мөөнөтү 36 ай же үч жыл. Аны топтогон соң 8 пайыздык насыя кардарга 10 жылга берилет. Ошондо 1 миллион 300 миңди 10 жылга бөлсөк, ай сайын болжол менен 15 800 сомдон төлөп калат.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын жетекчиси Айзада Усупова: жеңилдетилген ипотека алам деген киши алдын ала акча топтошу шарт
И.О. председателя правления ОАО ЖСКК Ак-Босого Айзаада Усупова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
"Ак-Босого" турак жай-сактык, кредиттик компаниясынын жетекчиси Айзада Усупова: жеңилдетилген ипотека алам деген киши алдын ала акча топтошу шарт
Чет жерде иштеп жүргөн мекендештер арасында таптакыр үйү жоктор каражаттын 30 пайызын гана чогултуп, андан соң 8 пайыздык ипотеканы ала алат. Мындай учурда Мамлекеттик ипотекалык компания жардам берет. 30 пайызын кардар өзү чогултса, 30 пайызын "Ак-Босого" компаниясы берсе, калган 40 пайызын МИК каржылайт. Бул боюнча иштер учурда жасалып жатат. Буюрса, күзүндө ишке ашып калат.
— Эгер кардардын үй алчу акчасынын жарымы азыр даяр болсо, анда 8 пайыздык ипотеканы дароо бере бересиздерби?
— Жок. Себеби бул жерде минималдуу топтоо мөөнөтү бар. Эгер жарым акчасы барларга бере берсек, анда 8 пайыздык ипотеканы жалаң акчалуулар алып кетип, башкалар калып калат. Ошол себептен карапайым элдин, мигранттардын жашоо шартын эске алып минималдуу топтоо мөөнөтү киргизилген. Акчасы барлар каражатын салып коюп жок дегенде 1-2 жыл күтүп турушу керек. Бизге түшкөн депозиттерге компания 3 пайыздан сый акы төлөйт. Эгер кардар үй алып же салууга ала турчу ипотеканын жарымын бир жылдын ичинде чогултуп койсо, анда ага ипотека 8 пайыз менен эмес, 10-12 пайыз менен берилип калат. Бул деле көп эмес. Үч жылга чейин ипотеканы 10 же 12 пайыз менен төлөп турат дагы үч жылдан кийин 8 пайыз менен төлөп калат.
Жаңы үйдөгү батирди үй-бүлө карап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.05.2021
Ипотеканы 4% менен 25 жылга кантип алуу керек. МИК жол-жобосун түшүндүрдү
— Кандай талаптар бар?
— Турак жай депозитин ачып, акча топтоп башташ үчүн паспорт гана керек. Ал мамлекеттик кызматта иштейби, ишкерби, 3-4 үйү барбы, чет жакта жашайбы, айырмасы жок, ипотека бардык каалоочуларга берилет. Анан Кыргызстандын жараны болушу шарт. Алгач кардар менен турак жай аманатын ачуу боюнча келишим түзүлөт. Ага ылайык, депозит ачкан адам келишимде көрсөтүлгөн сумманы чогулта баштайт. Маселен, 2 миллион сомго үй алууну кааласа, 1 миллионун үч жылдын ичинде топтошу керек.
Аны үч жылда чогултуш үчүн айына болжол менен 28 миң сомдон салып калат. Бирок ар бир эле үй-бүлө айына 28 миң сомдон чогулта албашы мүмкүн. Ошондуктан бизде минималдуу топтоо суммасы коюлган. Бул — 3 000 сом. Бирок 3 миң сомдон үч жыл ичинде үй алчу акчасынын жарымы топтолбойт. Бул минималдуу сумма.
— Ипотека алуу үчүн акча топтой баштаган адам шартына жараша салып турса болбойбу? Мисалы, жумушу токтоп же иштен чыгып калышы мүмкүн. Кээде иши жакшы жүрүшүп калат. Бул учурлар эске алынганбы?
— Келишим түзүлүп жаткан жаран минималдуу сумманы, айына канчадан салып турарын өзү айтат. Башкысы 3 жылда чогултканга аракет кылышы керек. Акчаны өзү үчүн топтойт. Бул насыя болбогондон кийин биз айына 28 миң сомдон салбасаң айып салабыз дей албайбыз. Болгону анын акча топтошуна жардам беребиз. Кардардын акча топтоо мүмкүнчүлүгүнө үч жыл ичинде көз жүгүртүп турабыз. Насыя берүү кезеги да ошого жараша болот.
© Sputnik / Жоомарт УраимовАйзада Усупова: чет жерде иштеп жүргөн мекендештер арасында таптакыр үйү жоктор каражаттын 30 пайызын гана чогултуп, андан соң 8 пайыздык ипотеканы ала алат
И.О. председателя правления ОАО ЖСКК Ак-Босого Айзаада Усупова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2022
Айзада Усупова: чет жерде иштеп жүргөн мекендештер арасында таптакыр үйү жоктор каражаттын 30 пайызын гана чогултуп, андан соң 8 пайыздык ипотеканы ала алат
Баса, жаран топтогон каражатын үч жылдан кийин сөзсүз эле үйгө эмес, башка максаттарына да жумшаса болот.
— Сыртта жүргөн мекендештер сиздер менен келишим түзүп, акча чогултабыз деп калса кайда кайрылса болот. Чет мамлекеттерде филиалдарыңар барбы?
— Өткөндө Москвага жарманкеге барганда Кыргыз диаспора кеңеши менен меморандум түзүп келдик. Алгач биздин программага кызыккан адам консультация алышы керек. Кошумча маалыматты akbosogo.kg сайтынан таба аласыздар. Ошондой эле 0509 29 21 21, 0550 29 21 21 Whats App номерлерине чалып же жазсаңар болот. Консультация алгандан кийин депозит ачууга даярмын десе документтерди диаспорага жиберебиз. Алар келишимге кол койдуруп, документти кайра бизге жиберет. Биринчи келишим түзгөндө акча берилбейт, болгону депозит ачылат. Андан кийинки жол-жобосун адистер түшүндүрүп беришет.
Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкаруучулугунун төрагасынын орун басары Амантур Өмүров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2022
Радио
Өмүров: "Керемет Банк" 8% менен 25 жылга чейин ипотекалык насыя берет
Жаңылыктар түрмөгү
0